Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

А. Атамбаев элди концертке чакырды


БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев БШКга сүр көрсөтүү үчүн элди кечки концертке жыйналууга чакырды.

Алмазбек Атамбаев Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүнүн кесилишиндеги №5 кесиптик окуу жайында жайгашкан №1210 шайлоо участогунда саат 12 ге жакын добуш берди.

Ал добуш бергенден кийин шайлоо ыплас өтүп жатканын билдирди:

-Шайлоо абдан ыплас өтүп атат көрүп атасыздар. Бул бийликтин өзүнө-өзү ишенбестиги бул бийлик уттураарын билип ушундай оюнга кетип атат да. Анткени бул бийлик албетте уттурат, бирок элибиз добушун сактап кала алабы же жокпу аны көрөбүз. Эми биз элге бүгүн кечки саат сегиз жарымда бир концерт уюштуруп атабыз, ар кайсы жактан тополоң чыкпасын деп, партиянын штабынын алдында. Экинчи концерт саат ондо Горький паркында болот, элге айталы деп атабыз тынчтык жол менен жөн эле сүр көрсөтүп эл турса ошондо деле ЦИК ойлонот да добуш санап атканда. Бишкекте карусел дегени кетти, өлгөн житкендин баарын кошуп коюптур. Биз бир үйдөн эле мисалы эки подьезден капкачан өтүп кетип калган сегиз адамды таптык.

Шайлоочулардын нааразылык толкунун токтотуу максатында бүгүн кечинде Социал-демократия партиясынын штабынын жанында жана Максим Горький эстелиги турган паркта концерттер уюштурула турганын Алмазбек Атамбаев кошумчалады.

Ошондой эле журналисттер менен жолугушууда Алмазбек Атамбаев эгерде президент болуп шайланып калса, анда үй-бүлөөлүк башкарууну жоюп, коррупция менен күрөшүп, таза айкын, элдик көзөмөлдөгү башкаруу системасын түзөөрүн билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG