Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

БШК таза шайлоону убада кылды


Бүгүн президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка ат салышууга алты талапкерди каттады. БШК төрагасы Д.Лисовский шайлоо бурмаланбай таза өтөт деп билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийдин маалыматына караганда, президенттик шайлоо 23-июль иш күнү өткөрүлүп, бул саясий өнөктүккө 2 миллион 700 миң шайлоочу катышат. Өлкө аймагы боюнча жана чет өлкөлөрдү кошкондо жалпысынан 2 миң 333 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлүп, анын 23 миңден ашуун мүчөсү окутулат. Кыргызстан аймагынан сырткары чет өлкөлөрдө 49 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлөт.

«Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкө аймагынан сырткары 102 миңден ашуун добуш берүүгө жарамдуу атуулдар бар экендиги айтылууда. Чет жерлерде дагы канча шайлоочу бар экендигин Тышкы иштер министрлиги беш күндүн ичинде тактап тизмесин берет. Сыртта жүрүшкөн кыргызстандыктардын фамилиясы бул жактагы тизмеден чыгарылат»,-дейт Лисовский.

Төрага белгилегендей президенттик шайлоону өткөрүүгө казынадан 153 миллион сом бөлүнүп, бармакка белги коюу (маркировка) быйыл алынып салынгандан улам 4 миллион сом үнөмдөлгөн.

Лисовский ошондой эле президенттик шайлоого алты талапкер катталып, 18-июндан баштап талапкерлер үгүт иштерин башташканын белгилеп, талапкерлер Шайлоо Кодексинде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоосу керектигин айтты.

-Талапкерлер биринчиден шайлоочуларга акча таратпашы керек. Ураан-чакырыктары жазылган плакаттарды БШКдан каттоодон өткөрүүсү зарыл. Аны жумушчу топ карап чыгып, уруксат берет. Плакаттарды кимдер, кайсы басмакана чыгарганы көрсөтүлүшү керек. Себеби талапкер шайлоо корун түздү да. Акча ошол кордон башка жактан, учетсуз өтсө БШК карап өз чечимин чыгарат. Шайлоо корунун акчасы 50 миллион сомдон ашпасы керек. Мисалы, мен шайлоо коруна 6 миң сом салып, үгүт иштерине андан ашыкча он миң сом сарптасам бул мыйзамсыз болуп калат. Жалпы суммадан 0,5 пайыз ашпасы керек, -деди Лисовский.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунованын пикиринде, президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү иш күнүнө белгиленгенинин өзү туура эмес, шайлоого үгүт маалында президенттин ыйгарым укуктарын токтотпогону, бармакка белги коюуну алып салуу атайын шайлоону бурмалоо үчүн жасалгандай.

- Шайлоого жарандар даяр болбогон, укуктарын аз билген жерлерде моркировка керек болчу. Бирок шайлоо протоколдорун бурмалаганда жана башка мыйзамсыз иш аракеттерге салыштырмалуу моркировка кичинекей эле проблема болуп калат.

Аталган коалициянын лидери Динара Ошуракунова жарандык коомдун өкүлдөрүн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө каттоодо дагы БШКнын жаңы эрежесине ылайык бир катар көйгөйлөр пайда болгондугун билдирди. Анын айтымында, участкалык шайлоо комиссиясына мүчө болуш үчүн комиссияга көрсөтүлгөн талапкерди жарандык уюмдардын чогулушу бекиткен токтомдордон бөлөк, иштеген жеринен жана жашаган жеринен күбөлөндүргөн кат, жана башка кагаздарды топтоп шаардык, райондук шайлоо комиссияларына тапшыруу керек.

«Айрым комиссияга көрсөтүлгөн талапкерлер убактылуу иштеген жери жок болсо аны каттоого болбойт экен. Жанагынча кагаздарды топтогондон кийин дагы кандайдыр бир кыйкым таап отурса, комиссияга мүчөлүккө көрсөтүлгөн талапкер өзүнөн өзү баш тартат. Анан шайлоо комиссиялары жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан жок дешип, мугалимдерди каттап коюшат»,-дейт Ошуракунова.

БШКнын төрагасы Дамир Лисовский буга чейин Кыргызстандагы шайлоолор БШК тарабынан мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп келгендигин, алдыдагы президенттик шайлоону дагы таза, адилет, ачык өткөрүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдын чегинде бардык аракеттерди көрөрүн, шайлоого жергиликтүү байкоочулар, 1 миңге чукул эл аралык байкоочулар байкоо жүргүзөрүн айтты.

Ал эми президенттикке талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзгөн алгачкы күнү эле БЭКтин Таластагы мүчөлөрүнө жергиликтүү бийлик тарабынан кысым, ар кандай бут тосуулар болуп, көз көрүнөө мыйзам бузууларга жол берилип, алардын он чактысын милиция кызматкерлери камакка алганын СДП фракциясынын лидери, депутат Бакыт Бешимов билдирди:

-Азыркы президент Курманбек Бакиев Таласка барганда анын жолугушуусу «Манас-Ордодо» адамдарды камоодон, абакка алып барып салгандан башталды. Биздин активдүү мүчөлөрдү ошол штабда арест кылып, анан камап атат. Калгандарын болсо укук коргоо органдары коркутуп жатат. Мына президенттин азыркы учурда өткөрүп жаткан саясаты ушул.

СДП фракциясынын лидери белгилегендей президенттик шайлоо алдында бийлик карапайым калкты коркутуп-үркүтүп бир адамга добуш берүүгө аракет кылып, кысымга алуусу жакшылыкка алып келбейт.

-Булар ошол Түптөн баштап бүткүл кыргыз элин атуулдук согушка түртүп жатат, -деди Бакыт Бешимов

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президенттикке алты талапкер каттоодон өттү. Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевге 1 миллион 134 тысяча 823 кол тамга чогултулган. Башка талапкерлер Алмазбек Атамбаев 160 миң 786 , Темир Сариев 90 миң 956, Нурлан Мотуев 51 миң 329 , Токтайым Үмөталиева 50 миң 739 жана Жеңишбек Назаралиев 50 миңден ашуун кол тамга чогултушкан.

XS
SM
MD
LG