Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:50

Москва шаар башчысы Аралдын арманын айтууда


Cоолуп бараткан деңиздин арманы Москвадан козголууда

Өткөн аптанын аягында Москва шаар башчысы Юрий Лужков Арал деңизин сактап калуу демилгесин көтөрүп чыкты. «Известия» гезитиндеги «Суу болсо – тынчтык болот» деген макаласында башкалаа жетекчиси Об дарыясынын жылдык агымынын 5 – 7% Аралга буруу зарылдыгын козгоодо.

Москва шаар башчысынын ырасташынча, Орусиянын Курган, Челябин, Орунбор, ошондой эле Түмөн облусунун түштүгү суу таңкыстыгынын азарын тартып келатышат. Андан да соолуп бараткан Аралдын шор баскан чаңы жалаң эле Борбор Азияны каптабай, Орусиянын кыйла жерине зыян келтирүүдө.

Ю.Лужков кыйладан бери козголоп келаткан демилгесинин өтөлүнө чыгыш үчүн өткөн жылы “Суу жана дүйнө” китебин чыгарып, планетанын кыйла жеринде сезиле баштаган таза суу таңкыстыгы дагы күчөй бере тургандыгын ырастаган. Андай оор мүшкүлгө ушу тапта дүйнөдө 2 миллиард ашуун калк туш келип, жер ысый баштаганы ал дагы курчуй тургандыгын белгилеген.

Кыргыз-орус (славян) университетинин профессору Валентина Касымованын пикиринде Юрий Лужковдун демилгеси ишке ашып калса ал чөлкөмгө экологиялык коркунуч туудургандан башкага жарабайт.

- Дарыянын бир бөлүгүн башка жакка буруунун азабын Орусиянын өзү тартат. Аны ишке ашыруу үчүн Советтер Союзу тушунда долбоорлор ишке ашырылган. Бул оңбогондой көп каражат. Өтөле узак жерге сууну буруу экосистеманын бузулушуна алып келет. Табияттын өзү экосистема. Анын ичинде өзүнчө түр, анын ичинде кичи түр – баары жабыркайт. Билбей турам, бул өтөле көп каражатты талап кылчу жумуш, анан да ал Борбор Азиянын суу проблемасын чече алабы? Муну чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баары чогуу карашы керек.

Азырынча Борбор Азия республикалары андай орток идеяны мунасага келип чечүү деңгээлине жетише элек. Аны апрелдин аягында Казакстандын Алматын шаарына чогулган чөлкөмдүн беш президенти бир пикирге келе алышпай тарашканы деле көрсөтүп турат.

Валентина Касымова Борбор Азия республикалары сууну үнөмдүү пайдаланууга, сугат ишинде заманбап технологияны колдонууга жетише элек деген пикирде. Анын айынан Сырдарыя менен Амударыянын кыйла суусу орто жолдо калып, Арал деңизинин ордунда эки көл пайда болду.

Академик Дүйшөн Маматкановдун айтуусунда, Сибир дарыясынын бир бөлүгүн Аралга буруунун биртоп артыкчылыктары бар.

- Бул биз үчүн керек болсо, экинчиден, ошол Орусиянын түштүк тарабындагы көп жерлер саз болуп калган. Суу көп, анан чиркейлер жайнайт. Анан ал жерди кургатыш үчүн ал жерлердин суусун азайтыш керек болуп турат. Мына ошондон Орусия биртоп жер өздөштүрүп, көп нерселерден кутулуп, айдоо аянты көбөймөк дагы, саздак жерлери азаймак. Ал эми азыркы ой жөнүндө айтсам, Арал деңизин эми сактоо мүмкүн эмес. Арал деңизи жоголгон.

1993-жылы түзүлгөн Арал деңизин сактоо фондунун Алматы жыйынында да Борбор Азиядагы эң ири көлдү сактоо мүмкүн болбой калгандыгы белгиленди. Постсоветтик Борбор Азия республикаларынын жетекчилери ичара мунасага келгенче деңиз проблемасы дагы тереңдеп, чөлкөмдү каптаган экологиялык коркунуч күчөй бермекчи. Анын үстүнө эки дарыянын башында жана этегинде жайгашкан өлкөлөрдүн ири гидрокурулуштарды куруу керекпи-жокпу талашы күчөгөндөн-күчөп баратат.

Өзбекстандык айрым эксперттер Тажикстан курулушу токтолуп калган Рогун ГЭСине жумшалчу акчаны Сарез көлүнүн коркунучун азайтууга сарптаса дурус болор беле сунушун билдирүүдө. Бийик тоо ичиндеги ири гидрокурулуш ишке ашып калса чөлкөмдү чочулаткан экологиялык коркунучтун сеси азайып, ири курулуштар баштала электе эле жуутпай жаткандарды ымалага келтирип ийиши деле ыктымал.

Москва шаар башчысынын кыйла жылдардан бери козголоп келаткан демилгеси ошол эле Орусиянын өзүндө деле толгон-токой каршылаштарды жараткан. Ким билет, улуттук өзүмчүлүк экономикалык кызыкчылыкка орун бошотуп калса фантастикалуу көрүнгөн долбоордун ишке ашып калышы деле ыктымал. Кошумчалай кетчү сөз, идея биринчи ирет Москва шаар башчысынан эле чыгып жаткан жери жок. Орус окумуштуулары Арал деңизи азайып баратканын 19-кылымда эле белгилеп, ага Сибир сууларын буруу идеясын көтөрүп чыгышкан. Эки жылдык идеянын эртеңи азырынча бүдөмүк.

XS
SM
MD
LG