Синьцзянь Уйгур автоном облусунун Кашгар округунун губернатору Гуань Сань Пин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Оштогу соода жармаңкесине кытайлык 100дөн ашык ишкер катышып, 200 чакты аталыштагы товарларын кардарлар сынына коюшту. Ош шаарынын тургуну Карамат жармаңкеге коюлган товарлардын сапатына ичи чыкпагандыгын туюнтуп, наркы да кымбаттыгына кейиген маанайда:
- Кытайдын товары илгерки мезгилде сапаты жакшы болчу. Азыр базарда сапаты начар болгондуктан ишеничибиз бир аз азыраак болуп турат. Бул жердеги товарды көрүп чыктым, баасы кымбаттырак. Баасы төмөнүрөөк болсо жакшы болмок.
Ал эми Карасуудан келген Хусанбай Абдыраманов товарларды тандоого мүмкүнчүлүк жоктугуна кейип, ушундан көрө Кытай ишканаларын Кыргызстанда куруп, продукция өндүргүндө бир топ маселелер дароо чечилмек экендигин төмөнкүчө баян этти:
- Баалары жакшы экен, бирок товар аз экен. Кытайлык ишканалар Ошто курулса элибиз иш менен камсыз болот эле. Бул жерде 100 сом турган нерсени барып алып келе турган болсок миң сомго түшөт, калганы өз чөнтөгүбүзгө пайда болот.
Кытайлык ишкер Чу Жинь Фу Ош облусунун жана шаарынын жашоочуларынын дооматтарына макул эместигин, жармаңкеге коюлган товарлар сапаттуу, ошондой эле баасы базарларга караганда арзаныраак экендигин маалымдады.
- Мен, мисалы, электрондук жана турмуш-тиричиликке керектүү товарларды кардарлардын сынына койдум. Баасы сапатына жараша, бирок, базарлардагыдай кымбат эмес. Көпчүлүгүн сатып алышты. Айрымдарына келишим түздүк. Буюрса, мындай эки тараптуу кызматташуу күчөсө, дагы келем деген ниетим бар.
Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бүргөев кытай товарлары сапаттуулугуна басым жасап, бирок баасы жогорулугун ырастады:
- Чынын айтканда товарлар сапаттуу экен, Кара-Суу базарындагы баа менен салыштырдым, алса болот баасы өтө деле жогору баада эмес.
Кошумчалай турган жагдай: Ош облусундагы айрым көз карандысыз экономисттер Кытай Кыргызстанга теңата мамиле кылбай келаткандыгын белгилешип, өлкөдөн тери, жүн сыяктуу кымбат баадагы чийки заттар арзан ташылып кетип жаткандыгына кабатырланышкандыгын жашырышкан жок.
Көз карандысыз экономисттердин пикирлерин Ош облус губернаторунун орун басары Болот Бургоев да тастыктап, бирок чийки заттардын Кытайга арзан сатылышына бөгөт коюу өкмөттүк деңгээлдеги маселе экендигин жарыя кылды.