Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:34

А. Абдырасулова: Атайын операция болсо кайра кан төгүлөт


Азиза Абдырасулова
Азиза Абдырасулова

Тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев шаршембиде өзүнүн Тейит айылында укук коргоочулар менен жолугуп, Убактылуу өкмөт менен сүйлөшүүлөргө макул экенин, керек болсо сот алдында жооп берүүгө да даяр экенин билдирди.

Ушул жолугушуудан чыккандан кийин укук коргоочу Азиза Абдрасулова "Азаттыкка" маек курду.

- Ушул кабар канчалык чын, бул ооз эки айтылган сөзбү, же тил кат жазып бердиби президент?

- Биринчиден, биз көз карандысыз коомдук комиссия түзгөнбүз 6-7-8-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча. Биз ошол коомдук комиссиянын форматында Бакиевден дагы эмне болгон, кандай жоопкерчилиги бар деп комиссиянын атынан барганбыз. Бирок жолугушуу учурунда, азыр айтылып кеткендей убактылуу өкмөт менен кызматташуу деген сөз болгон жок ал жерде.

Ал жерде Бакиев трагедиянын өтө терең экенин мойнуна алып, ошол эле убакта бүгүнкү күндө Кыргызстан укуктук талаадан чыгып кетти, абал өтө оор деген өзүнүн пикирин билдирүү менен, эгер кааласа Роза Отунбаева менен премьер-министрдин кызматын аткаруучу катары жолугушуп, ошого өзүнүн азыркы убактылуу өкмөткө легитимдүүлүктү түзүп берүүгө, башкача айтканда полномочие берип, өзү кызматынан кетүүгө даяр экенин билдирди.

Бирок ошол эле убакта жолугушуу учурунда керектүү документтерди кошо түзүп, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун сактоону шарт катары айтты. Бирок ал коопсуздугун сактоо дегенде соту жок өлүм жазасы, же соту жок жазалоо эмес, бардыгын сот алдында жооп берүү жөнүндө өзүнүн пикирин айтты.

- Демек Бакиев кызматтан кетүүгө, өзүнүн мамлекет башчысы катары милдеттерин өткөрүп берүүгө даяр экен. Мындай өткөрүп берүү кандай шартта өтүшү мүмкүн?

- Бакиев айтты, ушунчалык трагедиядан кийин, ушунчалык адамдардын өлүмүнөн кийин менин моралдык дагы укугум жок, мен бул жерде кармалбайм, бирок мен ошону өткөрүп бергенге даярмын деди. Биз ортомчу болуп барган жокпуз, биз комиссия болуп бардык. Бирок ошол эле убакта Бакиевдин "мен сүйлөшүүгө, полномочиени өткөрүп бергенге даярмын, укуктук талаага келтирүүгө, ошол эле убакта соттун алдында жооп берүүгө даярмын" деген сөзүн биз убактылуу өкмөткө калыс адам катары жеткирип койдук.

Ал эми кандай чечим кабыл алынат, ал кандай форматта жүргүзүлөт, убактылуу өкмөт даярбы, барабы, барбайбы, ал убактылуу өкмөттүн иши. Бирок радиоугармандар үчүн айтып кетким келет, Бакиев азыр отурган жер - Тейит айылы, ал тууган-уруктарынын, коңшуларынын, айылдаштарынын арасында отурат. Бала-чакалар, аялдар бар экен ошол жерде, жүрүшөт кадимкидей эле. Атайын операция өткөрүлөт, кармалат деп атышат, ал эми атайын операцияга айылдаштары мындай эле берип койбойт, кайра кан төгүлүп кетүү коркунучу бар экенине биз укук коргоочу катары көзүбүз жетип атат. Ошондуктан мен ойлойм, 8-апрелге чейинки Кыргызстандагы кан төгүүлөргө мурунку кеткен бийлик кандай жоопкер болсо, мындан кийинки адам укуктарынын, адам өмүрүнүн сакталышына бүгүнкү убактылуу бийлик ошондой эле жоопкер деп ойлойм.

Ошондуктан бардык нерсени күч колдонбостон чечип, бирок ошол эле күнөлүүлөрдү соттун алдына алып келсе боло турган мүмкүнчүлүк бар экенин дагы бир жолу кыргызстандыктар үчүн айтып кетем.

- Андай болсо эмне үчүн анын колдоочулары Жалал-Абаддагы курултайды өткөрттүрбөй коюшту?

- Мен дагы айтам, сүйлөшүү процесси жүргүзүлгөн жок. Мен ойлоп атам, эгерде эки тараптуу сүйлөшүү процесси жүрсө, анда эч кандай каршылык акциялары болбостон, бардык нерсе токтош керек. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп аткан убакта фронтто да ок атуулар токтотулат. Бирок бүгүнкү күндө андай процесс жок.

Бул боюнча, мен ойлоп атам, эл аралык коомчулук ортого түшүш керек, эл аралык коомчулуктан деңгээлинде ошол сүйлөшүү процессине катышкандардын коопсуздугу сакталуу менен, ошол жерде кабыл алынган документтердин, чечимдердин аткарылышын көзөмөлгө ала турган болуп. Бул өтө чоң процесс.

Бул жерде Бакиевди жоопкерчиликтен кетсин деген эч ким жок. Анын жоопкерчилиги бар. Бирок атайын операция менен ошол жердеги Тейит айылында отурган аялдарга, балдардын өмүрүнө коркунуч келиш керек эмес.

Экинчи тарабы, бүгүн атып салуу же өлтүрүп салуу менен кутулбайбыз. Биз экинчи коркунучтуу жакка барабыз. Бүгүн бир президентти атып салып кутулсак, эртең кайра эле кызматка келгендерди башка күчтөр чыгып туруп атып салышат, алар ошентип кутулушат. Биз бул жагынан өтө жаман жолго кетип калдык, ушундан кайтышыбыз керек.

XS
SM
MD
LG