Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

“Айат пресс” “Ыңгайсыз суроолордун” чийки вариантын эмне үчүн басты?


Жылдыз Мусабекова
Жылдыз Мусабекова

“Айат пресс” гезити “Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн эфирге даярдала элек вариантын эч кандай уруксаты жок бүгүнкү санына басып чыкты. Гезит редактору Жылдыз Мусабекова мунун себебин сенсация издөө менен байланыштырууда.

- Гезитиңердин бүгүнкү чыккан санында “Азаттык” үналгысынын “Ыңгайсыз суроолор” теледолбоорундагы Өмүрбек Суваналиев менен убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровдун маегин гезитиңизге уруксааты жок жарыялаган экенсиз. Аны кандай негизде чыгардыңыз?

- Өзүңүздөр билесиздер, ар бир журналист сенсация издейт, гезиттин көтөрүлүшү үчүн кандайдыр бир эксклюзив чыгаргысы келет. Эми бул иш жагдайын айтсам “Ыңгайсыз суроолор” болоорун мен билгем. Себеби биз азыр журналисттер омоктуу ой айткандардын артынан жүгүрүп жүрбөйсүзбү "маек бер" деп, “Айат пресстин” буга чейин аябай деңгээли түшүп калган экен, окурмандардын көңүлүн ирээнжитип алган экен, мен редактор, гезиттин кожоюну болгондон кийин аны көтөрүшүм керек, бул менин аракетим. Ошон үчүн мен да Өмүрбек Суваналиевдин артынан ээрчидим десем болот, бир нече жолу чалдым. Анан ал өзү айтты "Жылдыз мен “Ыңгайсыз суроого” чыгам, ошондон кийин сүйлөшөлү" деди, макул болдум.

Ошону менен күтүп отурсам экинчи күнү түштөн кийин бирөөлөр аркылуу менин колума тийди, ошол берүү жазылган тасма. Булар кандай алды, кимден алды, мүмкүн анын жанындагы жан сакчысы жаздырып алдыбы диктофонго, мен аны билбейм. Мен айта алам, сенсация издедим. Гезитимдин деңгээлин көтөргүм келди. Алар кандай алып келди - мен биле албайм.

- Видео тасмасын алып келдиби же үн жазылган дискпи? Негизинен “Ыңгайсыз суроолор” “Азаттыктын” менчиги да. Сиз ушул берүүнү чыгарган адамга же продюсерине кайрылган жоксузбу?

- Бул жерден мен мойнума алышым керек, кыргызчылык кылдым. Бирок мен “Азаттык”, “Ыңгайсыз суроолор”, КТРден кетти деп баш сөз жаздым, өзүмдүн фамилиямды жазган жокмун, ошону сурап айтып деле койсом болмок экен. Эми бул жерден айтылган сөздөрдү мен оюмдан чыгарган жокмун. Мисалы, Бекназаров кандай сөз сүйлөсө анысы берилди, Суваналиев кандай сөз сүйлөсө анысы берилди. Аябай курч маектешүү болуптур, бирок баарыбыз жалпы жамаатыбыз менен карап отурдук, кыскарып кетип калды. Мүмкүн кыскартылган вариантын бергенимде башкача болмок, толук вариантын бергеним үчүн ушундай ызы-чуу болуп атат деп ойлойм.

- Өзүңүз журналист катары билесиз да, маалымат каражаттарына жарыялай турган нерселер болот, жарыялабай турган нерселер болот “Азаттыктын” продюсери теле долбоордо 25 мүнөттүк гана материалды берүүгө укуктуу да, андан бөлөк айтылган нерселерди айтууга болбойт. Теле долбоордон тышкары айтылган сөздөрдү чыгарып ийгениңизди кандай дейсиз?

- Эми жоопко тартабыз десе жоопко тартышсын, мен бардык нерсеге даярмын. Бирок мен мунун бардыгын оюмдан чыгарган жокмун, себеби менин колумда үнү жазылган диск турат, мен ошону көрсөтө алам, мына момундай сүйлөшүү болуптур деп. Процедурасы кандай болот аны өздөрү чечет, бирок менин колумда үндөрү турганы чындык. Мен сүйлөгөн сөздүн баарын асмандан алып чыгарган жокмун.

-Ушул сиздин иш аракетиңизде кандайдыр бир саясий оюн же саясий боек жокпу?


- Мен эми журналистикага кечээ келген жокмун, же бүгүн эле чыга калган жокмун. Мисалы, андайлар көп болуп атпайбы, мен канча жылдан бери гезит казанында кайнап келатам. Биз “Асаба”, “Агым”, “Де-факто” деген гезиттердин казанында бышканбыз, бул жерде эч кандай саясий оюн жок. Мага чалып, Суваналиевдин буйругун аткарып атасың деп айтып жиберишти, мен аткарган жокмун.

Суваналиев өзү “Ыңгайсыз суроодон” кийин сага келейин деп мени менен макулдашкан. Бирок берип жибериптир, ушунусун мен чыгардым. Бул жерде эч кандай саясий буйрук жок, Бекназаров өзүнүн оозу менен, Суваналиев өзүнүн оозу менен айтып атат. Мен бул жерде айткан жокмун, Атамбаев, Бекназаров же Суваналиев жаман деп. Гезитти барактап көргөн киши көрөт, мен убактылуу өкмөткө убакыт бергиле деп коргоп жазып атам.

Башка ар кимдин чындыгы бар да, туурабы биз ушуга келгенбиз да. Мисалы, сиз, биз, “Азаттыктын” окурмандары канча жолу жапты деп көчөдө жүрдүк. Анан ар тараптуу болуш керек. Анан бийликке келип алгандан кийин эмнеге башка адамдын пикирин сыйлабаш керек? Мисалы, Бегиш Ааматов чыгыптыр, анан өткөндө Мирослав Ниязов өзүнүн оюн айтып чыкты эле аны да жаман көрүп атышат, Жылдыз саясий буйрук аткарып атат деп. Мен саясий буйрук аткарган жокмун. Мен элдин мүдөөсүн, маселени түп тамырынан берген респонденттер болот, ошолорду сүйлөтүп атам. Ал гезит үчүн, окурман үчүн керек. Ошолорду чыгарса эле саясий буйрук дегенге мен таптакыр түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт.

Бул жерде Суваналиев буйрук берсе анда гезитимди 20 000, 30 000 менен чыгармакмын, туурабы? Кадимкидей эле тираж менен чыктым, өзүм алдым, өзүм койдум, мен да жаңылык, сенсация издедим. Дагы бир жолу аябай көңүлүңөргө тийип атса, Бүбүкан эжеден мугалимим катары, тажырыйбалуу журналист катары, кыргыздын кызы катары кечирим сурайм.

- Демек сиз “Айат пресске” чыккан “Ыңгайсыз суроолордо” айтылган сөздөрдү туура эмес же туура деп кандайдыр бир баа бере аласызбы?

- Эми бул эки киши тең кыргыздын ысык суугуна күйгөн мырза жигиттери. Мисалы, мен Өмүрбек Суваналиевге караганда Азимбек Бекназаров менен көп иштешип калгам, ал кишини жакшы билем деп айтам. Суваналиевди саясатчы, генерал катары ишмердигин сырттан караган менен аябай тыкыр байланышта болгон эмеспиз. Кандай баа берем, болгону мен болгонун болгондой бердим. Кошуп, же “Азаттыкты”, же “Ыңгайсыз суроолор” деген нерсесин алып салсам анда өзү билсин, эгер мен бети жоктук кылып өзүмдүн фамилиямды коюп койсом анда башка кеп эле. Жакшынакай баш сөз жаздым. Себеби буга чейин гезиттер албетте биз “Азаттыктан” материалдарды алып иштешип келгенбиз.

Берүүнү алып барган Бүбүкан эже менин мугалимим болот, Бурул эже, мына сиз баарыңар менен эле үзөңгүлөшүп жакшынакай, биргелешип, ынтымакта иштешип келгенбиз. Эми бул окуя бизге доо кетирбейт деп ишенем. "Мыйзам чегинде соттошобуз, сага жаза тарттырабыз" десе мен анын бардыгына даярмын, себеби мен акыл эсим менен жасадым. "Билбей калыптырмын, келесоо болуп калыптырмын" деп эч качан айта албайм. Эми ошого жараша жооп бергенге даярмын. Бирок менде факт - толук варианты кассетада бар.

- Негизи берүүнүн чийки вариантын “Айат пресске” жарыялап жибергениңизди туура деп эсептейсизби?

- Мындай ыкмаларда сенсация издеп келгенде өтө деле чачты жулуунун кереги жок. Журналистикада бардык жерде эле пайдаланылып келген мындай ызы-чуулар жалгыз эле Кыргызстанда эмес, демократияны туу туткан Америкада деле болот. Менин кесиптештерим, айрыкча редакторлор түшүнөт болуш керек, "Жылдыз сенсация издептир, эксклюзив жасаганга аракет кылыптыр" деп... Мен дагы ошонун бир кадамы деп ойлойм.

P.S. Берүүнүн алгачкы вариантында жеке адамдын беделине шек келтирген сөздөр, жеке таарынычтар айтылып, журналистиканын эл аралык эрежелерине туура келбеген учурлар болгондуктан, анын баары эфирге кеткен эмес. Аталган гезит болсо анын баарын ошол бойдон басып жиберген.
XS
SM
MD
LG