Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Г. Султаналиева: Эл Ак-Сай, Арпа да Үзөнгү-Кууштай тымызын Кытайга өтүп кетеби деп кооптонууда


Жол тоскон эл тарап баратат. 6-июль, 2009-жыл.
Жол тоскон эл тарап баратат. 6-июль, 2009-жыл.

ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева кыргыз-кытай чегиндеги Торугарт көзөмөл бекетинин жылышы жана Ат-Башы районундагы Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун тагдыры тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Аксай, Арпа жайлоолору Кытайга 49 жылга ижарага берилди деген кептер жергиликтүү калктын нааразылыгын пайда кылып, жол тосууга чейин алып келди. Депутат катары бул иштен сиздин кабарыңыз барбы?

- Чынында мен бул кабарды өтө кечирээк, Ат-Башы эли жолду тособуз деп чыгып аткандан кийин гана уктум, ушундай маселе чыгып аткандыгын.

- Дегеле элдин кооптонуусуна негиз барбы. Анткени мындай жерлер ижарага бериле турган болсо сөзсүз Жогорку Кеңештин кароосунан өтүшү керек да?

- Ооба. Ушул окуядан соң мен баардык маалыматтарды изилдеп чыктым. Ошол эле учурда дагы бир айтып кете турган нерсе ушундай эле тымызын жол менен учурунда Үзөңгү-Кууш дагы берилип кетип, анан кийин бир фактыны тургузуп коюшкан да, ушундай болгон депчи. Ошон үчүн эл арасында Акаев учурундагыдай алдоо менен берилип кетет экен деген кооптонуу болуп атса керек да. Ал эми түздөн-түз ижарага берди, же болбосо өтүп кетти дегенге бүгүнкү күндө документалдуу эч кандай негиз жок.

- Демек Жогорку Кеңешке дагы эч кандай маалымат барган жок.

-Жок, эч кандай маалымат келген жок.

-Кечээ Ат-Башы районунун акими Коногалы Маткабылов Коргон-Таштагы курулуштарды бузуу тууралуу буйрук болгонун билдирди. Сиздин маалыматыңыз жокпу?

- Эми мына мурда күнү биринчи вице-преьмер Өмүрбек Бабанов барып келбедиби ошондон кийин курулуп аткан тамдарды токтотуу чечими кабылы алынганын билемин, бирок ошол эле учурда мына ушул маселени изилдеп атып массалык маалымат каражаттарынан кытай адистери ушул Торугарт жана Эркеч-Тамга бажыканалардын имараттардын куруп берүү боюнча келишим түзүлгөнүнөн маалымат алдым да. Азыр мен ошол келишимдин өзүн сураштырып атамын, эмненин негизинде ал келишим түзүлгөнүн жана ошол келишимде кандай шарттар коюлганы жөнүндө маалыматтарды. Менин угушума караганда, бир гана Торугарт эмес Эркеч-Тамга да мындай бекет курулат деген келишим түзүлгөн экен да.

-Ушул Аксай, Арпа жайлоолоруна, Торугарт бажы бекетинин жылышына байланыштуу кече Нарында тегерек үстөл болуп, анын катышуучулары сиздин атыңызга дагы кайрылуу кабыл алышкан экен...

- Ооба, кечээ мен кечинде иш аяктап калганда кайрылууну алдым. Бул келишим эки гана мекеменин ортосунда түзүлгөн экен. Шайлоочулар буга өкмөттун кандайдыр бир көз карашын билип берсеңер жана ошондой эле чекара маселеси болуп аткандыктан Тышкы министрлигинин да көз карашы болуш керек ошону билип берсеңиздер, деп суранган экен. Элде Торугарт бекети 50 чакырымга ичкери жылып кетип, жогоруда айткандай Үзөңгү-Куушту берип ийгендей эле фактынын алдында туруп калбайбызбы деген бир кооптонуу бар да.

-Тышкы иштер министрлигине жана башка тиешелүү тараптарга кайрылдыңызбы анан?

-Жок, мен кайрыла элекмин, себеби мен бул катты мен кечинде саат алыга жакын алдым да. Эс алууда болсок да буюрса бүгүн мен жумушка чыгып шайлоочулар тынчызданып аткандан кийин ушул маселе боюнча түздөн-түз иш баштаймын да.

-Маегиңизге рахмат!
Атбашылыктар кантип жол тосту?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG