Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:50

Талант тагдыры: Арген үндүү Асек


“Талант тагдыры” радиотүрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы залкар ырчы, Кыргыз эл артисти Асек Жумабаевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына жана жаркын элесине арналып, өмүр бою ыр менен жашап, ыр менен о дүйнөгө сапар алган ырчынын чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Кудай таалам Асек Жумабаевге көмөкөйүнөн төгүлгөн мукам үндү, комуздун, баяндык, элдик жана симфониялык оркестрлердин коштоосунда ырдоочу нукура ырчы-аткаруучулукту, туубаса актердукту, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай куйкум сөздүүлүктү, жаш менен карынын жарпын жазган өзгөчө тамашакөйлүктү, ачык айтып ак сүйлөгөн чынчылдыкты аябай берген эле. Анын жаркын шыгы, аткаруучулук жүзү, кайталангыс тунук үнү ар бир кыргыздын жан дүйнөсүнө эне сүтү менен кошо сиңген элдик ырларды, алп шайырлар Мусанын, Атайдын көөнөрбөс мурастарын ырдоодо, калкка жайылтууда көрүнгөн жана көкөлөп өскөн.

Асек Теңир-Тоонун койнундагы Байгазак айылында жарык дүйнөгө келет. Ал атадан эрте айрылат. Төрөгөн энеси Асылбүбү эмес, туубаса да тутунган энеси Төрөнүн колунда өсөт. Ошентип Асек балапан чагынан жетимчиликти да, жетишпеген турмушту да башынан өткөрөт. Боорун жерден көтөргөндөн ырга ынак, күү жандуу өсөт. Ага таятасы Ырыс айылдан комуз черткенди үйрөнөт.

1941-дылы Совет өлкөсүнө немецтик фашисттер кол салат. Өскөн жерди, өнгөн элди кара ниет душмандан коргоо үчүн эр-азаматтар жапырт майданга аттанышат. Ал эми айылдагы чарбалык иштин баары чал-кемпирлердин, келин-кесектердин, Асектей боз уландардын колунда калат. Асек 6-классты бүтүп-бүтпөй кырманда эсепчи, текшерүүчү, бригадир, кийинчерээк Орто-Саз айылдык кеңешинде катчы болуп иштейт. Иштин көптүгүнөн Асектин тамак ичүүгө чолосу тийбесе да, эртели-кеч оозунан ырын түшүрбөйт.

1943-жыл. Күз айы. Белгилүү артист Абдыашым Көбөгөнов жетектеген таанымал ырчы, обончу Абдыкалый Темиров баштаган Нарын музыкалуу драма театрынын артисттери Орто-Саз айылына оюн коюп барып калышат. Асек алардын алдында ырдап сынынан өтөт. Баарына жагат. Алар театрда иштөөгө чакырышат. Асек “барам, барбайм” деп ачык жообун бербейт. Көп узабай Асек райкомдун биринчи катчысы Акбаевдин каарына калып иштен бошотулат. Ал Нарындагы эжесиникине келет. Басса-турса да театрда артист болуп иштесем деген ой кетпейт.

Асакем театрдын босогосун кандайча аттаганын минтп эскерген эле:

- Артист болсом деген ой бар экен. Нарынга эжемдикине бардым. Күнүгө клубга барам да терезеден артисттердин машыккандарын карайм. Аларан сүрдөп ичине кире албай качып кетем. Бир күнү Абдашым Көбөгөнов байкап калса керек. Ой тетиги жигит эмне кылып жүрөт. Ой бала бери келчи деди. Барсам, этюд жаса деди. Этюд эмне экенин билбейм. Аксакал: - эмне жасайм, - десем, - Жолдо жалгыз келе жатсаң алдыңдан бир кара чаар жылаан чыга калат, ошондон коркконуңду туурап бер, - деди. Ойлонуп-ойлонуп, отуруп-отуруп чокоюмду чечип жылаанды көргөндөй болуп бакырып-бакырып жыгылдым дейсиң. Ага жагып калдым окшойт деп ойлодум. Абдыашым күлүп калды да – Эми дагы бир этюд жаса. Жайлоодогу тентек кулун болосуң. Ошону туурайсың да үркөсүң деди. Кудай эми урган турбайбы деп эшикке чыгып, чокойду чечип, шымдын багалегин түрүп, Каралков деген көз айнекчен бухгалтер бар эле. Эшикти ачып туруп эле кыйкырып-өкүрүп, кулунча кишенеп, Каралковду карап туруп бир бышкырдым да чалкамдан кетип жыгылсам, Көбөгөнов: - ой сен даяр артист турбайсыңбы, - деп артистикке кабыл алынган элем.

Ошентип жаш шайыр театрга кабыл алынат. Ал таланттуу артисттер Сайрагүл Балкыбекова, Сокей Сатыбалдиева, Жумаш Сыдыкбекова, комузчу, ырчы Абдыкалый Темировдор менен “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” иштеше баштайт.

Асек театрдын босогосун аттары менен чакан ролдорду биринен сала бирин аткарып, бат эле көрүүчүлөрдүн көзүнө көрүнө баштайт. Айрыкча, Жумабаевдин актерлук туубаса шыгы К. Жантөшовдун “Ким канти” аттуу музыкалык комедиясындагы Чыныбектин, К. Эшмамбетовдун “Саринжи Бөкөйүндөгү” Саринжинин, Р. Шүкүрбековдун “Жапалак Жатпасовундагы” Жапалактын ж.б. ролдорунда көрүнөт. Ал ар кандай курактагы, кесиптеги, көз караштагы, кулк мүнөздөрдөгү образдарды сахнага алып чыгуу менен бирге угуучулардын руханий жан дүйнөлөрүндө жашай турган ырларды ырдайт.

Маркум Асакемдин актерлук шыгынын жанышына Абдыашым Көбөгөнов себепкер болсо ырчылык чеберчилигинин жетилишине, ыр дүйнөсүнөн бактысынын ачылышына көрүнүктүү комузчу, обончу, ырчы Абдыкалый Темиров насаатчы болот. ал тууралуу Асакем басса-турса да мындайча эскерер эле:

- Мен Абдыкалыйды биринчи көргөндө, биринчи черткен күүлөрүн, ырдаган ырларын укканда ушундай да адам жаралат экен деп айраң таң калган элем. Ал эми бирге иштеше баштаганда бу кишинин актерлугу, обончулугу, комузчулугу ченде жок эле. Командировкада жүргөндө эртең менен эрте туруп кетет де, чийдин түбүнө отуруп алып обон чыгарат. Тексттин сөзүн да чыгара коет. Болбосо акындардын жакшы ырларына обон чыгаруучу. Мага алып келет. Ал кезде нота менен жумушбуз да жок, билбейбиз. Ошол обонду унутуп калбас үчүн бири бирибиз жаттап, ырдап чыгаруучу элек. Анан ойлоп калчумун. Биринчи кылды мындай, экинчи, үчүнчү кылды тигиндей басып чыгарат турбайбы – деп жүрдүм. Абдыкалый болсо мени: - ой бала бери келчи деп чакырып алат да кыңкылдап берет. Мен да кошо кыңкылдап ээрчип ырдайм. Кээде мен, кээде өзү да унутуп калат. Анан кесиптештерибизге айтабыз: - ой, мобу обонду эстеп койгулачы деп кыңкылдап беребиз. Анан биринчи кайрыгын сен Сайрагүл, экинчисин Сокей жаттап ал деп айтабыз. Ошентип отуруп обондорду чыгарчу. Кийин ал өзү ырдап чыгып, анан мага үйрөтчү. Кээде ырдап жатканымда өзүнөн-өзү эле кайрыктарына, созгондо бирдемелер кошулуп кетүүчү. Анан кокуй балекет басып бул кайрык жок эмес беле деп Абдыкалый күлүп: - ой, баракелди жакшы, жакшы, балам ырдай бер. Обон деген ошондой болуп жаралат, - деп койчу.

Маркум Абдыкалый Темиров Асекти баласындай бапестеген чыныгы устаттын устаты болгон. Ал жаш ырчыга “жонун басып, тишин ачып” дегендей ар бир ырдын обонун, кайрыктарынын созулуштарын кандайча созуш керектигин, ырдын ар бир сөзүнө кандайча басым жасап ырдоо керектигин көргөзүп, такай насаатчылык кеңешин берет. Асек да устатынын айткандарын эки дебей аткарат. Асектин ырдоосунда Темировдун жаштыктын өлбөгөн өчпөгөн махабатына арналган “Ак маңдай”, “Кыялым”, “Кумарым”, “Сагынганым билбедиң” аттуу ырлары кыргыздын элдик ырларынын классикасына айланат.
1946-жылы Нарын драма театры Ысык-Көл драма театрына кошулат. Асек Жумаш Сыдыкбекова менен Ысык-Көл драма театрына которулат. Ал аргендей тунук үнү, мукамдуу ырларды манызын чыгара ырдоо, ар кандай мазмундагы оюндарды күлкүлүү ролдорду аткаруу менен көлдүктөрдүн көзүнө көрүнөт. Асекте да кээ бир шайырлардай менменсинүү, бой көтөрүү, пейил күтүү, “ак молдого” кызыгуу илдети пайда болот. Ал айтылуу акын Мидин Алыбаев менен күтүлбөгөн жерден таанышып, жашы улуу болсо да, жан курбулардан, бөтөлкөлөшкөн достордон болот. Асек Мидин менен бир ай бою Соң-Көлдү аралайт. Тааныбаган угуучулар менен таанышат. Билген ырларын ырдайт.

1949-жыл. Кыргыздын тунгуч режиссеру, эл артисти Аманкул Куттубаев ошол кездеги маданият министрлигинин искусство боюнча башчысы Өмүркул Жакишев Асекти издеп жүрүшүп, Нарындан таап ордо калаага алып келишет. Алар жаш ырчыны Москвадан консерваториядан окутууга даярдашат. Комиссиядан өтөт. Бирок Асек “Жетиммин. Окуя албайм. Жоголуп кетем” – деп көшөрүп окуудан баш тартат. Өмүркул Жакишев: “Андай болсо эч жерде ишке албайбыз. Келген жагыңа кете бер” – деп, кесе айтат. Бул сөз Асеке катуу тиет. Ошентип ал “үйдө жок, Чүйдө жок” болуп ишсиз калат. Филормонияда иштеп жүргөн улуу устаты Абдыкалый Темировдон да айрылат.

Залкар обончу, ырчы, композитор, эл артисти Жумамүдүн Шералиев менен кандайча таанышканы, улуу шайыр Мусанын ырларын кимден үйрөнгөнү жөнүндө бир жолугушууда Асакем мындай деген эле:

- Абдыкалыдан да ажырап калдым. Эмне кыларымды билбей каңгырап калдым. Ошентип жүргөңдө бирөө айтты: Жумамүдүн Шералиев деген ырчы, обончу кыргыз радиосунда музыкалык редактор болуп иштейт деп. Анан ал кишиникине барсам жепирейген камыш менен жабылган үйдө турат экен. Ошо кишиге барып тааныштым. Аркы-беркини сүйлөштүк. Анан Жумакем: ой, балам бир күнү үйгө кел, конок болот, сүйлөшүп отурабыз, - деди. Макул дедим. Алресин алдым. Болжошкон күнү бардым. Жумакем менен алгачкы жолугушканда, сени бир ырчы менен тааныштырам деген эле. Барсам кужу-кужу үн чыгат. Эми эмне кылам, кудай ур, кирсемби-кирбесемби деп сүрдөй баштадым. Кайра кетип кала албай, кой сакалдуу киши чакыргандан кийин деп үйүнө кирдим. Кирсем, мен тааныгандан бир да киши жок. Тыяк-бияктардан келгендер экен. Ыр, күү деген таңшыйт. Айнанайын бир убакта аккордионду бирөө сыздатып тартып атат, көрсө ал Сексенбай Айманбетов экен. Ал аккордиондун тартып бүткөндөн кийин – мына эми сен ырда деп, узун бойлуу, көзү тору жигитке берди. Ал ушундай бир созолонуп ырдады дейсиң, тим эле Мусакемдин (Муса Баетовдун) радиодон уккандай бүткөн боюм жибип, ыраазы болуп ырчыны тиктеп отурдум. Көрсө, ал Мусакем Ак-Талаадан атайын алып келип үйүнө жаткырып багып жүрүп ырларын үйрөткөн Жумакадыр Айтбаев экен. Мына ушундай отуруштан кийин Жумакем (Жумамүдүн Шералиев) айтып калды: - эми сен да Жумакадыр менен кошо барып, радиого Мусакемдин, Атайдын, Боогачынын ырларынан ырдап бер деп. Мына, ошол күнү Жумакадыр менен тааныштым. Анан экөөбүз алмак-салмак радиодон ырдап чыга баштадык. Жумакадыр мага Мусакемдин “Даанышманын” үйрөттү. Мен радиодон ырдап чыктым. Эми бул Мусакемдин ырларын ырдардын алдында эле обондун киришмесин комузда чертиш өзүнчө бир балакет. Обонду кайсыл буроого бурап, кай жерден кандай басып черткенин үйрөнүш үчүн мен Шералиевге жалдырап барып жүрдүм. Жумакемден баарын үйрөндүм. Жумакадыр бул жерин мындай ырда, тигил кайрыгын мындай соз, мына мындай кайыр деп үйрөттү, - деп Асакем жаадырай жайнай отуруп айтып берген эле.


1949-жылдын күз айы. Асек күтүлбөгөн жерден опера жана балет театрынын директору Жапар Садыков менен башкы режиссеру Аманкул Куттубаевге жолугуп калат. Ал экөө Асекти театрда иштөөгө чакырат. Жумабаев алардын чакыруусун жан дили менен кабыл алат. Эртеси эле ал театрга келет. Хор жамаатында иштөөгө буйрук алат. Тырышчаактыгы, талбай изденүүнүн, тажабаган эмгектенүүнүн аркасында Асек аваздык ырдоонун сырларын өздөштүрөт. Нотадан түшүнүк алат. Ал талыкпаган эмгекчилдин аркасында чакан ролдорду биринен сала бирин аткарат. Алсак Жумабаев В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Айчүрөк” операсынан Күлчоронун, Ажыбайдын, Толтойдун, “Токтогулдан” Арзымат менен Койчунун, Н.Давлесовдун “Аста секин колуктусунан” Маркабайдын, А. Аманбаевдин “Бойдокторунан” Тойтуктун ролдорун катыра аткарат.

Асек башка ырчылардан үнү гана эмес, ырдоо манерасы, ар бир ырдын ар бир сөзүнүн маанисин угуучуларга жеткире айтып, ачык, так, даана айтып ырдоосу аудиторияны заматта өзүнө тартып алуусу менен айырмаланат. Ырчыда туубаса артистизмдүүлүк өтө күчтүү эле. Ошондуктан ал ар бир ырды аткарып жатканда башка ырчылардай томсоруп, мостое ырдабастан, жадырап-жайнап обондогу, сөздөгү баяндалган окуяга түшүнө өзгөчө маани бере өңү-түсүн айкалыштыра, өзүн ээн-эркин кармап отуруп ырдоочу.

Асекти Асек деген атак-даңкка жеткирген, дүйнө элдерине ысымын таанылткан Муса менен Атайдын классикалык ырлары болгон.

1955-жыл. Жумабаев Варшавада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк студенттер менен жаштардын бешинчи фестивалына катышат. Ал дүйнөлүк жаштардын жарышында Мусанын “Бакытын”, Атайдын “Күйдүм чогу” менен “Ой булбулун” ырдайт. Ал жөнүндө Асакем:

- 1955-жылкы Варшавада өткөн фестивалга чейин мурдагы фестивалдарга кыргызды кошуптур. Бирок Москвадагы чоң жактырбай кошпой коюшуптур. Сөздүн кыскасы элдик аспап катары көрбөй “Одна палка три струны” дешчү экен. Бирок музыка изилдөөчү А.Затаевич атайын Бишкекке келип Карамолдо, Атай, Муса, Токтогулдун күүлөрүн, ырларын жазып алганын орус жетекчилери угушканбы, Соколов деген профессор, маданият министрлигинде Ирина Михалкова иштейт экен, Кыргызстандан Москвага беш-алты шайыр бардык. Маданият министрлигинин комиссиясы текшеришти. Акырында учуп-учуп кетип атып Артык Мырзабаев экөөбүз калдык. Соколов деген профессор мындан кийин кыргыздын комузун пайдаланабыз. Ар бир улуттук аспаптарын, музыкасын жоготууга болбйот деп, мени Варшавада өтүүчү фестивалга ошол киши кошкон. Мен Варшавага бардым. Катышуучулар чүчү кулак кармадык. Мен жылаңаяк, жылаң баш жигиттин артына туруп калыпмын. Аны билбейм. Көрсө, Индиянын Гудри деген эл артисти экен. Ошондон кийин он беш мүнөттөн кийин ырдайсың деди концертти алып баруучу. 15 мүнөттөн кийин сахнага чыктым. Театрда эки миңдей киши отуруптур. Сынак кол чаптырбайт экен. Бирок Индиянын артисти Гудри ырдаганда кол чаап жиберди. Кудай сактай көр мен ырдаганда эмне болом деп тамырым токтоп, жүрөгүм сокпой кала жаздады. Жүрөгүм түшүп калды. Кудай таалам адамдын бешенесине эмне жазса берет тура. Ошондо мен ыйлап туруп “Муса ырда, Атай комуз черт, арбак колдо, Манас атамдын арбагы колдой көр” деп сахнага чыктым. Отурганымды билемин. Баштары казанбактай комиссия мүчөлөрү отурушат. Өнөрүмдү көргөзөйүн деп оң колумдун жеңин чыканагыма чейин түрүп Атайчасынан комузду ойнотуп чертип аккордду берип, бакырдым эле комиссиялар кагаз жазышпай эле мени карап калышты. Атайдын “Ой булбулун” ырдап ботодой боздоп эле ыйлап жатып алдым. Ошондо “Ой булбулдун” жогору жагындагы созулушту ошондо кошуп ийиптирмин. Ал Атайда жок. Көл-шал тер кетти. Ырдап бүткөндөн кийин турайын десем бутум жок. Көрсө, корккондон учкаштырып отурган бутум уктап калыптыр, чыкпайт. Эптеп турсам залдын ичи дүркүрөгөн кол чабууга жаңырды. Жүгүндүм болбойт, кайра жүгүндүм болбойт. Үчүнчү жолу жүгүнгөндө роялдын артына туруп алып жүгүнүптүрмүн. Угуучулар болсо ойлошту окшойт атайын жасап атат деп. Анан залдын ичи бул-бул-бул эле дешет. Профессор Соколов: - Асек Жумбаевич “Булбулдун” аяккы куплетин ырдап койчу деди. Сахнага чыгып алып корккондон аяккы куплетин таба албай калсам боло, эсиме келбейт. Аягы менен башын ким билип атыптыр деп эсиме келген куплетин ырдадым. Зал ичи дагы дүркүрөгөн кол чабууга жаңырды. Эртеси келсем комиссия мүчөлөрү төшүмө эки алтын медаль тагышты, - деп айтып берген эле Асек Жумабаев.

Ошентип Асек Жумабаев кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк өнөр жарышында кыргыздын комузун, ырын, обонун чет өлкөлүк бейтааныш угуучуларга тааныштырат. Элдик ырчылардын ичинен алгачкы жолу Асек төшүнө эки алтын медаль тагынат. Бул чоң жеңиштен кийин Жумабаевдин атак-даңкы кыргыз эле эмес, миңдеген чет өлкөлүк угуучуларга таанылат. Асакем 1955-жылдан көзү өткөнгө чейин (2005-жылга чейин) 30дан ашык чет өлкөлөрдө ырдайт. Бирок Жумабаев о,дүйнөгө сапар алгандан бери “колдо бар алтындын баркы жок” болуп, айылдаштары, замандаштары, опера жана балет театрынын, Маданият жана маалымат министрлигинин жетекчилери тарабынан эстелбей, эскерилбей, эстен чыгып келүүдө.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG