Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Чек айылынын тагдыры чечилбеген бойдон турат


Чек айылындагы өзбек чек арачылары
Чек айылындагы өзбек чек арачылары

Бул талаш делген жердин башы ачыла электе өзбек бийлиги аны өзүнө каратып алып, чек ара бекетин орноткон. Чектиктер ал тосмолорду алып салууну жана айылдын кайсы өлкөгө таандык экенин чечүүнү талап кылышууда. Алар өз укуктарын коргоо өтүнүчү менен кыргыз бийликтерине кайрылышты.

Чектеги жарандардын чыдамы түгөнүп, маселени эмдигиче жөнгө сала албаган кыргыз бийлигине нааразы болушууда. Эми алар президент менен Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана «Ак жол» партиясына кайрылышты. Анда Өзбекстан орноткон чек ара бекети менен тосмону алып салуу жана кыштактын кайсы өлкөгө тиешелүү экендигин чечүү, жарандык укуктарын коргоо талаптарын коюшту. Кайрылууда өзбек бийликтери келген сайын бул айылды «биздин жер» деп талашып жатканы, эгер Өзбекстанга тиешелүү экени ырас болсо, анда кыргыз өкмөтү өз жарандарын көчүрүп алуусу керектиги жана там-таш, короо-жай үчүн өзбек өкмөтү компенсация төлөөсү абзелдиги айтылат.

Бирок айыл тургуну Манап Бөжөевдин айтымында, ошондой болгон учурда да кары-картаңдар менен оорулуу үй-бүлөлөрдүн көчүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Ишке да көңүлү чаппай калган кыргыз жарандары өзбек чек арачылары үстөмдүгүн жүргүзө баштаган күндөн бери өздөрүн курчоодо калгандай сезүүдө. Анткени, өзбекстандыктар эртең жана кечке маал Пахта-Абат суусуна коюлган көпүрөдөн текшерип өткөрүшөт. Бөтөн адамдар менен автоунааларды айылга кийиришпейт:

- Чоңдорубуз биздин тагдырыбызды мындай кайдыгерлик менен карабасын. Балдар анча-мынча урушуп кетип атат. Эң негизгиси Кыргызстан мамлекетибизге, президентибизге күндөн-күнгө ишенимибиз жоголуп атат. Жогорку Кеңеш, Коопсуздук кеңеши деген бар, ушулар тагдырыбызды чечип берүүсүн суранабыз. Коркуп жашап атабыз, аялдар иш кылбайт, баардыгыбыз эртели-кеч көчөдөбүз. Мына кабар келет, бизди карайт дейбиз. Бирок эч кандай кабар жок ушул күнгө чейин. Күтө берип жададык...

Чектиктер жогорку бийликтегилерге кантип жеткирүүнү билбей, өз кайрылуусун «Ак жол» партиясынын райондогу өкүлү, райондук кеңешке аталган айылдан шайланган депутат Акрам Сатиевге тапшырышкан.
Райондук кеңештин депутаты Акрам Сатиевдин белгилешинче, айылга өзбек чек ара бекетин орнотуу туура эмес болгон. Өзбек бийлиги 1955-жылкы картага ылайык кыштак Өзбекстанга тиешелүү деп бекем турганы менен ага дейре айыл түгүл, анын этегиндеги айдоо жерлер деле Кыргызстанга караган. Ал жерлердин жана Чектин кандайча Өзбекстанга өтүп кеткени белгисиз. Чек толугу менен эмес, андагы үч бурч гана жер коңшу өлкөнүкү болушу ыктымал. Аны ырастай турган көп кишилер дүйнө салып, экөөсүнүн гана көзү тирүү. Бирок чек араларды аныктоочу өкмөттөр аралык комиссия алардын сөзүн угабы, укпайбы, укчу болсо, далилдерин эске алабы, жокпу ал жагы да бүдөмүк:

- Биздин аксакалдардын айтышына караганда, 1936-жылкы картада Кыргызстандын аймагы экен. Анан кандайдыр бир себептер менен 1955-жылы үч бурч жер Өзбекстанга өтүп кетиптир. Биз азыр талап коюп атабыз, ошол 1936-жылкы карта боюнча карап чечип берсин деп Мамкаттоого, акимибизге айттык. Бул боюнча биздин жетекчилердин кабары бар. Ушунун жообун күтүп атабыз, -дейт Акрам Сатиев.

Айыл тынчтыгы 19-апрелде бузулган. Ал күнү өзбек чек арачылары үйлөрдү тинтип, азык-түлүктөрдүн эсебин алып, эки өлкөнүн жарандарына бирдей дүрбөлөң салган болчу.

Ноокен районунун акими Турдумамат Сагындыков болсо кыргыз жана өзбек жарандары коюн-колтук жашаган айылдын тагдырын чек араны делимитация жана демаркация кылуучу өкмөттөр аралык комиссия аныкташы керектигин айтат:

- Бул маселе эки мамлекеттин ортосунда өкмөттүк деңгээлде чечиле турган маселе. Чек айылындагы талаш болуп аткан жер, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бүгүнкү күндө демаркация болгон эмес. Ал жер талаштуу. Бирок ошого карабастан өзбек тарап 200 метрдин тегерегинде бери жылдырып туруп, тосмо коюп алышкан. Бул боюнча бир топ жолу жолугушуулар болду.

Мындай жолугушуулар болгону менен азырынча андан эч кандай жыйынтык боло элек. Район акими Чек айылына байланышкан жергиликтүү деңгээлдеги дагы бир жолугушуу жакынкы күндөрдө болушу күтүлүп жатканын, Өзбекстандын Анжиян облусунун бийлигинен ушундай сунуш түшкөнүн кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG