Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Аптанын маданий окуялары


Түркиянын Анкара шаарында А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын артисттери азербайжан композитору Узеир Гаджибековдун чыгармасына коюлган “Кер-Оглы” операсынын бет ачаарын тартуулашты.
Түркиянын Анкара шаарында А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын артисттери азербайжан композитору Узеир Гаджибековдун чыгармасына коюлган “Кер-Оглы” операсынын бет ачаарын тартуулашты.

Кыргыз даректүү тасмаларынын катарын “Боордоштор” аттуу фильм толуктады.

Анда Памирде жашаган кыргыздардын турмушу чагылдырылган. Тасмадагы кадрларды былтыр өкмөттүн атынан барган экспедиция менен оператор Бакыт Кыпчакбаев кошо жүрүп тартып келген. Ошондой эле Памир кыргыздары боюнча тартылган, архивде сакталган кадрлардан тандалып алынып 40 мүнөттүк даректүү фильм жасалган.

Түркиянын Анкара шаарында А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын артисттери азербайжан композитору Узеир Гаджибековдун чыгармасына коюлган “Кер-Оглы” операсынын бет ачаарын тартуулашты. Бул оюнду түрк көүүчүлөрү жакшы кабыл алышты деп билдирет, Маданият жана маалымат министрлиги. Маалыматтарга караганда, Түркияга 220 артист барган. Эми бул спектакль автордун мекенинде коюлат.

Омск шаарында бул жумада куурчак театрларынын фестивалы ачылды. Ага 17 өлкөнүн театр жамааттары келишкен. 21-сентябрга чейин созулчу фестивалдын алкагында Болгария, Германия, Иран, Кытай, Мексика жана башка бир катар мамлекеттердин артистери өнөрлөрүн тартуулашат. Ал эми калыстар тобу мыкты режиссура, спектаклдин көркөмдүк жактан жана музыкалык жактан жакшы жасалгасы деген сыяктуу номинациялар боюнча орундарды бөлүштүрөт.

СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссер Сергей Бондарчуктун өмүр таржымалын чагылдырган даректүү тасма тартылат. Муну анын кызы актриса, кинорежиссер Наталья Бондарчук ишке ашырмакчы. Анын айтуусунда, фильм келерки жылы атасы жашаган Ейск шаарында тартылмакчы.

Узап бара жаткан аптада Москвада “Жапон күзү” аттуу фестиваль башталды. Анын алкагында жапон сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылып, жапон маданиятынан кабар берген ар кыл иш-чаралар уюштурулду.
XS
SM
MD
LG