Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Оппозиция лидерлери абактагылардын ал-жайын сурады


Президенттик шайлоо күнү добуштар бурмаланып жатканы жөнүндө нааразылык билдирип мэрияга келген адамдарды милиция кууп сабап кармап кеткен.
Президенттик шайлоо күнү добуштар бурмаланып жатканы жөнүндө нааразылык билдирип мэрияга келген адамдарды милиция кууп сабап кармап кеткен.

Балыкчыда камакта отургандарга ЖК депутаты Р. Отунбаева, “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев келип, тамак аш киргизип кетти. Абактагыларга депутат Роза Отунбаевадан башкасы киргизилген жок.

23-июлдагы президенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен өтүп атканына нааразылык билдире коебуз деп 14 адам 21 күндөн бери камакта жатат. Аларга Конституциялык түзүлүшкө каршы чыгып, шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылып, баш аламандык уюштурган деген айып тагылган менен күнөөлөрү аныкталбай эмгиче иш сотко өтө элек . 21 күндүн ичинде жолу баш коргоо чарасы боюнча үч жолу соттук териштирүү болуп, камалгандар Каракол тергөө абагына которулган.

Облустук сот 7-августта Балыкчы шаардык сотунун токтомун күчүнө калтыргандан кийин, 14 адам 13-августта кайра Балыкчыдагы милициянын абакканасына которулду. Алардын абалын билүүгө келген ЖКнын депутаты Р.Отунбаева, “Ата Мекен” партиясынын лидерлери Ө.Текебаев, Э.Алымбековдорго камактагылардын туугандары жолукту.

- Кызымды штабда отурган жерине кармап кетиптир, компютерде эле отуруптур, кызыма кечээ жолуктум, ооруп атыптыр,- деди ыйлап камакта жаткан 21 жаштагы Жаркын Асанованын энеси Зина Орозбекова ызага муунуп. -Ошол күнү эле камаптыр, биз үч күн издеп РОДВга канча келдик, жок деп коюшкан да. Анан ичинде жаткандардын туугандары аркылуу билдик камакта силерде экен десек, 26 сында айтышты Караколго которду деп. Ыйлап эле отуруп калдык. Ошондон бери кызымды көрө элек элем, кечээ кезигип чыктым. Өзү аз кандуулук менен ооручу, жыгылып да калып атыптыр.

Шайлоо күнү чыккандан жаңжалдан үч баланын энеси Жамгырчиева Гүлмира бир айга жакын убакыт бейкүнөө камакта отурат
Камактагы 14 адамдын экөө аял. Алардын экинчиси Гүлмира Жамгырчиева. Ал Балыкчы шаарындагы №3 шайлоо участкасында оппозициядан президенттиккке талапкер болгон Атамабаевдин ишенимдүү өкүлү болгон. Тарапташтарынын айтуусунда 23-июль күнү шайлоо бурмалоо менен коштолуп аткан фактыларга акт түзгөн үчүн камалган. Жамгырчиеванын сиңдиси Гүлай камактагы эжесине керектүүлөрдү киргиздирбей атканын билдирди:

- Караколго кеткиче кийиммин бербей коюптур. 20 күндөн ашык бир кийим менен жүрүптүр. Себебин айтпай коюшту. Кичүү кызы жакында башынан операция болот. Энеси камакта, билбейм кандай болот...

Камактагылардын жакындары оппозиция өкүлдөрүнө Бакыт Асаналиевдин, Саламат Кудайбергеновдин, бутунан операция болгон Кубат Мусаевдин саламаттыгына жакшы көңүл бурулбай атканын, сот ишин эртелетүүнү суранышты.

-Биздин жардам коомдук пикирди жайылтуу. Камалгандардын баатыр экенин билдирүү. Анан мыйзымга таянабыз. Соттук процессти ачык өткөрткөнгө аракет кылабыз. Юрист адвокаттар иштеп атат,-деп айтты “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев.

Ө.Текебаев менен келген кичи автобус камалгандарга азык- түлүк жер-жемиш киргизгенден кийин, опппозиция өкүлдөрү Балыкчы шаарынын прокурору К.Айтбаевге жолугуп, кармалгандар негизсиз жапа чегип атканын билдирди эле, прокурор аларды жалганга чыгарды:

- Сотту бир эки жумада деп атабыз. Алардын күнөөсү жок дегенге болбойт, анткени баары мойнуга алып атат, басып алуу деген оюбуз. Бар болчу деп. Жанагы Асанова деген кыз бардыгына катышкан, ооруган Сопиев деген бизге доом жок деп атат.

Отунбаева, Текебаев, Алымбеков камактагыларды азыркы бийлик жазалоого моралдык укугу жок деп билдиришти.

-Биз Бакиев менен Жалал-Абад, Ош администрацияны басып алганым эсимде, эми Бакиев ошондойлорду камайтып атат, бул акылга сыйбаган жорук, кайгы,-деп айтты Роза Отунбаева.

ЖКнын депутаты Р.Отунбаевадан кийин Ө.Текебаев камактагылар соттоло турган болсо кескин кадамдарга бара турганын эскертти.

- Мэриянын ичинде добушту Бакиев уурдап атат. Анда ал бийликти дагы бир жолу басып алып атат да. Отунбаева учурунда бийликти басып алган, мени кама деп бул киши арыз берет, мен дагы , Бекназаров баары революция жасагандардын тизмесин бүт беребиз.Анан элге чакырык менен чыгабыз. Биз камалгандан коркпойбуз. Бакиев менен бир камерада отурсак бактылуубуз деген адамдарданбыз
, - деди Текебаев.

Оппозиция өкүлдөрүнүн ушундай кырдаалдагы сүйлөшүүсүнөн кийин камактагыларга кирүүгө расмий уруксат берилген менен ички иштер бөлүмүнө келгенде Отунбаева гана абакканага киргизилип, Текебаев менен Алымбеков сыртта калды. Отунбаева камактагылардын абалы дурус экенин сыртта күтүп турган туугандарына билдиргенде чогулгандар тарап кетти. Оппозиция өкүлдөрү камакта жаткан “Ата Мекен” партиясынын Балыкчыдагы координатору К.Мусаевдин үй-бүлөсүнүн абалы менен да таанышты.

XS
SM
MD
LG