Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

“Ак жолдун” ачуусу жана аргументи


“Ак жол” партиясынын парламенттеги өкүлдөрү СДП фракциясынын лидери Б.Бешимовдун кыргыз бийлигин "легитимсиз" жана "кылмыштуу" деп атаган билдирүүсүнө нааразы болуп жатышат.

“Ак жол” партиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиев бүгүн маалымат жыйынында СДП фракциясынын лидери Бакыт
Бешимовдун саясий билдирүүсүнө каршы экенин айтты.

-Бакыт Бешимов Аскар Акаевдин тушунда чоң чиновник болуп жүргөндө демократия бар экен да. Андан кийин биздин эң чоң ЖОЖдордун биринде ректор болуп жүргөндө демократия бар экен да. Оппозициялык партиядан СДПдан биздин парламентке мүчө болуп келгенде эмнегедир демократия жок болуп калыптыр да. Ушул туура дейсиңерби? Бакыт Бешимовдун билдирүүсүнө мен каршымын. Демократия жок дегенине мен кошула албайт экенмин. Өзүңөр деле көрүп турбайсыңарбы, бизде көп партиялуу парламент. Үч партия “Ак жол”, СДП, Коммунисттер партиялары бар. Анан кийин демократия таптакыр эле жок болуп калды дегенине мен таптакыр кошула албайт экенмин, -деди Табылды Орозалиев.

Жогорку Кеңештин СДП фракциясынын лидери Бакыт Бешимов август айында аны күч менен жок кылуу аракети болгондуктан өлкөнү убактылуу таштап кетүүгө мажбур болгонун электрондук почта аркылуу тараткан саясий билдирүүсүндө белгилеген.

“23-июлда К.Бакиев шайлоону биротоло жок кылып, мамлекеттин цивилизациялуу демократиялык багытта өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жойду. Өлкөнү бүгүн легитимсиз кылмыштуу бийлик башкарып жатат. Мен мындай бийликти тааныбайм,-деп билдирген Б.Бешимов. - Жогорку Кеңеш депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик укуктан ажыратуу менен кылмыштуу саясатты аткарып, мыйзам чыгаруу органын биротоло курутту".

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Досалы Эсеналиев болсо Б.Бешимовдун АКШдан жазган билдирүүсү өзүн актоо катары кабыл аларын билдирди.

Бакыт Бешимов саясий билдирүүсүндө Балыкчыда өз эркиндигин, укугун коргоого аракет кылып, мыйзамсыздык менен келише албаган адамдар бейкүнөө жабыр тартып жатат деп белгилеген.


Балыкчы окуясы демекчи, 23-июлдагы президенттик шайлоодо баш аламандык уюштурду, конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, шайлоого тоскоол болду деп Балыкчыда 19 адам айыпталууда.

Аларга байланыштуу ишти токтотууну, адам укуктарын коргоого, ашкере катаал чараларды көрбөөгө чакырып, СДП фракциясынан депутат Кубанычбек Кадыровду кол тийбестик макамынан ажыратпоо өтүнүчү менен Ысык-Көл облусунун коомдук жана саясий ишмерлери президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевге, башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге кайрылуу жолдошкон.

Кайрылууда “өлкө башчысы мамлекетти жаңылоону ниеттенип жатканда, азыркы бийликтин аракетин туура эмес деп эсептейбиз. Эл сизден адилеттүүлүктү жана калыстыкты күтүп жатат”,-деп айтылат.

Бул кайрылууга Кыргыз Эл баатыры М.Мамакеев, жазуучу, коомдук ишмер Казат Акматов, Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденттери М.Намазбеков, М.Кидибаев, М.Балбаков, академик Д.Маматканов, Эл жазуучулары Б.Жакиев, Э.Турсунов жана башка 200 гө чукул адам кол койгон.

“Ак Жол” партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Табылды Орозалиев Ысык-Көлдүк белгилүү инсандардын кайрылуусун колдобостугун билдирди:

-Мен ошол окуя болуп өткөндөн кийин, ошол жердеги биздин партиялаштарга жолукканмын. Алар айтышты, СДПКдан парламентке келген Кадыровдун өзүндө күнөө деп айтышты. Анан кийин жанагыдай президенттин атына аксакалдар “ходатайство” жазганына мен кошула албайм. Ачык эле айтып коюш керек. Мен кошула албайм. Анткени ал туура эмес, ошол болуп өткөн окуя мыйзам гана түрүндө чечилиши керек. Парламент кабыл алды, андан кийинкиси укук коргоо органдарынын иши. Бирок мыйзамдын тегерегинде гана чечилиши керек бул маселе.

"Кыргызстан патриоттору" саясий партиясынын лидери Алмаз Орозбаков болсо ысык-көлдүк көрүнүктүү инсандардын кайрылуусун бийлик, байлыктан дагы жогору турган адамгерчилик катары баалап, азыркы укук коргоо органдары мыйзамды сыйлабай калганын айтты:

-Мыйзам чегинде болсо мурда эле буларды кармамак эмес болчу. Балыкчыда кармалгандардын эч бир кылмышы жок да. Алар күнөөлөнүп жаткан беренелерге алардын кыймылы дал келбейт. Ошодуктан азыртадан эле бул боюнча мыйзам бузулуп жатпайбы.

Балыкчы окуясы, депутат Кубаныбек Кадыровго байланыштуу СДП фракциясы презилдент Курманбек Бакиев менен жолугушууга ниеттенип жатышканы тууралуу маалымат тараган эле. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Досалы Эсеналиев бул маалыматты тастыктап, СДП фракциясынан 19-сентябрда депутат Роза Отунбаева менен президент Курманбек Бакиевдин жолугушуусун уюштуруу тууралуу кат келип түшкөнүн билдирди:

-Мындай жолугушуу болушу жөнүндө биз Иса Шейшенкулович экөөбүз, алардын суранычы менен бир жума мурда сүйлөшкөн болчубуз. Ошол иштин жыйынтыгы болуп бүгүнкү жолугушуу болмок. Ошол жолугушууну өткөрүүгө байланыштыруучу катары мен жана башкы прокурор дайындалган. Ошол себептен бүгүнкү 30-сентябрда саат 15-00 дайындалган жолугушуу болчу. Тилекке каршы, белгисиз себептерден улам баш тартышып, бүгүнкү жолугушуу болбой калды.

Ал эми СДП фракциясынын төрага орун басарынын милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов президенттин өкүлдөрү менен жолугушуу
тууралуу сөз болбогонун билдирди.

-Мен президенттин ыйгарым укутуу өкүлү менен жолугушканда президентке жазган кат жөнүндө сөз болду. СДП фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыровго иш козгоо боюнча жана жалпы эле бүгүнкү күндөгү шайлоодон кийинки биздин партия мүчөлөрүнө, шайлоодогу ар кандай иштер менен кармалган, камалган кишилерди куугунтуктоо жана башка чаралар боюнча, өзгөчө Балыкчыдагы бүгүнкү күндө камалып жаткан биздин тарапкерлер боюнча мен президентке кат жазгам. Бирок президенттин өкүлдөрү менен фракция жолугушуу жөнүндө сөз болгон эмес. Ал сүйлөшүүдөн кийин Роза Исаковна (Отунбаева авт.) президентке өзү жолугуп калат. Ошондой президент, дүйшөмбү күнү түштөн кийин кабыл алам деп айткан экен. Ошол кабыл алуусун биз күтүп атабыз,-
деди Иса Өмүркулов.

XS
SM
MD
LG