Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

А.Атыркулов: Өлкөнү президент башкарбай калды


Кара-Кулжада өткөн митингдин катышуучулары. 1-март, 2010-жыл
Кара-Кулжада өткөн митингдин катышуучулары. 1-март, 2010-жыл

Каракулжалыктар 2-март 2005-жылды Март ыңкылабы башталган күн деп санашат. Бул тууралуу 1-мартта район борборунда уюштурулган жыйында кабарланды. Бул жыйында революциялык комитет түзүлүп, анын жетекчилиги шайланды. Кара-Кулжадагы жаңы ревкомдун максат милдеттери тууралуу анын жаңы теңтөрагасы Алмамат Атыркулов “Азаттыкка” маек курду.

- Революциялык комитетти түзүүгө кандай жагдайлар түрткү болду?

Алмамат Атыркулов: Алайкуу зонасындагы тургундарга жардамдар, оокат-аш жетпей, бийликтегилер жөн эле маалыматты берип коюп атпайбы. Ошондон улам биз да чыктык. Биз аябай бук болдук эле, рахмат силерге.

- Бул жаратылышка, көчкүгө байланыштуу болдубу?

Алмамат Атыркулов: Көчкү болгондо деле мамлекетте чоң техникалар жок экен, сегиз техниканы берген экен, ал жерде үчөө эле иштеп атат.

- Эмне үчүн революциялык комитет деп түздүңүздөр?

Алмамат Атыркулов: Бүгүн бир эле адамдар ыңкылап комитеттерин түзүп, “дүжүр” болуп кетишти. Биз акырында жададык, акырында угар бекен деп чыктык. Биз ошол мезгилде көздөгөнүбүздү тапкан эмеспиз, азыр да таппайбыз.

- Сиздерди колдогон тараптан Кара-Кулжада көппү?

Алмамат Атыркулов: Кара-Кулжада көп. Бирок бийликтегилер пул бере коюп атат. Бук болгон адамдар аябай эле көп.

- Бул комитет кандай максатты көздөйт?

Алмамат Атыркулов: Бул комитет жакшы болууну, бир үй-бүлөгө кызмат кылбоону көздөйт. Мына “Түндүкэлектрону”, “Телекомду” сатты. Бул президенттин ишиби? Президент өзү башкарбай, кандайдыр бир кландар башкарып атат окшойт.

- Бизге жеткен маалыматтарга караганда ошол жыйында азыркы оппозициячыл саясатчы Дүйшөн Чотоновдун отчетун талап кылабыз деп айткан экенсиздер. Кандай зарылдык бар?

Алмамат Атыркулов: Дүйшөн Чотоновдун эмгеги бар. Мына Исмаил Исаковдой болуп бир ишти алып алганда Чотонов ар түрдүү нерсе менен камалат эле. Д.Чотонов жүрүп-жүрүп ушул нерсеге келип атат. Биз Д.Чотоновду көтөрөбүз.

- Мен тактагым келип атат, эмнеге революциялык комитет деп атадыңыздар?

Алмамат Атыркулов: Мына мен 15-мартта Курманбек Салиевич менен бирге отурганда ал шайлоону таза өткөрүүгө аракеттенем деди эле. Таза өткөрүү эмес, аябай жанды кейиткен нерсе менен өткөрүп атса анан биз революциялык комитет деп чыгып атабыз.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG