Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:24

Оштук журналисттер: Сөз эркиндиги коркунучта!


Ушул айдын башында сабалган журналист Кубанычбек Жолдошев дале дарыгерлердин көзөмөлүндө
Ушул айдын башында сабалган журналист Кубанычбек Жолдошев дале дарыгерлердин көзөмөлүндө

Ошто 1-ноябрдын түнүндө сабалган шаардык «Ош шамы» гезитининин кабарчылар түйүнүн башчысы Кубаныч Жолдошевди коргоо комитети уюшулду.


Уюмдун мүчөлөрү президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоп, журналистке байланышкан окуяны тергөөнү жеке көзөмөлүнө алууну, териштирүүнүн айкын болушун, ошондой эле сөз эркиндигине коркунуч туудургандар коомчулуктун катышуусунда жазаланышын талап кылууда.

Мунун чоо-жайын билүү максатында уюмдун айрым мүчөлөрүн кепке тарттык. Жергиликтүү мамлекеттик гезиттердин биринде эмгектенген Абдыраим Мамытовдун баамында, акыркы учурда бийликтин басылмаларында деле чоңдорду сындоо кыйындады:

- Буга чейин эркин гезиттердин журналисттери сабалып жүргөн болсо, азыр эми өкмөттүк эле гезитте иштеген журналисттердин сабала баштаганы кооптуу көрүнүш. Бул менимче, жергиликтүү бийликтин эле эмес, эң жогорку бийликтин көзөмөлүнө алынууга тийиш.

Абдыраим Мамытовдун белгилешинче, маалымат булагына эгедер журналисттерге кол көтөргөн ар бир окуяга тиешеси барлар жазаланмайынча, кайгылуу окуялардын аягы тыйылышы күмөн.

Кепти улаган эркин журналист Айбек Асан уулу өлкөдө сөз эркиндиги тарып бараткандыгына кабатырланды. Ал ошондой эле Кубаныч Жолдошевге байланышкан окуяны тергөөнү президент Курманбек Бакиев жеке көзөмөлүнө алуусу жана териштирүүнүн айкын болушун камсыз кылууга жардамдашуусу зарылдыгын билдирди:

- Дагы бир нерсени белгилеп коюш керек, журналисттерди кайра-кайра сабап, өлтүрүп койгонго чейинки окуялар журналисттер арасындагы кооптонууну күчөттү. Азыр журналисттер, маселен мен өзүм материал жаза турган болсом, өзүмдү-өзүм цензуралап, этияттап, кандайдыр бир кооптонуу пайда болот. Демек бул көрүнүш кыргыз журналистикасынын алдыга өнүкпөй, артка кетишине алып келет. Албетте Борбор Азия өлкөлөрүндө басма сөз эркин эсептелип келген Кыргызстанда мындай окуялардын болуп атышына жогорку бийлик реакция бериш керек.

Айбек Асан уулу ушундай шартта гана кылмыштын бети ачылат деген үмүттө тургандыгын жашырган жок.

Тергөө бүдөмүк жүргүзүлүп, көп жагдайларды ички иштер министрлиги атайылап чаташтырып жаткандыгын жабырланган журналист Кубаныч Жолдошев «Азаттыкка» бүгүнкү маегинде ырастады:

- Тергөөнүн иши кандай жүрүп жатканы тунгуюук, эмне болуп атышат десең жооп беришипейт. Орой мамиле кылышат, “кылабыз да, жыйынтыгы убагында болот да” дешет. Ушул окуядан кийин корккондой болуп мен бул кесипти ташташым керек окшойт деген сыяктуу ойлор келбей койбойт. Бирок кандайдыр бир чегингендей позицияда эмесмин.

Журналист Кубаныч Жолдошевди коргоо комитети акыркы арга экендигине шаардык «Ош шамы» гезитинин баш редактору Тургунбай Алдакулов төмөнкүчө токтолду:

- Биз комитет түзүү аркылуу жалпы журналисттер бир ынтымакта, биримдикте бири-бирибизге тилектештигибизди билдирип, биздин кесиптешибиз Кубаныч Жолдошевге кол салган адамдарга күч аркылуу басма сөз эркиндигин муунтабыз деп, терс, жаман ойдо жүргөн адамдарга сокку уралы деп атабыз. Ушундай комитет аркылуу өзүбүздүн күчүбүздү, үнүбүздү билдирбесек, андан башка жол жоктой сыяктанып атат.

Ал эми Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу убагында Кубаныч Жолдошевди уруп-сабоого тиешеси барлар сөзсүз кармалып, мыйзам чегинде соттолоорун убада кылды. Ошол эле учурда Ош шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Тургунбай Жумабаев бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголгондугун, бирок шектүүлөр такташтырылып бүтө электигин «Азаттыкка» маалымдады.
XS
SM
MD
LG