Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:17

А.Алымкулов: Жаңы министрликтин өзөгүн жаштар түзөт


Алиясбек Алымкулов "Азаттыктын" студиясында, 21-май.
Алиясбек Алымкулов "Азаттыктын" студиясында, 21-май.

Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаеванын 21-майдагы буйругу менен 7-апрелдеги окуяларга активдүү катышкан 39 жаштагы Алиясбек Алымкулов Жаштар иштери боюнча министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

7-апрель күнү башына бир эмес, эки ок тийип, аман калган Алиясбек Алымкулов “Азаттыкка” түптөлүп жаткан Жаштар министрлигинин келечек пландары тууралуу кеп салды.

- Жаштар министрлиги жаштар жаатында кандай иштерди алып барыш керек деп ойлойсуз?

- Тилекке каршы, мурда ар кандай чакан-чакан эле департаменттерге биригип келишкен эле. Эми, мойунга алышыбыз керек, жаштар каралбай калган. Жаштардын үнү бийлик төбөлдөрүнө жетчү эмес, кудай буйруса, атайын структура түзүлдү, бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болсо керек.

Жаштардын үнү министрлик аркылуу жетиш керек, аны менен чектелбестен жаштардын турмуштагы багытын, алардын ой-максаты ишке ашырылыш керек. Алардын көптөгөн максаттарын ишке ашырганга, мамлекеттик деңгээлде маселелерин чечип бергенге, жаштардын иш менен камсыз кылганга министрлик, кудай буйруса, чоң салым кошот деген ойдомун.
Канча деген улуу элдер кумга сиңген суудай жок болбодубу, биз эл болуп сакталып келе жатабыз.


- Буга чейин сиз башка массалык маалымат каражаттарына берген маегиңизде келечекте көз карандысыз саясатчы болууга дилгир экениңизди айткан экенсиз. Жаштар министрлиги бийликтин жетегинде калып калат деп кооптонбойсузбу?

- Жок, буйруса, бизде бардык нерсе ачык болот деп ойлоп атабыз. Кыргызстандын бүткүл аймактарында сынак жарыялайбыз, анын негизинде акыл-эси, билими, мүмкүнчүлүгү элге кызмат кыла тургандай деңгээлге жеткенин аныктайбыз.

Ошондо прогресивдүү көз караштагы мыкты жаштарды алып, туура команда түзүп, жалпы ишти алып барабыз го деген ой бар. Демек мындай болуп аткандан кийин кийинки жүргүзүлгөн иштерди да ачык алып баралы деген ой бар. Ар бир Кыргызстандын атуулу, жашы да, карысы да министрликтин ишин билип турушу керек.

Улуу муундун тажырыйбасы, жаштардын колдоосу

- Сиз бүгүн эле дайындалдыңыз да...

- Ооба, бүгүн эле уктум.

- Сиз жетектегени жаткан министрликтин курамы, структурасы кандай болот? Сизде маалымат барбы?

- Мурунку нерселерди кайталабай, туура акылдашып, туура уюштуралы деп атабыз. Биринчи күндөн баштап, акырын аракетибизди баштайбыз. Структураны түзгөндө да негизи эле жаштардын иштерин багыттуу алып барганга ылайыкташтырып түзөлү деп ойлоп атабыз. Айтылган нерсе сөз жүзүндө калбай, иш жүзүндө далилденип тургудай кылып иштеш керек болуп атат.

- “Жаштар, жаштар” деп атканыбыз менен Жаштар министрлигине улуу муундун өкүлдөрү тартылабы?

- Негизинен министрликтин өзөгүн жаштар түзөт, муну туура түшүнүш керек. Бирок сөзсүз түрдө орто муундун, улуу муундун да басып өткөн турмуштук тажырыйбасына биз таянабыз. Алар менен акыдашабыз анткени ошол адамдар биздин ата-энебиз. Алар бизди багып, чоңойтуп эң кыйын учурларда алып чыкты.
Кыргызстандын бүткүл аймактарында сынак жарыялайбыз, анын негизинде акыл-эси, билими, мүмкүнчүлүгү элге кызмат кыла тургандай деңгээлге жеткенин аныктайбыз.


Мисалы, 1941-1945-жылдардагы чоң ата, чоң апаларга ырахмат айтыш керекпи? Согушту жеңди, мамлекетти түптөдү. Андан кийин 50-жылдардан тартып, 50-60-жылдарга чейин мамлекеттин экономикасын негиздеп көтөрүп чыккан биздин ата энелерби? 1990-жылдагы эгемендүү мамлекет болгондо кандай кыйын учурларга дуушар болдук, ошондо азыркы жаштар жаңыдан төрөлүп аткан мезгил болсо керек, туурабы? Ошол жаштарды чоңойткон ата-эне жаман болуп, анан азыркы жаштар акылдуу болуп калбайт да.

Биз, албетте, улуу муунга, орто муунга ата-энелердин акылына турмуштук тажырыйбасына, басып өткөн жолуна, алардын алы-күчүнө таянышыбыз керек. Биз - жаштар - бутакпыз. Бутак бекем болуш үчүн тамыры менен өзөгү, сөңгөгү бекем болуш керек, анан бутак бекийт. Ошондуктан өткөнү жок, келечек жок, жаштар бир аз кызуу кандуулукка алдырбашыбыз керек, улуу муунга таяныш керек, аларды сыйлап, жасаган эмгегин баалаш керек. Ошолорго таянып, келечектүү жаңы турмуш багыттасак болот.

Жалган ураандар үчүн эмес...

- Апрель окуяларында сиз жаштар менен бирге жүрдүңүз. Эми Жаштар министрлиги да жаштар менен иш алып барганы жатат. Азыркы учурда кыргыз жаштарынын партиоттуулук духун кандай баалайт элеңиз? Биздин жаштар азыр кандай?

- Бизде, кыргызда, “уюткусуз эл болбойт” дейт. Кудайга шүгүр, учугубуз кем эмес экен. Тарыхта басып өткөн канча улуу инсандарыбыз болсо, ошолордун жолун жолдоп, мыкты, патриот, өз элин, жерин сүйгөн не бир мыкты эр азаматтарыбыз бар экен.
Бардыгын туура багыттап, кыйкырыкка эмес, жалган ураандарга эмес, кызыл кекиртек үчүн эмес, акылга салып, жалпы Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн акылга таянып иш кылганыбыз туура го деп ойлойм.


Тилекке каршы, сексенден ашуун эр азаматтарыбыз каза болуп кетти. Алардын арбактары ыраазы болуш үчүн биз жакшы иштешибиз керек. Мен өзүм деле жашмын. Албетте жаштардын жүрөгү жалындап, ата-бабалардын көчмөндүк руху, духу бар экен. Азиянын талааларында ат ойнотуп, канча бир мамлекеттин тагдырын чечип келбедикпи. Канча деген улуу элдер кумга сиңген суудай жок болбодубу, биз эл болуп сакталып келе жатабыз. Сакталып эле калбастан өнүгүп өскөн, күчтүү мамлекетке айланып, кийинки келечек муундарга татыктуу мамлекетти калтырып кетишибиз керек.

Бизге ата-бабалар көздүн карегиндей сактап, ушул мамлекетти, кыргыз тилин калтырбадыбы. Демек биз ошолордун жолун жолдоп, келечек муундарга да ошондой жакшы нерселерди калтырууга аркет кылышыбыз керек. Анткени туура түшүнүшүбүз керек, бүгүнкү жаштар эртең алар да карыйт, алар да ата-эне болот, чоң ата, чоң апа болот. Убакыт турбайт экен, убакыт деген учкан куштай эле зымырап өтүп атат. Бардыгын туура багыттап, кыйкырыкка эмес, жалган ураандарга эмес, кызыл кекиртек үчүн эмес, акылга салып, жалпы Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн акылга таянып иш кылганыбыз туура го деп ойлойм.

- Маегиңизге рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Элдик ыңкылаптын баатыры Алияс Алымкулов

7-апрелдеги Элдик ыңкылап маалында Алияс Алымкуловдун башына ок тийип, аман калган. Азыркынын баатыры, куралсыз топтун лидери, кесиби боюнча тарых мугалими Алияс мырза ошол тарыхый күндү эскерип, "Азаттыкка" маек курду. KJ. 24.4.2010.

Элдик ыңкылаптын баатыры Алияс Алымкулов
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00
XS
SM
MD
LG