Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

“Төө көрдүңбү? Жок!”


Учурда Кыргызстанда цензура журналисттерге эле эмес, мамлекеттик кызматкерлерге да мүнөздүү болуп калды. Мунун себеп-жайы 3-декабрда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө талкууланды. “Цензура саясий чатактарды чагылдырууда кандай таасир этиши мүмкүн?” деген аталыштагы бул талкууга жергиликтүү саясатчылар, талдоочулар жана журналисттер катышты.

Журналист кесибине окуп жаткан Гүлүмкан окуусун бүтө электе эле теманы эркин чагылдыруудан күмөн санап келет. Ал муну адамдын коркуу сезими жана көз карандылыгы менен түшүндүрүп берди:

- Коркуудан келип чыгат деп ойлойм. Анан да көз карандылык бар. Себеби адамдар бири-биринен көз каранды. Мен мисалы бир редакцияда иштеп калсам ачык-айкын жазмакмын, бирок ошол эле учурда кооптонуу да болот деп ойлойм.

Студент Гүлүмкан алдыртадан даярданып жаткан өзүн-өзү ооздуктоо маселеси Бишкекте өткөн “Цензура саясий чатактарды чагылдырууда кандай таасирин тийгизет?” деген тегерек үстөлдө талкууланды.
Азыр мыйзам менен ооздуктоо жүргөн жок, азыр муштум менен цензуралоо жүрүп жатат.


Анда негизинен журналист тигил же бул теманы ачып берүүдө өзү иштеген редакциянын саясатын карманышы керектиги, жаатташкан жээктердин бир тараптуу буюртма макалалары туурасында кеп болду.

Цензура керек-керек эмес

“Ак шумкар” саясий партиясынын башчысы Темир Сариев журналист азыр мамлекеттик муштумдан корккону үчүн оозу туюк болуп жатат деген пикирде:

- Күн өткөн сайын цензура күчөп жатат. Азыр мыйзам менен ооздуктоо жүргөн жок, азыр муштум менен цензуралоо жүрүп жатат.
Саясий чатактарды же саясатчылар жөнүндө чагылдырууда журналисттин башында дайыма кайчы болуш керек.


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Кабай Карабеков, цензурага журналисттер эле эмес, мамлекеттик чиновниктер да барып жатканын ортого салды:

- Мисалы чиновник отун-кубатка баанын көтөрүлүшү тууралуу маалымат берип жатып, Кыргызстанда эң арзан баа экенин айтып, экинчи жагы болгон айлык акы өлкөдө эң аз экени тууралуу унчукпайт. Такталган факт экенин билип туруп айтпайт. Өзү эки санды бирдей мисал келтириши керек болчу. Мына ушундай өзүн-өзү ооздуктоо чиновниктерде да бар. Бирок биз бул цензурага умтулбашыбыз керек.

Журналисттер үчүн кайчы

Деген менен цензура журналистиканын негизин түзүш керек дегендер да бар. Мамлекеттик маданият агенттигинин маалымат саясатты боюнча башкармалыгынын жетекчиси, журналист Мелис Айдаркулов буларды айтат:

- Биз өзүн-өзү цензуралоо деп жүргөн ички цензура ал эркин чыгармачылыктын душманы эмес. Мен айтаар элем, ал кайрадан журналисттин жакшы кеңешчиси, досу. Айрыкча саясий чатактарды же саясатчылар жөнүндө чагылдырууда журналисттин башында дайыма кайчы болуш керек.

Ал арада Жогорку кеңеш “Жалпыга маалымдоо каражаттары” тууралуу мыйзамга оңдоп түзөтүүлөрдү киргизүүнү баштаганы турат.
XS
SM
MD
LG