Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдыгы белгиленет


30-октябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда Кыргызстандын алгачкы жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдыгы белгиленет.

Кыргызстандын мамлекет башчыларынын бири Абдыкадыр Орозбеков жөнүндөгү “Кыргызстандын биринчи жана улуу мамлекет башчысы” аттуу китеп Бишкектеги “Бийиктик” басмасынан басылып чыкты. Китепке Абдыкадыр Орозбеков тууралу Түгөлбай Сыдыкбековдун, Таштанбек Акматовдун, Турдакун Усубалиевдин жана дагы башкалардын эскерүүлөрү, Темиркул Үмөталиевдин поэмасы, Айткулу Убукеевдин “Аксакал” аттуу повести, Бакы Өмүралиевдин “Абдыкадыр Орозбеков” аттуу драмасы жана ошондой эле тарыхчы илимпоздордун изилдөөлөрү киргизилген.

Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдык мааракесинин өтүшү боюнча “Абдыкадыр Орозбеков” фондунун жетекчиси жана “Кыргызстандын биринчи жана улуу мамлекет башчысы” аттуу китептин түзүүчүсү Каныбек Абдыкадыров “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- 1925-37-жылдарда Кыргызстандын жетекчилик кызматтарын аткарган Абдыкадыр Орозбековду эскерүүгө арналган кечеде – театрлаштырылган оюндар, “Кыргызстандын биринчи жана улуу мамлекет башчысы” аттуу китептин жана ал тууралуу тартылган 35 мүнөттүк документалдуу кинотасманын бетачарлары болот. Кинотасмада ал кишинин өмүр баяны сүрөттөр жана документтер аркылуу, анан эң негизгиси Абдыкадыр Орозбеков жалган жалаа менен камалган учурда абакта чогуу жаткан Дадабаевдин эскерүүлөрү менен чагылдырылды. Аталган иш-чарага өлкө президенти катышат деген маалымат бар. Андан тышкары Жогорку Кеңештен, министрликтерден өкүлдөр жана Өзбекстандан, Казакстандан коноктор келмекчи.

Абдыкадыр Орозбековдун өмүр жолуна токтолчу болсок, ал 1989-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Охна айлында туулган. Абдыкадыр Орозбеков 1925-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу областынын аткаруу комитетинин төрагасы болуп дайындалып, 1936-жылдан 1937-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз ССРинин борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган. Абдыкадыр Орозбеков тууралуу анын атындагы фонддун жетекчиси Каныбек Абдыкадыров студент кезинен бери жазып келатат:

- Ак жерден караланып, Социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа менен 1937-жылы 20-сентябрда камакка алынып, 8 ай кыйноодон кийин 1938-жылы 28-майда атылып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жашырылган.

Жазуучу жана тарых изилдөөчү Кален Сыдыкова Абдыкадыр Орозбеков таза жана советтик түзүлүшкө чын ниетинен берилген жетекчи болгондугун белгиледи:

- Абдыкадыр Орозбеков 20-жылдарда Кыргыз мамлекетин түптөөдө, аны өз алдынча мамлекет кылууда, мамлекеттин ички структураларын түптөөдө жана жер-жерлерде совет өкмөтүнүн бекемделишине бул кишинин салымы абдан чоң. Башка большевиктерден айырмасы – Абдыкадыр Орозбеков өңдүү 1938-жылы атылып кеткен большевиктер лениндик-сталиндик саясатты таза жүргүзгөн, элдин келечек максаты жакшы болсо экен деген чоң максат менен иштеген ак дил, ак ниет адамдардан болгон. Албетте мындай адамдардын бөөдө курмандык болуп, саясий репрессияга кетиши – кыргыз эли үчүн чоң трагедиялардын бири.


Абдыкадыр Орозбеков - кыргыздын тун жетекчиси
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
XS
SM
MD
LG