Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Паспортсуз жарандар, күбөлүксүз балдар


Айылдардан борборго көчө-коно келген айрым ички мигранттардын жана алардын балдарынын документтери жок. Бишкектин Дордой базарынын жанындагы Келечек конушунда дээрлик баардык бүлөсүнүн тең документтери жок үй-бүлөлөрдү да тапса болот.

Алты жашар кенедей Айтурган бүгүн да адаттагыдай Дордойдо кагаз куту терип, аны сатып иштеп келип, түшкү ысык тамак ичкени Балдарды коргоо борборуна келди.

Айтурган беш бир тууган. Өзүнөн улуу он жана тогуз жашар эки эжеси, анан бул жанында жүргөн чөбүрөгөн эки иниси бар.

Айтургандын үй-бүлөсүндө атасы эле жакында паспорттуу болду. Апасынын айтымында, ал паспортун студент кезинде жатаканадан алалбай калган. Өзүнүн паспорту болбогондуктан азыр бир да баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала элек:

- Мен Базар-Коргондо катталгам, бирок паспортту ушул жерден эле алсамбы дедим эле. Биерден алса болобу, же болбойбу билбейм, эч кимге кайрыла элекмин. Төрөгөндө документтери жок эле төрөдүм. Бул баламды төрөгөндө, апамдын паспортун көрсөткөнбүз. Бул кичүү баламды болсо 6-ооруканада төрөдүм, ал жакта мага окшогондор көп экен. Азыр кээ бир балдарымдын туулгандыгы тууралуу маалымдамалары да жок.

Бул келин эки кызын мурдагы жылы мектепке жаңы бергенде күбөлүктөрү жоголуп кеткен, деп койгон экен. Быйыл болсо кыздары талаада иштеп мектепке да барбай калышкан.

Кыргызстанда учурда канча адам паспорту жок, балдары да күбөлүксүз жүргөнү тууралуу так маалымат жок.

Келечек конушунун төрайымы Гүлжан Шаршембиеванын айтымында, конушта документтери жок, же толук эмес үй-бүлөлөр өтө көп. Шаршембиева алар көп учурда кенебей жүрө беришерин айтат:

- Биз кыргыз калкы өтө энөө калк болот экенбиз. Так болбойт экенбиз. Ана бүтөт, эртең жасап коем, деген биздин каныбызда бар окшойт.

Келечектеги Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Таалайбек Жакыповдун айтымында адатта документтер балдарын мектепке берер малда такталат:

- Азыр быйыл 1-класска барчулардын тизмесин тактап атабыз, кимдин документи бар, кимдики жок деп.

Таалайбек Жакыпов мурдагы жылдарда документтери так эмес балдар мектепке баралбай калышкан учурлар болсо, былтыртан баштап борбордун көмөгү менен мындай балдар окуп жатканын билдирди:

- Ошондой учурлар болчу. Былтыртан бери документи жок болсо да мектепке киргизип окутуп, андан кийин документтерин топтогонго аракет кылып жатабыз. Мындай балдар көп эле болуп жатат. Азыр 1-класска бара турган 10-12 балада форма-63 деген жок. Аны алыш үчүн сөзсүз эмдөөдөн өткөрүшү керек экен. Андан өткөрүш үчүн документ керек.

Келечек конушундагы Айтургандын апасы качан паспорт алып, беш баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берери азырынча белгисиз.

Ал арада алты жашар зирек Айтурган иштегенге да, бөбөктөрүн ойнотконго жетишип, мектептин жанынан өткөн сайын окугусу да келип жүрөт.
XS
SM
MD
LG