Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:21

Кыргыз авиакомпаниялары быйыл "кара тизмеден" чыгууга үмүттөнөт


Унаа жана байланыш министрлиги “кара тизмеге” кирип калууга себеп болгон кемчиликтердин дээрлик бардыгы жоюлганын билдирүүдө. Эми Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер ушул айда Кыргызстанга келип, авиакомпаниялардын абалына баа бериши керек.

Кыргызстандын “кара тизмеде” калгандыгы Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө айрым мамлекеттердин учактарын киргизбөө, кондурбоо тууралуу уюмдун жаңыланган документинде айтылган. ЖК депутаты, “Эсен эйр” аба компаниясынын ээси Бегалы Наргозуевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Евробиримдиктин “кара тизмесине” Кыргызстандын жалпы жарандык авиация департаменти, бардык аба компаниялары кирген.

- Баарынан кызыгы, былтыр “кара тизмеге” Албания дагы кирген. Аны тизмеден карасам быйыл жок. Себеби, Албания менен Кыргызстан гана бүтүндөй авиакомпаниялары менен кирген. Жанагы 27 мамлекеттердин ичинен бирден-экиден авиакомпаниялары киргендери бар. Эң көбүнүкү беш-алтоо. Ал эми биздин айрымачылыгыбыз бүтүндөй Жарандык авиация департаменти, бардык авиакомпаниялар “кара тизмеге” кирип жатат.

Депутаттын айтымында, бул маселе былтыр парламентте көтөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитети өзүнүн токтомун өкмөткө, жарандык авиация департаментине, транспорт министрлигине жөнөткөн. Бирок алар “маселе чечилет” деген убада менен гана келе жатат:

- Еврокомиссиясынын тизмеси жаңырган сайын биздин унаа жана байланыш министрлиги, жарандык авиация департаментинин жетекчилиги “кара тизмеден” үч айдын ичинде чыгабыз деп убадалары менен “курсак тойгузуп” келатышат. Жакын арада бул маселе боюнча кескин чаралар көрүлбөсө, парламент комитетинин чечимдери аткарылбаса биз мурдагыдай эле “таз кейпибизде” кала беребиз

Буга чейин жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев жарандык авиацияда реформа жүргүзүү керектигин айткан эле. Ал бүгүнкү күндө департамент жарандык авиациянын стратегиялык өнүгүүсүнүн концепциясын иштеп чыгуу менен алектенип жаткандыгын билдирген:

- Даярдалып жаткан концепцияда атуулдук авиациянын структурасын кескин өзгөртүү каралып жатат. Өзгөрүүлөр өзгөчө авиацияны башкаруу тармагына керек. Өткөн жылы Бишкектен анча алыс эмес жерде болгон ири учак кырсыгынан алынган башкы сабак - жоопкерчиликти так бөлүштүрүүнүн жоктугун көрсөттү. Бул нерсе атуулдардын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү. Жоопкерчиликти так бөлүштүрүү кескин өзгөрүүлөргө алып келет.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Абдырахман Маматалиевдин айтуусунда, Кыргызстандын жарандык авиация департаменти жана авиакомпаниялары 2006-жылдын аягында “кара тизмеге” киргизилген. Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу ошол мезгилде Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына туура келбегендигин, авиа компаниялардын ишиндеги учуу коопсуздугун, департамент кызматынын ишмердүүлүгүн сындаган.

Абдырахман Маматалиев 2 жыл аралыгында бул кемчиликтер акырындык менен четтетилип жаткандыгын белгилейт:

- 2007-жылы аба кодексинин жаңы редакциясын кабыл алдык. Былтыр 19 авиация эржелерин кабыл алып, ишке киргиздик. Авиа компаниялардын ишмердүүлүгү сындалган болчу. Алардын саны 34 болчу, кыскарттык. Учуу коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгып, аны бүттүк. Адистерди чет өлкөлөргө окуттук.

Талаптар аткарылган менен Кыргызстандын “кара тизмеден” чыкпай тургандыгы Евробиримдиктин графигине байланыштуу экендигин айтат министрдин орун басары. График боюнча алар эми апрель айында Кыргызстанга кайрадан келүүсү күтүлүүдө:

- Алар буга чейин бизге 3-4 жолу келип, алдын ала текшерип, биздин адистер менен иштешти. Өздөрү көрсөткөн кемчиликтерди четтетүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар график боюнча келип, аудит жүргүзүш керек. Акыркы жолу январь айында келип текшерип, негизинен оң жыйынтык чыгарышты. 3 майда кемчиликти айтышкан, анысын бүтүрдүк. Эми аларды апрелдин аягында күтүп жатабыз. Келсе, буйурса тизмеден чыгабыз деген ишеним бар.

Министрдин орун басарынын айтуусунда, ушул тапта Кыргызстанда 17 авиа компания бар. Алардын азыр 11и гана иштеп , алтоонун иши убактылуу токтоп турат.

Кыргызстанда учактардын саны 2005-жылы 290 болсо, алардын ичинен учуу коопсуздугун камсыз кыла албагандары четтетилип, азыр 74ү гана иштеп жатат.

Кыргызстан “кара тизмеге” киргени менен, кыргыз жарандарынын Европа өлкөлөрүнө каттоосуна тоскоолдук жок,- дейт Абдырахман Маматалиев. Анткени Кыргызстандын авиакомпанияларын тышкары башка өлкөлөрдүн авиа компаниялары Кыргызстан аркылуу ал өлкөлөргө үзгүлтүксүз каттап жатат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG