Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

“Дүйнө берешен” аттуу көргөзмө ачылды


Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Орусиянын маданият күндөрүнүн алкагында “Дүйнө берешен” аттуу көргөзмө ачылды

Музей кызматкери Бактыгүл Капалованын айтуусунда, көргөзмө эки бөлүктөн турат. Музейдин оң жак тарабында Орусиянын жана Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн, ал эми сол тарабында балдар тарткан эмгектер коюлган.

Жогруда айтылып өткөндөй көргөзмө залдын сол тарабында Орусияда жаш сүрөтчүлөргө өткөрүлгөн “Дүйнөнү кең пейилдик сактап калат” аттуу сынактын жеңүүчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Ал сүрөттөр ар кыл темада тартылган.

Бул көргөзмө салтка айланган, башкача айтканда жылда өткөрүлчү көргөзмө. Бул көргөзмө алгач Орусиянын чоң-чоң шаарларында уюшулган. Андан кийин биринчи болуп Кыргызстанда ачылды.

Маалыматтарга караганда, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде бул көргөзмо бир жумага созулуп, андан соң дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүн кыдырып, жаш кыл калем чеберлеринин эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Ал эми Бишкек шаардык мемориалдык музейлер ушул күндөрү тынымсыз иштеп, дайыма туруучу экспозициялар өтүүдө. Мисалы Ольга Мануйлованын үй музейинде ал кишинин өмүр жолун чагылдырган көптөгөн сүрөттөрү, фотоальбомдору, китептери жана ошондой эле анын колунан чыккан пластикалык-айкелчилик майда жана чоң иштери көргөзүлгөн. Мына ушундай эле маанайдагы иштерди Чуйков, Токтогул, Раззаков, Токомбаев музейлеринен көрүүгө болоорун кабарлады мемориалдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханова.

Мамлекеттик тарых музейине келген көрүүчүлөр Кыргызстандын аймагынан табылган, байыркы тарыхкка байланыштуу 300гө жакын алтын жана коло буюмдар коюлган экспозицияга күбө болушат. Миңдеген жылдар мурда жасалып, бүгүнкү күнгө чейин жеткен иймектер, билерик, сөйкө шакек жана башка жасалга буюмдар бар. Баалуу буюмдардан турган бул экспозиция жумасына эки гана күн ачык болот. Бирок күн сайын эле иштей бербейт. Башкача айтканда көрөрмандардын жумасына эки гана жолу көргөнгө мүмкүнчүлүктөрү бар.

Борбордогу Кыргыз-Артекс көркөм өнөр борборунда бүгүн кечки саат алтыда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган “Салон-2009” аттуу көргөзмө ачылат. Ага бир катар кыл калем чеберлери катышып, ар кыл жанрдагы, түрдүү темадагы эмгектерин коюшат. Бул көргөзмө күз айларына чейин созулат.
XS
SM
MD
LG