- Кыргызстандын секулярдык өлкө экенин тактап жазуу талаш-тартышты туудурганы маалым. Мына, орусча вариантында “Кыргызская Республика - светское государство”, деп турат. Ал эми эми кыргызчасында “динден тышкары” деп кирген экен. Талаш ушул котормодобу же башка себептери барбы?
Гүлшайыр Абдирасулова: Өзүңөр айткандай, 1-бөлүмдүн 1-беренесинде Кыргыз мамлекетинин мамлекет тилинин негиздери салынган. Ошого карата эле социалдык демокративдүү, унитардык, ошондой эле “светская” деген орусча вариантында, ал эми кыргызчасына динден тышкары деп салынып калган. Бирок “светская” сөзүнө карап келсек, анын түшүндүрмөсү “дин мамлекеттин ишине аралашпайт, мамлекет диндин ишине аралашпайт деген маанини” берет. Конституциялык кеңеште көп ызы-чуу суроо маселелер көтөрүлүп аткан себеби “светская” деген кыргызчага которулганда туура эмес которулуп калганы болуп атат.
Ал эми динге ишенгендер, мечитке барып намаз окугандар кыргызча вариантын туура көрбөй, ошон үчүн алып койууну талап кылышууда. Бирок мен укук коргоочу катары буларды айтам: унитардык мамлекет болуш үчүн, бир эле котормосун табалбаган үчүн андай сөздү алып салбашыбыз керек. Мисалы, ошол эле Түркия, Казакстанда деле бар. Алар деле мусулман, аларда деле дин ачык өнүгүп эле жатат. Бирок котормосун табалбай эле аны алып койбошубуз керек.
- Баш мыйзамдын соңку вариантында бул сөз кандай болуп кирди? Анан “светское” деген сөздүн котормосун табуу үчүн тилчилерге кайрылып жатабыз дедиңер эле?
Гүлшайыр Абдирасулова: Азыр катчылык тилчилерге кайрылды. Бул котормо боюнча тилчилер иштеп атат. Дагы бизге көп-көп котормолор түштү. Жарандар Конституциялык кеңештин жыйыны өткөрүлүп жатканын сыналгыдан көрүп, бизге көп вариантты жөнөттү. Биз сүйлөшүп, котормосуна дин деген сөздү аралаштырбай эле койсокпу деп атабыз. Мисалы, ошол эле казактарда “алсызарлыгы” деп турат, кээ биркилер “лайык” деп кошуп атат, кээ биркилер “аксөздүк” дегендерди берип атат. Дин деп кошпосок, динге ишенгендердин укугун тепселебегендей бололу деп ойлоп атабыз.
- Баш мыйзамдын соңку вариантынын кыргызчасында ошондо “динден тышкары” деген сөз азыр алынып салдыбы?
Гүлшайыр Абдирасулова: Азыркы кыргызча вариантында котормосу жок. Бирок ошол котормосун издеп атабыз. Кудай буйрса, аягына чейин таап кошобуз.
- Адам укугу жаатта кандай өзгөрүүлөр кирди? Сиздер, укук коргоочулар, эмнени өзгөртө алдыңар? Тынч жыйындарга чогулуу үчүн алдын ала маалымдама бериши керек деген берене алынып салындыбы?
Гүлшайыр Абдирасулова: Тынч жыйындар боюнча алдын ала маалыматтар берген калды. Себеби юрист, эксперттер менен сүйлөшүп, анан макулдаштык. Андан тышкары адам укуктар бөлүмүнө айрыкча майыптарды, балдардын укуктарын киргиздик.
Конституциялык Сотту алып салган болчу, аны да кайра киргиздик, Конституциялык Сот адам укугун коргой турган институт. Дагы бир топ нерселерди киргиздик, бүгүнкү күндө Венециалык комиссия менен сүйлөшкөндө, жакшы жазыптырсыңар, адам укуктарынын негизи бардыгы кириптир деген жыйынтыкты берди. Бирок эки чоң маселе турат: эл аралык ратификация болгон документтерди биз Конституцияга киргизели дедик эле. Алар боюнча талкуу болуп атат. Экинчиси, юридикалык терминдерди юридикалык тил менен жазган болуп атат.