Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Иса Өмүркулов: Атайын топтор шаардыктарды коркутууда


Борбор калаадагы абал, чек аралардын жабылышынын экономикага тийгизген таасири тууралуу Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов “Азаттыкка” маек курду.

- Бишкек шаар тургундары 14-май жана 17-майда Убактылуу өкмөткө каршы борбордук аянтта чоң митинг өтүп, дагы талап-тоноолор, баш аламандык болушу мүмкүн деп кооптонушууда. Шаардыктардын тынчсыздануусуна негиз барбы?

Иса Өмүркулов: Мындай кооптонуулар шаардыктар арасында жок эмес, бул коркутуу-үркүтүү атайын уюшулган топтор тарабынан жүргүзүлүп жатканы баарыбызга маалым. Бирок, мен ойлойм, эң коркунучтуусу - биздин кыргыз эли, бишкектиктер үчүн артта калган 5 жыл. Ошон үчүн азыркы мезгилде жанагыдай 85тен ашык биздин эр азаматтарыбыз окко учуп, кырк ашын берип аткан мезгилде атайын чагым уюштурууга даярданып, ошону аткарабыз дегендер бар.

Мен ойлойм, бүгүнкү күндө бул уюштуруу топтордун жетекчилери, каражат кайдан келип атканы, мунун баары тең биздин укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө туруп атат. Ошону менен бирге ар бир шаардын тургундары жана шаардын коноктору провокацияларга берилбеш керек, катышпаш керек, абайлаш керек. Бүгүнкү күндө шаардагы болгон структуралар, коммуникациялар өз нугунда иштеп жатат.

- 7-апрель ыңкылабында каза болгондордун кыркылыгы өткөрүлүп жатат. Алардын жакын туугандарына Жал кичи районунда көп кабаттуу үй курулат деген кеп бар. Ал кайсы каражатка курулат жана апрелде жаракат алгандарга да үй берилеби?

Иса Өмүркулов: Туура, Убактылуу өкмөт тарабынан ушундай чечим кабыл алынды, бүгүн көп кабаттуу 126 батир үйдүн фундаментине биринчи таш коюу болот. Бул 7-апрелде каза болгон балдардын үй-бүлөсүнө берилет жана атайын комиссия менен мурдагы бийлик учурунда запкы көргөн жана майып болгон адамдарга да бөлүнүп берилет. Ал эми бүгүнкү күндө албетте оор жаракат алгандар да бар. Кудай буйруп алардын баары айыгып кетишсин. Ал маселе да каралышы мүмкүн.

- Кыргыз-казак чек арасынын жабылышы Бишкек шаарына канчалык таасир тийгизүүдө?

Иса Өмүркулов: Тилекке каршы, илгертеден боордош болуп келген казак элдин жетекчисинин бүгүнкү күндө мамилеси бизге бир аз туура эмес болуп атат. Казак элинде да өткөн кылымдын башында бир топ кыйынчылыктар болгон, кыргыз эли кучагын ачып тосуп эле, бир үзүм нанды да тең бөлүп жеген эл элек.

Бүгүнкү күндө биздин экономикага таасири болуп атат. Бирок бизде маалыматтар бар, Казакстандын түшкү облустарында тамак-аш кесин түрдө кымбаттап кетиптир. Себеби бизден ушул кезде барган май, сүт, эт жана жашылча-жемиштери албетте аларга да чоң дефицитке туруп атат. Ошон үчүн чек ара ачылса жакшы болот эле.

- Сиз жетектеген шаар бийлигинин жакын арада жасаган иштерине токтоло кетсеңиз?

Иса Өмүркулов: Шаар өзүнүн жашоосу менен бүгүнкү күндө алектенип атат. Биринчиден, шаардагы транспорт, жол, жашылдандыруу маселеси. Кечээтен баштап массалык түрдө мэриянын жетекчиси тарабынан уюшулган сугара турган арыктарды оңдой баштадык. Айрыкча жилмассивдердеги жолдордун начар экендигин өзүңөр көрүп атасыңар, ушул маселелер бүгүн күн тартибинде турат. Ошону менен бирге социалдык турак жай куруу бүгүн да артыкчылыктуу программабыз болуп атат.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG