Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Конституциялык кеңешмеде эмне кеп?


Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны, 4-Май 2010-жыл
Конституциялык кеңешменин биринчи жыйыны, 4-Май 2010-жыл

Конституциялык кеңешменин ишини жүрүшүндөгү соңку жаңылыктар жана жагдайлар жөнүндө "Азаттыкка" Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев маек курду.

- Бүгүн кеңешме кайсы маселелерди карай турган болду?

- Бүгүн кеңешменин жыйынында мамлекеттик түзүлүш боюнча топтун иши жыйынтыкталат. Долбоордун өзгөртүлгөн жоболору боюнча маселелер каралып талкууланат. Буюрса аягына чыгабыз деген оюбуз бар.

- Буга чейин долбоордун кайсы бөлүктөрү каралып бүттү?

- Буга чейин 7-8-9-10 топтор өздөрү чогулушуп ишин улантты. Көп маселелер чечилди. Буюрса жакындап келатабыз, акыркы долбоорлорун ар бир топ конституциялык кеңешменин толук жыйынында сунуштайт дагы, ошол жерден талкууланып добушка салынат.

- Ал эми кандайдыр бир жоболор талаш-тартышты жараттыбы?

- Сөзсүз түрдө. Биринчи, мамлекеттик түзүлүш боюнча президенттин укуктары абдан кылдаттык менен талкууланды. Укуктарын азайтуу деген маселени жалпы чечтик. Ошол жерден бир топ президентке тиешелүү укуктар парламенттин жоболоруна киргизилди, өкмөттүн жоболоруна киргизилип атат.

Бүгүн буюрса Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнө ошол долбоор кагаз түрүндө таратылып берилет. Андан сырткары, парламенттин укуктары жакшы каралып, ар бир жобосу, ар бир укугу катуу талкууга ээ болду. Жыйынтыгында ошол долбоорго киргизилди.

Андан башка премьер-министрдин да полномочиелерин өзүнчө айта кетүү жөнүндө чечимге келди Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү. Ага дагы арналган атайын статья болот. Себеби азыркы премьердин укуктары кеңейтилет жаңы долбоор боюнча.

- Бийлик бутактарын бөлүштүрүүдөн тышкары адам укуктары жаатында да талкууларга токтоло кетсеңиз?

- Адам укуктары боюнча да абдан кызуу талкуу жүрдү. Ал жерде жакшы адистер топтолгон экен. Мурда практикалык түрдө Конституциянын көп жоболору текшерилбедиди. Эмне үчүн иштебей атат, эмне үчүн адам укуктары жалпысынан жакшы жазылганы менен иш жүзүндө аткарылбай келатат. Менин билишим боюнча ушул глава дагы кайрадан иштелип чыгып, Конституциялык кеңешмеде жаңы версиясында көрсөтүлөт.

- Талкуулар качан бүтөт?

- Талкуулар улана берет. Бүгүндөн баштап он төртүнө чейин күнүгө “Ак-Кемеде” саат экиде пленардык жыйын өткөрүлөт. Ага чейин топтор түшкө чейин чогулуп турат.

Андан тышкары биздин жарандарыбыздан дагы сунуштар келип түшүп атпайбы, атайын эки телефон берилген. Жер-жерлерден, Бишкектен түз акысыз чалып өз сунуштарын бергенге укуктуу биздин жарандарыбыз.

Ошол келип түшкөн сунуш пикирлерди атайын уюштурулган топ жалпылаштырып, конституциялык кеңешменин топторунун координаторлоруна берип атат. Талкуу мезгилинде ошол сунуштар айтылып атат, топ кабыл алса кабыл алат, кабыл албаса аны чечмелеп беришет.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG