Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Ала-Бука - ички чек арабы?


Жалал-Абаддагы тополоңдон кийин Ала-Бука району ички чек арага айланган. Айыл тургундарынын айтымында, кээ бир кыштактардын жолуна шагыл төгүп, өткөн-кеткендерди катуу текшерип жатат. Бирок облустук жана райондук бийлик жетекчилери бул маалыматты четке кагышууда.

Ала-Буканын Кажар айлынын тургуну Маматказы Кутмановдун айтымында, сегиз күндөн бери Ала-Бука районунун кээ бир кыштактары айланасына шагыл төгүп, өткөндөрдү, унааларды катуу текшерүүгө алууда. Ал сегиз күндөн бери ушундай жагдайды жайгаруу үчүн жогору жактан бир да адам келбегенин белгилеп жатат. Маматказы Кутманов Жалал-Абадда 17-майда болгон окуяга чыныгы күнөөлүүлөрдү таап, элди тынчтандырууну өтүнөт:

- Ошондон бери же Жалал-Абаддан, же башка жагынан бирөө келбейт. Мен Ала-Буканын акимине жолугуп, жолдорду ачтыргыла десем макулдугун берген. Дагы деле ошол тейден турат. Өзбеги өзбек жакта, кыргызы кыргыз жакта өзүнчө бөлүп алган. Ак-Коргон, Кашкалак, Тейте деген жерде да шагыл төгүп тосуп алышыптыр. Ала-Буканын өзүнө бара турган жерди тосуп, өткөрбөй, өзбек-кыргыз чек арасындай кылып жатышат. Элге кыйын болуп атат.

Ала-Бука районунун акиминин биринчи орун басары Атантай Рыскулов Жалал-Абаддагы окуядан соң коомдук-коопсуздукту сактоо боюнча ушундай иш-чара көрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мындай тосмолор айрым жерлерде гана калып, сырттан келгендерди гана текшерүүдө.

- Сырттан келген кишилерди каттап, буйруктун негизинде анча-мынча унааларды органдын адамдары текшерүүгө алышууда. Айылдардын ичиндеги тосмолор алынган. Айрым жерлерде гана кошуундар кечкисин иштеп, кайтарууга алууда. Улуттар арасындагы мамиле өз ордуна келип жатат, абал тынчып калды. Бир гана Кажар деген айылда текшерүүдө, калганы ачык.

Ала-Бука райондук кеңештин төрагасы Абдыбакы Мадраимов мындай демилгени ар бир кыштактын тургуну өздөрү көтөргөнүн жана анда өзбек-кыргыз аралаш кайтарып жатканын кабарлады.

- Бул ар бир кыштакты коргоо үчүн гана жасалган иш. Он кыргыз болсо, он өзбек биригип жыйырма киши биргелешип эле коргоп жатат. Канча жылдан бери бирге турушат улуттар аралык араздашуу буга чейин такыр болгон эмес.

Ал эми Жалал-Абадда жалпысынан абал кандай? Бул тууралуу “Азаттыкка” облус жетекчиси Бектур Асанов маалымат берди. Анын айтымында, облуста абал тынч жана чагымчыл иш-аракеттердин саны кескин азайган.

- Жалал-Абадда абал тынч. Мектеп, дүкөн, бала бакчалар өз нугунда иштеп жатат. Жашоо өз нугуна түштү.

Жалал-Абадда 17-майдагы окуядан соң өзгөчө абал жарыяланып кечки саат ондон таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизилген. Маалыматка караганда бул 1-июнга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG