Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

А. Чотбаев: Ооганстанда күч менен тынчтыкка эч ким жетпейт


Ооганстан согушунун катышуучусу, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев талибдерди жараткан АКШнын өзү экенин баса белгилеп, Ооганстанда күчкө таянып эч ким максатына жетпейт деп билдирди.

- Абдыгул мырза, 18-январда Кабул талиптер чабуул жасашты. Бул алардын абдан күчтүү экенине кабар береби?

- Биринчиден, азыркы убакта талибдерди ким ойлоп чыгарды эле, эмне үчүн чыгарды эле? Азыр Ооганстанда баарыбыз билебиз эмне болуп атканын. Талибдерди ойлоп чыгарган бул АКШ. Эмне үчүн чыгарды эле? Ооганстанда согуш болуп атканда Советтер Союзунун аскерлерине каршы чыксын деп чыгарышкан. Ал согуш бүткөндөн кийин азыр АКШнын аскерлери Ооганстанда согушуп атышат. Кылабыз деген иштери эмне эле? Ооганстанда тынчтык болот, талибдерди жок кылабыз деп. Көп жылдан бери алардын колунан эч нерсе келбей атат. Менин оюм боюнча азыр Ооганстанда куралдуу күчтөр менен тынчтыкка эч ким жетпейт.

-АКШ аскерлери Барак Обаманын жаны стратегиясы боюнча көбөйтүлдү. Ооган жаңжалын токтотууга жаңы стратегия жардам береби?

- Жардам бербейт, канчалык көбойтсө дагы эч нерсе болбойт. Менин оюмча башка тынчтык жолу менен барыш керек. Мына Советтер Союзунун аскерлери тогуз жылдан көбүрөк ал жакта согушка катышпадыкпы. Биз согушка катышып атканда аларды өлтүрүп, үйлөрдү талкалаган жокпуз. Советтер Союзу бир жагынан душмандар менен согушуп аттык. Экинчи жагынан шаарларга, айылдарга жардам берилип атты, мектептер, ооруканалар курулуп атты, башка жардам да берип аттык. Баңгизат менен да күрөш жүрүп аткан болчу. Эми азыр өзүбүзгө өзүбүз суроо берип, кимдин кызыкчылыгы бар Ооганстанда, кандай кызыкчылык? Менин оюмча, АКШ бир колу менен жардам беребиз, күрөшөбүз деп, экинчи колу менен баңгизатты, курал, ок каражатты бир жакка сатыш керек да.

- СССР убагында да курал менен дагы, экономикалык жардам аркылуу дагы жеңишке жетишкен эмес. Америкалыктар дагы азыр ошол жолго түшүп атат. Демек булардын дагы жардам берүү стратегиясы эч кандай натыйжа бербейт, андан көрө согушту токтотуу туурадыр?

- Советтер Союзунун кандай кызыкчылыгы бар эле? Ал убакта эки система күрөшүп атпады беле, НАТО менен Советтер Союзу деп коелучу. Ошол убакта Американын куралдуу күчтөрү Ооганстан жакта болгону бизге кереги жок болчу . Эми азыр болсо АКШга Ооганстандын плацдарм катары керек деп ойлоп атам.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG