Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Бактияр Амиражановдуку деп табылган сөөктү текшерип жатышат


Бактияр Амиражановдн апасы жоголгон уулун таап берүү өтүнүчү менен Президент К. Бакиевге ыйлап кайрылган болчу.
Бактияр Амиражановдн апасы жоголгон уулун таап берүү өтүнүчү менен Президент К. Бакиевге ыйлап кайрылган болчу.

Дайынсыз жоголгон ишкер Бактыяр Амиражановдуку болушу ыктымал адам сөөгү табылгандыгы жөнүндө кабар тарады. Ички иштер министри М. Конгантиев бул сөөк жоголгон ишкердики экени ДНК текшерилгенден кийин гана так аныкталарын билдирди.

12-июлда Улуттук телерадио компаниясы былтыр 24-сентябрдан бери дайынсыз жоголгон ишкер Бактыяр Амиражановдун сөөгү табылгандыгын болжолдоп, маалымат тараткан.

Маалыматка караганда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу деп болжолдонуп аткан кишинин сөөгү Чоң-Кемин районунун Капчыгай аймагында көмүлгөн жерден табылган.

Ишкердин жоголушуна тиешеси бар деп шектелип, 10-июль күнү кармалган Улан Кожоев Б. Амиражановду өлтүрүп коюшкандыгын мойнуна алып, көрсөтмө берген. Көп өтпөй ал Б. Амиражановду качан, кантип, кайсы жерде, кимдер менен өлтүргөнүн айтып берген.

Ал ишкерди өз автоунаасына күч менен салып кеткен жерден тартып, анын өлүгүн көөмп койгон чуңкурга чейин жаңылбай көрсөтүп берген. Көрсөтүлгөн жерден кишинин эскирип кеткен сөөктөрү табылган, айрым дене мүчөлөрү жок болуп чыккан.

13-июлда ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бул окуяга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп, бул сөөк Амиражановдуку экени ДНК текшерилгенден кийин гана так аныкталарын билдирди.

- Табылган сөөктөр соттук-медициналык, генетикалык, биологиялык жана башка керектүү экспертизаларга жиберилди. Бул сөөк Б. Амиражановго таандык деп айтууга азыр эрте, баардыгы экспертизалардын жыйынтыгынан кийин, өзгөчө кандык-генетикалык экспертизанын жыйынтыгынан кийин аныкталат,- деди ички иштер министри.

Министрдин айтымында, кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Кожоевдин көрсөтмөсүнө караганда, Б. Амиражановду Рысбек Акматбаевдин бандасындагы төрт киши: Жумабек Зикирбаев, Абдумалик Жумабаев, Каныбек Жуманазаров жана Улан Кожоев башына атып өлтүрүп, көөмп салышкан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражанов былтыр 24-сентябрда “Лексус RX 300” автоунаасын айдап чыгып, баласын балдар бакчасына жеткиргенден кийин дарексиз жоголгон.

ИИМ жетекчиси М.Конгантиев ишкер Бактыяр Амиражановдун өзү кылмыш чөйрөсүнө тиешеси жоктугун, бул иш саясатка байланыштуу эместигин жана кылмышкерлер андан акча өндүрүү максатын көздөгөнүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбеков милиция уулу Бактыярды издөө иштеринин начар жүргөндүгүнө нааразы болуп, өлкө башчысына чейин кайрылган.

Бирок милиция жетекчиси Бактияр Амиражановду издөөдө миңдеген кызматкерлер иштеп, далай жерди издешкенин, көп операция жүргүзүлгөнүн айтып, далилдерди келтирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовдун пикиринде табылган сөөк кимге таандык экени далилденмейин бир жактуу сөз айтуу эрте.

-Табылган сөөк кимдики экенин экспертизадан өткөрүлүп, далилденмейин Бактиярдыкы деп айтыш али эрте. Эгерде аныталгандан кийин гана бул тууралуу өз пикирибизди билдиребиз. Бирок милиция кылмыштардын бетин ачуу менен алектенбей саясатка аралашып кетти. Генералдар көп, бирок коопсуздук жок- деди Бакыт Бешимов.

Былтыркы 24-сентябрдан бери дайынсыз жок болгон ишкер Бахтияр Амиражановдун Лексус RX-300 үлгүсүндөгү автоунаасы ал жоголгондон туура бир ай өткөндөн кийин Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунан табылган. Бирок ишкердин автоунаасын экспертиздан өткөрүү учурунда шектүү эч нерсе аныкталган эмес.

Бактиярдын атасы Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Жусупжан Жээнбеков сөөк табылган жерге барып, милиция менен кошо иликтөө иштерине катышканы жөнүндө маалымат бар.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG