Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Акмат Бакиев кармалды


Акмат Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрелинде тартылган сүрөт.
Акмат Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрелинде тартылган сүрөт.

ИИМдин уюшкан кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкармалагынын тобу 21-июлдун кечинде мурдагы президенттин бир тууган иниси Акмат Бакиевди Жалал-Абад шаарынын Жеңижок көчөсүндөгү күйөө баласынын үйүнөн кармады.

Акмат Бакиев колго түшүрүлгөнүн "Азаттыкка" ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, Акмат Бакиевди кармоо боюнча атайын операция учурунда анын жанынан "Байкал" тапанчасы 75 огу менен, бет каптар, жасалма чач, сакал-мурут табылган.
Акмат Бакиевдин жанынан табылган тапанча, бет кап, жасалма чач, сакал-муруттар.

Кармоо учурунда ал эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес. Алгачкы сурак учурунда Акмат Бакиев улуттар аралык жаңжалга катышы бардыгы тууралуу да көрсөтмөлөрдү бере баштады. Ошондой эле анын жашынып, качып жүргөнүнө катышы бар жарандар такталууда. Акмат Бакиев бүгүн Бишкекке алынып келээри кабарланууда.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Акмат Бакиев кармалган үйдүн ээси анын бир тууган күйөө баласы болуп чыкты. Мелис Турганбаев Акмат Бакиевди издеп атканда такташтырылган дагы бир үйдөн аны менен чогуу жашаган бир аял кармалганын, мындан сырткары ал үйдү текшерүү учурунда дагы эки жаран кармалып, азыр бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары ошондой эле күч органдары качып жүргөн бир тууган Бакиевдердин бардыгын кармаганга мүмкүнчүлүгү жетээрин жана азыр бул боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди.

Акмат Бакиев 30-апрелден бери издөөдө жүргөн. Ага укук коргоо органдары тарабынан массалык баш аламандык уюштурган, бийликти басып алууга аракет кылган, бейбаштык жасаган делген айыптар менен кылмыш иши козголгон болчу. Акмат Бакиев агасы Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда жергиликтүү коомчулукка "Жалал-Абад облусунун көмүскөдөгү губернатору" катары да таанылган.

XS
SM
MD
LG