Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Бүтпөй калган конок үйү, ишке ашпай калган пландар


Бүтпөй турган имараттын сырткы көрүнүшү.
Бүтпөй турган имараттын сырткы көрүнүшү.

Ысык-Көл жээгиндеги жерлер менен ири обьектилерди мурунку президент К.Бакиевдин бир туугандары эле эмес, алардын балдары да ээлеп алганын тергөө тобу маалымдады.

Казак президентинин Ысык-Көлдөгү резиденциясынын жанында курулуп жаткан туристтик комплекс Жаныш Бакиевдин уулу Чыңгызга бекер эле берилген. Жергиликтүү бйилик бул обьекти мамлекетке эмес, айыл өкмөткө өткөрүлсө деген сунушун билдирди.

Ысык-Көлдөгү “Кессеңир” деп аталган конок үйү тоонун боорунда жайгашкан. Мурда бул жерде Булан-Сөгөттү айылынын тургундары боз үй тигип, жайкы сезондо иштетчү. 2009-жылдын августунда Жаныш Бакиев чоң конок үй сала баштаганын ал жердин кароолчусу Салмоорбек ырастады.

- Ал боз үйдү алып салышкан, Жаныш Бакиев өзү 3 жолу келген. Биринчисинде жөн эле карап кетип, андан кийин фирманын курулушчуларын “Авроранын” ашпозчуларын алып келип тамак жасатып, сыйлап кеткен болчу.

“Азаттык”: Бул тепкичтерди Бакиевдер салдырдыбы?

- Жок, мурда эле бар болчу. Ушундай 132 тепкич менен көтөрүлөп өйдө чыксаң көл текши көрүнөт, ушундай жакшы жер үчүн көзү түштү да.

Бүтпөй турган имараттын сырткы көрүнүшү.
Күн чыгышы Капчыгай, күн батышы Ысык-Көлдү караган бул туристтик комплекс Президенттин иш башкармалыгынын «Аврора» эс алуу жайына тиешлүү кезинде 1,5 гектар жери менен Ж.Бакиевдин уулу Чыңгыз Салиевге бекер берилгенин тергөө тобунун башчысы Данияр Эркинбаев билдирди.

- Бул туристтик комплексти жергиликтүү эл ижарага алып иштетчү экен. Салиев Чыңгыз Жаныбековичке берилгенден бери 2 жылдагы ижара акысы да төлөнгөн эмес, мындай айтканда мыйзамсыз эле бекер берилген. Ошон үчүн “Авроранын” мурунку директору Замир Бообековго кылмыш иши козголуп, айыбы угузулду. Иш сотко ашып атат.

Д.Эркинбаевдин айтымында, Чыңгыз Салиев 206 миң 550 сом ижара акысын төлөгөн эмес жана 3 кабаттуу курулушту уруксатсыз баштаганы үчүн 192 миң сом, жалпы 398 миң 575 миң сом мамлекетке зыян келтирген.

Кароолчу Салмоорбектин баамында, Бакиевдер конок үйдү акыркы үлгүдөгү долбоор менен куруп баштаган экен.

- Бул жер кичинекей. Бул жерге чоң бассейн курулмак, подвалга унаалар коюлат. 35 метр болгон бул кранды араң алып келдик эле. Эми курулуш иши уланбаса кышында баары керектен чыгат. Мисалы, полу 8 эле см бетон, керамзит, анан да калганын жасаш керек болчу. 3 айдан бери иш токтоп турат. Жок дегенде үстүн жаба койбосо, карда калса бетон жарылып, эмгек талаага кетет.
Урмат Орозов


Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров “Кессеңирге” келип, 3 кабаттуу курулуштун 70 пайызы бүтүп калганын белгилеп, аны кыш айына калтырбай улантууну убада кылганы бар.

“Кессеңир” туристтик комплексин Жаныш Бакиев 2009-жылдын август айынан баштап «Авангард стиль» курулуш фирмасына салдырып баштаган экен. Ошол кезде иштеген 50 жумушчунунун бири Урмат Орозов бул имараттын курулушу 2010-жылдын июнь айында бүтөрү болжолдонгонун, бирок 7-апрелдеги окуялар буга тоскоол болгонун билдирди:

- “Бакиевчилер жоголгула, кеткиле” деп 2 айылдын эли келди, курулуш материалдарды алыбыз деди, бирок координациялык кеңештеги балдар арачы болуп алып калды. Азыр кайтарып отурабыз.

Тергөө органдары имарат толугу менен мамлекетке өткөнүн маалымдаганда Кум-Бел айыл өкмөтү туристтик комплекс турган жер айылдын жайыт жери болгондуктан муниципиалдык менчикке алуу зарылдыгын айтышты. Кум-Бел айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисинин төрагасы Муратбек Рыскулов буларды айтты:

- Бакиев убагында да улутташтыруу деп коюп, кайра эле бир үй-бүлөнүн менчигине өтүп кетпедиби. Биз азыр бекер кайтарып отуруптурбузбу? Обьектини айылга алып, инвестиция тартыш керек болчу.

Жаныш Бакиевдин уулу Чыңгыз бул жердин Кессеңир деген тарыхый аталышын өчүрүп, ага “Айнаш компани туристтик конок үйү” деп жаңы ат бергени айтылууда.
XS
SM
MD
LG