Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

БЭКтин курултайы жана ураандары


Бириккен оппозициянын президенттик кызматка бирдиктүү талапкери - Алмазбек Атамбаев
Бириккен оппозициянын президенттик кызматка бирдиктүү талапкери - Алмазбек Атамбаев

Бириккен элдик кыймыл ишемби күнү 25-апрелде Аламүдүн районундагы Арашан айылында курултай өткөргөн жатат. Анда президенттик шайлоого СДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин бекитүү жана БЭКтин алдыдагы иш чараларына байланыштуу маселе каралмакчы.

Бириккен оппозициянын өкүлдөрү Анвар Артыков, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жана Эркин Булекбаев.
Маалыматтарга караганда курултайга ар бир облустан алтымыштан делегат чакырылууда. Анда БЭКтин 27-марттагы талаптарына бийликтин жообу, өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, президенттикке БЭКтин атынан бирдиктүү талапкерди көрсөтүү, алдыдагы президенттик шайлоо боюнча маселелер көтөрүлмөкчү.

- Негизинен 20-апрелге чейин биз бийликке бир катар талаптарды коюуп, таза шайлоо өткөрүү боюнча президентке мүмкүнчүлүк бергенбиз. Ошол талаптарды аткар деп. Бирок президент бизге 19-апрелде жооп берди, ал талаптарды аткарбайм дегендей кылып,- деди "Азаттыкка" Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаров.

Бекназаровдун айтымында, курултайда элге президенттин жообун тааныштырып, "Бакиевдерсиз шайлоо" деген ураан алдында мөөнөтсүз каршылык акцияларын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Курултайды уюштуруу боюнча штаб башчысы «Ата Мекен» партиясынын төрагасынын орун басары Болот Шерниязов курултай өткөрүлүүчү жер элге ылайыкташтырылып, делегаттарга маданий программаларды тартуулоо боюнча даярдыктар көрүлүп жатканын билдирди.

Экс-депутат Бегиш Ааматов оппозиция өткөрө турган курултайдан эч бир майнап чыкпастыгын, буга чейинки өткөрүлгөн курултайдын чечимдерине бийлик тараптан маани берилбей, «кагаз бетинде» жазылган бойдон калып, оппозициянын аракети суу кечпей калганын билдирди.

-Курултайлардан эмне чыкты. Эч нерсе жок. Өздөрүнө эле көргөзүмүш болушат. Булар бардыгы тең элден чыгып бүтүштү. Азыркы оппозицияны эч ким сыйлабайт. Булардын талапкерин эл шайлабайт. А шайлообуз баягы эле эски «музыка» менен өтөт.

Бегиш Ааматов белгилегендей, 1993-жылдагы Конституцияга кайрылып келмейинче өлкөдө мыйзамсыздык өкүм сүрүп, мурдагы бийликтин кетирген каталарын кийнки бийлик кайталай берет.

-Булар (оппозиция авт.) ушул кылган иши менен азыркы бийликти колдоочулар. Дайым колдоп келатышат. Баягы «Ак жол» өткөн парламенттик шайлоодо дагы катышышып, мыйзамдуу деп таанып беришти. Андан мурун референдумга барып катышып, бүллетен салып атышып аны дагы мыйзамдуу деп беришти. Мына бийликти тилдешет. Түштөн кийин барып бийлик менен бир сыйрадан саламдашып келишет, -деди Ааматов.

Айрым саясат таануучулардын көз карашында кечээ эле бийликти катуу сындап, башкаруу системасын өзгөртүүнү талап кылып келишкен оппозициянын катарындагы Алмаз Атамбаев мамлекеттик жогорку кызматта иштеп келсе, Өмүрбек Бабанов, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Субаналиев, Замирбек Эсенаманов, Накен Касиев кызмат берилгенден кийин «ак үйдүн» камчысын чаап калышты. Бир ай мурда демократиялык укуктук мамлекет, эл үчүн деп «көкүрөгүн койгулап» жүргөн Турсунбай Бакир уулу Малайзияга элчи болуп «өз үлүшүн» алып ыраазы болгонун, кыргыз оппозициясынын туруктуу позициясы жоктугун белгилешүүдө.

БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиев болсо курултайда эл «Бакиевдерсиз шайлоо» өткөрүү демилгесин колдосо, 20-майдан кийин мөөнөтсүз саясий акциялар башталарын билдирди. Анын айтымында, жер-жерлердеги карапайым калктын көпчүлүгү азыркы бийликке «нааразы болмок түгүл кыжырданып, наалат айтышууда».

27-мартта БЭК Бишкектеги М.Горькийдин эстелигинин жанында жана өлкө аймагында митинг өткөрүп резолюция кабыл алган. Анда оппозициянын мүчөлөрүнө саясий куугунтукту, аларга козголгон кылмыш иштерин токтотуу, БШКнын, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын 50 пайызын БЭК сунуштаган талапкерлерден түзүү, башкы прокурорду, ИИМ, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасын, коргоо министрин, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысын, Салык полициясынын жетекчисин БЭК сунуштаган адамдардан дайындоо талабы коюлган. Бул талаптарды 20-апрелге чейин президент Курманбек Бакиев аткарууга барса оппозиция бийлик менен диалогго баруу ниетин билдиришкен.

17-апрелде президенттин катчылыгы оппозициянын 27-мартта койгон талаптарына жооп берип, БЭКтин айрым талаптары мыйзамсыз, кээ бир учурда Конституцияга карама-каршы келип, башка жарандардын укугун басмырлаган жана мурда жасалган кылмыш иштери үчүн жоопкерчиликтен бошотуу талаптарын камтыйт деп билдирген.

Ошондой эле оппозициянын айрым талаптары демократиянын талаптары менен үндөш, бирок алар президенттин “Жаңылануу багытынын" алкагында ишке ашырыла баштады деп, жалпысынан БЭК койгон талаптарды ишке ашыруу мүмкүн эмес деген жообун берген.

XS
SM
MD
LG