Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:15

"Турна менен ташбака" тобунун концерти өтөт


Бүгүн Бишкекте Жапониядан келген “Турна менен ташбака” аттуу музыкалык топтун концерти өтөт. Анда жапон элинин фольклордук композициялары жаңырат.

Жапониялык “Турна менен ташбака” аттуу музыкалык топтун концерти А. Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өтөт. Кеченин программасына ылайык, жапон өнөрпоздору көрүүчүлөргө ыр-бийден турган 15 номер тартуулашат. Бул маданий иш-чараны Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргыз-Жапон борбору жана Кыргызстандын маданият жана маалымат министрлиги уюштурууда.

Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Хирокацу Инове мырзанын айтуусунда, концертке келген көрүүчүлөр жапондордун музыкалык аспаптары менен таанышып, жапон маданиятынан кабардар болушат:

- Топтун өнөрпоздору кээ бир музыкаларды “Сямисен” аспабы менен, кээ бир музыканы “тайко” барабанынын жардамында ойношот. Муну менен топтун ырчылары жапон аспаптарынын көп кырдуулугун көрсөтүшөт.

Топтун Бишкектеги концерти бир эле күнгө пландаштырылууда. Жапон музыканттардын ошондой эле Улуттук концерваторияда сабак өтөөрү күтүлүүдө. “Негизинен Жапон маданиятынын бизге көп эле окшоштуктары бар. Андыктан биздин студенттер үчүн бул сабак кызыктуу болот -” деген пикирин айтат концерваториянын музыка жана композиция кафедрасынын башчысы Кыдырбек Кайкиев

"Цуру то Камэ” башкача айтканда “Турна менен ташбака” музыкалык тобу 2002-жылы түзүлгөн. Топтун курамын төрт киши түзөт. Аны жетектеген жана негиздеген Касуаки Савада Жапонияда элдик ырларды мыкты аткарган өнөрпоз катары белгилүү. Ал эми топтун аты репертуарындагы “Турна менен ташбаканын бийи” аттуу майрамдык ырдан алынган.

Кыргыз-Жапон борборунун өкүлү Аксана Сагдиева бул топ Жапониядагы белгилүү топтордун бири экенин айтат:

- Жапонияда турналар менен ташбакалар илгертеден эле узак жашоонун жана бакыттын символу катары кабыл алынат. Андыктан топтун атын коюуда ушул нерсеге көңүл бурушкан. Бул топ Жапонияда фольклордук ыр сүйүүчүлөрүнүн да, эстрада күйөрмандарынын да арасында сүймөнчүлүккө ээ.

Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги алдыда ошондой эле бир катар маданий иш-чаралар менен бирге жапон кинолорунун фестивалын уюштурууну көздөөдө. Келечекте Жапон маданиятын чагылдырган ар кыл иш-чараларды өлкөнүн облустарында да өткөрүүнү пландаштырып жатканын кабарлады элчиликтин өкүлү Хирокацу Инове мырза:

- Бул жолу “Турна менен ташбака” музыкалык тобунун эки гана күнгө келгендигине байланыштуу Кыргызстандын аймактарына концерт уюштура албай калдык. Бирок кийинки кечелерди сөзсүз аймактарда улантканга аракет кылабыз.

Аталган топ буга чейин АКШ, Индия, Германия, Италия өлкөлөрүндө концерт тартуулашкан. Кыргызстанга биринчи ирет келишүүдө. Андан ары музыканттар чыгармачылык сапарын Астана, Алматы жана Дүшөмбү шаарларында улантышат.
XS
SM
MD
LG