Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Д.Ошуракунова: Курултайга 4 максат менен катышабыз


Динара Ошуракунова
Динара Ошуракунова

Ушул күндөрү айрым жарандык коомдор алдыдагы бийлик жана оппозиция курултайларына бирдей катышаарын билдирип жатышат. Алардын бири - “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы. Коалициянын лидери Динара Ошуракунова “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Азыр эки курултайга тең үмүт арткандар көп деп айтуу эртерээк кылаар. Ушул коалиция курултайларга кандай максат менен баратат?

Динара Ошуракунова: Биринчиден, директорлор кеңеши ушуну атайын талкууга алабыз деген. Ушул аптада талкуу жүргүзүп, коалициянын 15 мүчөдөн турган директор кеңеши чечимге келишти. Бардык оппозиция, же бийлик болобу, же кандайдыр бир башка саясий күчтөргө ушундай аянтча берилип атканда барып, ошол жерден элдин кызыкчылыгы үчүн адамдардын укугу жөнүндө мамлекеттин да, коомдун да көңүлүн дайыма буруп туруш керек деп атабыз.

- Коалициянын максаты эмне?

Динара Ошуракунова: Курултайга төрт максат менен катышабыз. Биринчиден, Конституцияга киргизилип аткан өзгөрүүлөр, экинчиси, УТРКнын жумушу боюнча, үчүнчүдөн, журналисттердин, жарандык активисттердин коосуздугу жана албетте тарифтер маселесин көтөрөбүз.

- Тариф маселеси азыр коомчулуктун бүйүрүн кызыткан талылуу маселе болуп турат. Муну сиздер да диалогдор аркылуу далилдеп атасыздар. Жакында “220 кыймылы” кол топтой баштады. Бул коомчулук каалагандай кандайдыр бир жыйынтыктарга жеткире алабы?

Динара Ошуракунова: Мен ойлойм, эгерде элдер өзүнүн укугун билип, ошону коргой баштаса, анда бийлик иш жасап, көргөзүш керек. Эгерде биз ушинтип отура берсек, албетте башка иш-чаралар жүрбөйт. Ошондуктан элдер өз укугун билип, коргоп туруш керек.

Мына, Нарында митингдер өтүп атат, таластыктар айтып атат, негизи элдин баары нааразы. Бирок курултайга үмүттөнүп, ошон үчүн чыкпай атышат. Алар курултайга делегаттар барып, ошол маселени көтөрүп, анан президент болобу, бийлик болобу, чогулуп маселени чечип берет деп ойлоп атат.

- Азыркы учурда оппозициядагы элдин көйгөйлөрү деп төрт маселени көтөрүп жаткан экен. Ошол маселелерди Ынтымак курултайына сунуш кылабыз деп билдирип жатышат. Бийликке оппозициянын үнү жетеби, кандайдыр бир жооп болушу мүмкүнбү?

Динара Ошуракунова: Оппозиция Ынтымак курултайына катышпайбыз деп айтты. Бирок алар өзүнүн талаптарын ошол курултайга башка делегаттар мененби, же ооз эки болобу, Ынтымак курултайынын делегаттарына кайрылуу жасашы керек.

- Мисалы, жарандык коомдор ошондой билдирүүлөр менен чыгышы мүмкүнбү?

Динара Ошуракунова: Албетте. Анткени оппозиция көтөрүп аткан маселелер бүт эле коомдун маселеси болуп атпайбы. Ошондуктан жарандык коомдун өкүлдөрү сөзсүз ал суроолорду көтөрөт.

- Маегиңизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG