Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:29

А.Эркебаев: Комиссияга күч органдарынын өкүлдөрү кирген жок


Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, апрель-май айларындагы окуяларды иликтеп, аларга саясий баа берүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Абдыганы Эркебаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Комиссия чыгарган тыянак объективдүү болооруна кандай кепилдик бар?

Абдыганы Эркебаев: Биринчиден, комиссиянын курамы ар кайсы кесиптеги жана ар кандай көз караштагы адамдардан турат. Башкача айтканда, мамлекеттик кызматтагы адамдар гана эмес, көбүнчө көз карандысыз адамдардан турат.

Экинчиден, комиссиянын курамында өз иштерине баа бере турган укуктук мүнөздөгү, айрыкча кылмыш иштерине байланыштуу иштерди тергей турган укук коргоо органдары жана күч органдарынын өкүлдөрү жокко эсе. Себеби алар өздөрүнүн мундирин, кызматын акташ үчүн туура эмес маалыматтарды берип коюшу мүмкүн. Ошондуктан алардан кошкон жокпуз.

Үчүнчүдөн, биздин комиссиянын курамында көз карандысыз бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттардын өкүлдөрү, окумуштуулар, саясатчылар үстөмдүк кылат. Менимче, алар мамлекет үчүн тартып, саясий кызыкчылыкты көп көздөбөйт.

- Буга чейин өлкөдө орун алган Ош окуясы, Аксы окуясына жетиштүү саясий баа берилбей келатканы айтылат. Бул окуяларга толук саясий баа берилет деп айта аласызбы?

Абдыганы Эркебаев: Сиз айтып кеткен сын пикир туура. Мен убагында 1990-жылы парламенттин депутаты катары аны жакшы билем, ал өтө кыска, өтө эле үзүк сыяктуу болуп калган.

Ал эми Аксы окуясы боюнча көп эле көз карандысыз, депутаттык, мамлекеттик териштирүүлөр болду. Бирок, сиз айткандай, ар тараптан терең иликтенбегендиктен башы соолуп, куйругу ушуга чейин келбедиби. Биз ушул жагдайларды эске алып, колдон келишинче биринчи эле отурумда, атүгүл чечим кабыл алган өкмөт жыйынында эч ким өзүнүн бийлигин пайдаланып кийлигишпесе колдон келишинче калыс жана чынчыл жыйынтыктарга келсек деп ниет кылып атабыз. Ал үчүн биринчи иретте бул окуяга катышкандардын эскерүүлөрү жетишерлик жарыяланып келатат, басма сөзгө рахмат. Азиза Абдрасулова жетектеген көз карандысыз комиссия да түзүлгөн, анын да материалдары бар, биз аны да эске алабыз, түпкүлүгүндө окуялардын катышуучулары жана күбөлөрү менен көзмө-көз, бетме-бет жолугабыз.

XS
SM
MD
LG