Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

А. Бекназаров: Бакиевди акыры Акаевдин тагдыры күтөт


БЭКтин штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровду “Азаттык” оппозициянын кийинки кадамдары жөнүндө кепке тартты.

-Акыркы маалыматтар менен бөлүшө кетсеңиз? Жүрүшкө даярдык кандай болуп жатат?

- Социал-демократтар партиясынын кеңсенин алдына эл чогулуп атат. Мен ойлойм эл чогулат го деп. Анткени элдин келиши абдан активдүү.

-Бүгүнкү жүрүш учурунда бийлик оппозиция лидерлерин “төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген айып менен кармап, камап жоопко тартышы да мүмкүнбү?


- Бул бийлик шайлоо учурунда, же шайлоодон кийин эле эмес, дегеле оппозиция лидерлерине 2-3 жылдан бери эле ар кандай иштерди токуп, шылтоолоп камап жүрбөйбү. Мына бир нече адамдарыбыз түрмөдө жатат. Жалпылап айтканда, 7 адамыбызга иш козголуп, бешөө түрмөдө, экөө подпискада жүрөт. Сиздер айткандай кайсы бир кылмыш кодексинин бир статьясына такап, иш козгоп камап коюушу мүмкүн. Мен буга таң калбайм. Балыкчыда кармалган адамдарга төңкөррүш жасаганга аракет кылган деген статьяны да таңуулап атпайбы. Мына ушул оппозициянын лидерлери деген жалаа жаап коюушу мүмкүн.

-Март ыңкылабынын арты менен келген бийлик 2005-жылы 20-мартта Жалал-Абадда, Ошто карапайым элге күч колдонуунун арты эмнеге алып келерин өз көзү менен көрдү эле. Сиздин эсиңизде болуш керек, ошол 20-март күнү таңкы саат 5те Жалал-Абад облустук акимчилигинин имаратынан акимчиликти ээлеп отурган эл менен кошо азыркы президенттин бир тууганы Акмат Бакиевди да милиция кызматкерлери көгала койдой сабашкан эле. Элге күч колдонуунун арты эмнеге алып келери бийликтин өзүнүн эсинде болушу мүмкүнбү?

- Мен ойлойм бүгүнкү президент Курманбек Бакиев ошону унутпаш керек эле, кандай шартта, жагдайда кызматка келгенин эч убакта унутпашы керек эле. Канчалык элди кыскан сайын эл пружинаны кыскандай кайра чыңалып чыгаарын эстен чыгарбаш керек да. Элди канчалык кысса ошончолук сөзсүз каршылык алат.

2005-жылдын мартында ошондой кысуу болгондуктан эл чыдабай, арам шайлоо болгондугуна байланыштуу эл көтөрүлүп чыгып, жыйынтыгында Бакиев кызматка келди эле. Бүгүн эмес, кызматка келген күндөн баштап 1-2 айга жетпей ал кантип кызматка келгенин унутуп калган. Аны кызматка алып келгендердин баардыгы бүгүн Бакиевдин душманы болуп чыга келди. Мына Бакиевдин айланасында жүргөндөр азыр ошолорго иш козгоп атат, Отунбаева, Исаков, ж.б. революциянын башчыларына.

Ал эми ошол убакта ошол эле Бакиевдерди, Акматтарды, башка революционерлердин баардыгын кысып, күч колдонгон адамдардын баардыгы азыр Бакиевдин айланасында жүрөт. Эсептей келсек толтура, Түлөев, Ширшев, Елисеев дегендер баардыгы Акаевдин колтугунда жүргөн.

Мына бүгүн ошолор кайра 2005-жылкыдай иш-аракеттерин жүргүзүп атат. Мен айтып коеюн, бул жакшылыкка алып келбейт, мунун аягы 2005-жылдагы март окуясы кайталанышы мүмкүн. Акаевдин тагдырын Бакиев күтүп калышы мүмкүн.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG