Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

“Эл өз баатырларын унутпайт”


Чоң-Таш айылындагы “Ата-Бейит” тарыхый мемиоралдык комплексинде 7-8-апрелдеги окуяларда окко учкандарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 16 адамдын сөөгү “Ата-Бейит” көрүстөнүнө коюлду. Алардын көпчүлүгү 23-28 жаш курагындагы жаштар.

7-апрелде өткөн нааразылык акцияда курман болгондордун катарында Алмаз Кудайбергенов да бар эле. Ал Өкмөт үйү тараптан атылган октон көз жумган. Иниси Бакыт Кудайбергенов бир тууган агасын жоктоп турду:

- Бүгүн акыркы сапарга байкемди узатып жатам. Таянган тоомдон ажырап томсоруп турам. Кандуу окуяда каза болгон баатырлардын туугандарына көңүл айтам. Алар өзүнүн өмүрү менен бийликти элге алып беришти. Бийлик элдин колунда болушу керек. Ак үйдүн алдында агам өлөөр алдында “Качпагыла кыргыздар! Кайткыла” деп акыркы сөзүн айтып, көзү жумулуп кетти.

Нааразылык акциясына чыгып каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыяратына 10 миңге жакын адамдар катышты. Жерге берилгени турган табыптардын үстүндө өлкө желеги жабылып, тегерегинде көзүнүн жашын төгүп ыйлаган туугандары жана кайгысын тең бөлүшкөн мекендештери турушту.

Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү күнөөлүү адамдар жазасын алат деп билдиришти. Ал эми тууганын же мекендешин, жакын адамын жоготкондор ичи ачышып, кабыргасы кайышып, жүздөрү муңайат. Алардын катарында студент Жоомарт да бар. Ал жакын досу, 20 жаштагы Замир уулу Рустамды акыркы сапарга узатууга келген:

- Менин досум 7-апрелде каза болуп калды. Өкмөт үйү тараптан атылган ок жүрөгүнө тийип, ошол жерден каза болуп калды. Ал эч кимге жамандыгы жок, ак көңүл, патриот жигит болчу. “Кыргыз элим, кыргыз жерим” деп жүрүп көзү өтүп кетти.


Жерге берүү зыяратынын этегинде өлкө гимни ойноп, каза болгондордун элесине мылтык октору асманга атылды.

24 жаштагы Айбек Мааткеримов Кыргызстандын келечеги үчүн жанын берген жаштарга таазим эткени келген. “Алар - элдин баатырлары” дейт Айбек өз сөзүндө:

- Элибиздин ичи кайышып турган кез. Аябай оор күн башыбызга келип турат. Бул окуяны башты көтөрүү менен кабыл алалы. Аларга таазим кылып, куран окуп, жакындарына көнүл айталы. Алардын элеси кыргыз элине дем берип турат. Жаш адамдардын кырчындай өмүрү кыйылып кеткени эң өкүнүчтүү. Бул баатырлар эч качан унутулбайт.

“Ата-Бейит” тарыхый комплекси муңканган кошокко жана куран сүрөөлөрүнө жаңырып турду. Ошондой эле 9-10-апрель Кыргызстан боюнча аза күтүү күнү деп жарыяланды. Ага ылайык сыналгы каналдарда музыкалык программалар алынып, борбордук аянттагы туу түшүрүлдү.

Окко учкандар "Ата-Бейиттен" жай тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00
XS
SM
MD
LG