Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Жели чыккан велосипед


Үйүм шаардын күнбатышындагы Арча-Бешик деп аталган жаңы конушта. Иштен кийин асфальтталган жолдон түшүп калып, бир чакырымга созулган таш жолду бойлоп кетем. Апсамат акенин аты коюлган трассанын ушул жерине чейин троллейбус чуркатышкан. Акаевди туурап, шаар башчысын, дагы башка башчыларын салып алып Бакиев келип кеткен. Трассанын ортосуна кара топурак төгүп, тоодон казып келген жапжаш карагайларды, жапжашыл тиктиришкен. Тилек-каалоолорун айтышкан. Бирин-бири макташкан. Бул жерге бир топко дейре суу тарткан машиналар тынбай каттап, карагайларга суу куюп турушкан. Тролейбусту ачуу аземи ошону менен бүткөн. Кийин эмнегедир суу тарткан машиналар да келбей калды. Анын ордуна кактаган ысык, алоологон аптап келди. Баягы карагайлар суусуз калып, акырындап олтуруп куурап жок болду...

Ошентип таш жолду бойлоп кетип баратам. Күнүгө ушул. Жанымдан акыркы үлгүдөгү “Жиптер” менен “Мерседестер”, чет элдик машиналардын жаңысы да, эскиси да “обгондоп” өтүп турат. Үйгө чейин ичимден “жолубуз качан асфальтталар экен” деп “сүйлөнүп” келем. Тилегим жакында ишке ашарына көзүм деле жетпейт. Ушинтип келатып үйгө жакын жердеги таш дубалда пайда болуп калган жазууларга көзүм түштү.

08. 06. 2010

“Акаевге – 10 камчы.
Бакиевге – 100 000 000 000 000 000 камчы.
Отунбаевага - ?
Бекназаров сүткө тойбогон кү…

25. 06. 2010

27-июнь – Референдум биздин келечек.
28-июнь – Жаңы жашоо.
Кыргыз эли биримдикте!
На провакации не поддаемся!
Все в руках у Розы.
Роза Отунбаева – наш Президент.

"Урматтуу Мекендештер!
7-апрелде шейит кеткен баатырларыбыз силерди бийлик талашсын деп курман болгон жок!.."

Чын эле 7-апрелден кийин, таш дубалга көө менен жазылган ушундай жазуулар пайда болду. Аны биздин көчөнүн 5-6-7-класста окуган балдары жазыптыр. Андан көп өтпөй эле, колдоруна Кыргызстандын желегин желбирете көтөргөн балдар велосипед менен Төмөнкү Жалга чейин тынбай чымын-куюн болуп каттап жүрүштү. Мен биздин көчөнүн балдарынын заматта өзгөрүп, заматта ээлигип кеткенин адегенде түшүнө албай жүрдүм. Балдар тынч туралбай, үйдөн “безип”, аябагандай эле “патриот” болуп кетишти.

-“Царское село” жакка барбагыла. Ал жакта жалаң “байлар” жашайт. Торпоктой болгон иттери бар, талап жеп койбосун,- дегенибизге болбой, шаардын чар тарабын чаңызгытып, Чоң-Арыкка чейин аралап, делбирттеп жүрүштү.

Балдардын аркасы менен мен да өзгөрүп кеттим. Жазылган сөздөрү начар болсо дагы ошол күндөрү радиодон, теледен уктурулуп турган Эл, Мекен, Кыргызстан жөнүндөгү обондуу ырлар жүрөгүмдө, мээмде башкача жаңырып, көөдөнүм бир нерсеге толуп-ташып турду. Кыргыз деген эр жүрөк элим бар экенине жетине албай, сыймыктандым…

Балдардын деми ансайын басылган жок. Алар сабактарынан келери менен велосипеддеринин дөңгөлөктөрүн үйлөтүп алып, Кыргызстандын желегин көкөлөтө көтөрүп, ишке кеткен өңдүү Арча-Бешиктин көчөлөрүн аралап “агып” кетип атышты…

Мен балдардын ушул тилеги, үмүтү узак болгой эле деп Кудайдан тилеп жаттым. Мындай балдары бар Кыргыз эч качан өлбөйт деп ишендим.

Балдар жашы жете электигине карабастан шайлоого “катышты”. Алар партиялардын штабдарына барышып, алардын желекчелерин, үгүт кагаздарын тынбай ташып келип, дубалдардын, темир каалгалардын беттерине чаптап жатышты. Балдарды Кудайдан бөлөк эч ким тыя албастыгын ошондо көрдүм. Аларды “буга чапта, тигиге чапта” деген да жан болгон жок. Өздөрү чаптап, өздөрү күйүп-бышып жүрдү.

Анан көп өтпөстөн алардын деми сууп олтуруп, шайлоо өткөндөн кийин такыр эле өчүп калды.

- Мен СДПКнын кагаздарын мындан ары чаптабайм,-деп келди бир күнү менин балам.
-Эмне үчүн?-деп сурадым.
- Штабына барып желегин, кагаздарын, кепкасын сурасам олтурган байкелер “экинчи бул жакка башбаксаң, бирди көрөсүң!” деп кууп чыкты,-деди балам.

Менин оюма Атамбаев түштү…

- Түшүндүрүп айт, дагы бир жолу барып көр?-дедим.

- Жок ата, экинчи ал жакка барбайм,-деди балам.

Көңүлү калганын ошондо билдим. Баланын көңүлүн калтырган Кудайдын көңүлүн калтырган менен барабар деген сөздү эстедим.

… Азыр Арча-Бешик конушу баягы эле калыбында. Мен да баягыдай эле Масалиевдин атындагы асфальт трассадан түшүп калып, бир чакырым жолду басып, жөө үйүмө келем. Балам сабагы менен алек. Баягыдай жалбырттаган деми жок. Велосипединин да жели чыгып, сарайда турат. Теппей да калды.

- Эмне болду?-десем:

- Үмүт үзүлдү. Президент Роза Отунбаевага жаңы жылда кат жазам,-дейт…

Балдардын үмүтүн эми ким жандырат?
XS
SM
MD
LG