Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Аксы окуясы: Аксылыктар Ак үйдүн убадасына ишенбей калды


Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында 2002-жылы болгон кандуу окуяны эскерүү митинги болуп өттү. Анда алты адамдын өмүрүн кыйган күнөлүүлөр табылбастан, элге ок аткандар менен ага курал колдонууга буйрук бергендер жаза албай жаткандыгына нааразылыктарын айтып, президент Бакиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Райондун акими Аскербек Алиев Кара-Жыгач айылында өткөн митингге уруксат берилбегендигин жана ал иш чара БЭКтин Аксыдагы өкүлдөрү тарабынан өткөрүлгөнүн билдирди. Аталган айылдагы нааразылык акциясына катышкандар окуянын чыныгы айыпкерлери табылбагандыгына нааразы болушту.

Жабырлануучулардын жактоочусу Сартбай Жайчыбековдун сүйлөгөнү боюнча бийлик башчылары элге берген убадаларын аткарышкан жок. Былтыр Кара-Жыгач айылында болгон элдик соттун чечимине көңүл бурулбады. "2002-жылы 17-мартта район борборуна бараткан элдин алдын тоскон милицияга төрт эмес, 21 автомат берилгендигин, ал куралдар тегиз текшерилген жок", - деп айтты Сартбай Жайчыбеков:

- Өздөрүнүн жооп бергилери келишпейт. Басканынан турганына чейин жалганчылар иштеп атат азыр бийликтин эң төмөнкү баскычынан эң жогорку баскычына чейин. Мен айткым келет, элдин алдына келип өзү айтсынчы деп Бакиевди алып келгенбиз, мына кара жыгачтын түбүндө турган, 3 айдын ичинде бүтүрүп берем деген ошондо. 3 ай эмес андан бери 3 жыл өтүп атат, бир нерсени жылдырган жок ордунан. 99 кылып алдады, мына бул жерде жарадарлар турат, өздөрү барып катышкан.

7 жыл мурун ушул күнү демонстранттардын арасында Сатымбай Үркүнбаев да каза болгон. Анын жубайы Бүбайша Үркүнбаева акыйкат чечим күтүп жүрүп, баласынын күйүтүнүн айынан кайынэнеси да көз жумгандыгын билдирди:

- Ар ким башына келмейинче билбейт. Мына балдарымды жетим калтырды, мени жесир калтырды. Кудайга тапшырабыз, андан башка эч нерсеге алыбыз жетпейт экен. Баардыгы эле кылабыз, аткарабыз, жоопко тартабыз дешет. Анын бири да аткарылган жок. Кайын энем али жашайт болчу, күчтүү болчу, балам- балам деп жүрүп Сатымбай да жок, анын артынан өтүп кетти.

Митингдин катышуучулары кыргыз эли менен президентке, өлкөдөгү баардык ММКлар менен бей өкмөт уюмдарына, чет өлкөлүк элчилерге кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда Аксы окуясы боюнча былтыр ушул айылда өткөн элдик соттун чечимдерин 25-мартка дейре аткаруу, БЭКтин мүчөлөрү менен алардын үй-бүлөсүн куугунтуктоолорду, бийликчил адамдарды элге каршы тукурууларды, өкмөттүк маалымат каражаттары бир жактуу билдирүүлөрдү токтотсун деген талаптар коюлду.

"Бириккен элдик кыймылдын демилгесин колдоп, жогорудагы айтылган талаптар аткарылбаса, биз аксылыктар 2009-жылдын 26-мартында баш бийликти алмаштырууга чыгабыз. Анда эмесе туурандар: «Бакиев кетсин!»,-деген үндөр жаңырды.

Райондук акимдин биринчи орун басары Ырысбек Изабеков Курманбек Бакиевдин кызматтан кетүүсүнө негиз жоктугун, Аксы окуясы боюнча күнөөлүү болгондор соттолгондугун билдирип, Аксыда жүрүп жаткан курулуштарды мисалга тартты:

- Урматтуу Курманбек Салиевич келген бийлик бүгүнкү күндө Аксы окуясы боюнча негизинен жыйынтык чыгарылып, бүт ММКлар аркылуу элге жеткирилген. Бүгүнкү күндө бийлик иштеп атат. Жергиликтүү бийлик деле эл менен чогуу иштеп, элдин бүгүнкү суроо талаптарына жооп берет. Өзүңүз деле угуп жүрсөңүз керек, былтыр райондун 80 жылдыгын өткөрдүк, ошондо бир топ чоң иштер болду, курулуштар болду, 80 жылдыкта 80 объекти бүтүрдүк. Бул чоң жетишкендик. Андан тышкары бүгүнкү күндө бийлик биздин Кош-Дөбө менен Кербен жолун, шаардын жолдорун асфальттап берди. Мындайча атканда бийлик бүгүнкү күндө өзүнүн ишин аябай жоопкерчилик менен аткарып жатат чынын айтканда.

С.Жайчыбеков: "Бийлик убадасын аткарган жок"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG