Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Жаңырган аптанын маданий окуялары


Бишкекте "Мода индустриясы -2010" аттуу эл аралык көргөзмө-жарманке өтүүдө.
Бишкекте "Мода индустриясы -2010" аттуу эл аралык көргөзмө-жарманке өтүүдө.

Бул аптада Кыргыз Эл артисти Роза Аманова жеке концертин тартуулайт. Улуттук филармонияда өтө турган кече менен катар эле Кожомкул атындагы спорт ордосунда белгилүү куудул Жаныбек Алыкулов 50 жылдык мааракесин белгилейт. Куудулдун айтымында, концертте аны куттуктап бир катар таланттар өнөрлөрүн тартуулашат.

Кыргыз циркинде Индия пилдери катышкан оюн-зоок өтүүдө. Программаны уюштуручуларынын бири Людмила Василева кабарлагандай келген көрүүчүлөр пилден башка дагы бир катар жаныбарлардын оюнуна күбө болушат.

- Программада ошондой эле төө, ат жана башка жаныбарлар бар. Мындан тышкары маскарапоздор, акробат-гимнасттар өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Биздин оюндар ишемби, жекшемби күндөрү тартууланат.

Орус драма театрында бул аптада махабатты даңазалаган “Ромео менен Жульетта” спектакли тарттуланат. Мындан сырткары Мар Байжиевдин чыгармасынын негизинде коюлган “Кыз-күйөө” спектакли тартууланат. Ал эми Муса Жангазиев атындагы куурчак театры балдар үчүн ар жекешембиде жомокторун көрсөтөт.

Бишкекте "Мода индустриясы -2010" аттуу эл аралык көргөзмө-жарманке өтүүдө. Иш-чара 2-мартка чейин созулуп, сырттан келген адистердин катышуусундагы жыйындар, талкуулар менен коштолот. Ошондой эле жаш дизайнерлердин сынагы өтөт. Анда орусиялык жана кыргызстандык мыкты модельер-дизайнерлерден турган калыстар тобу бир катар номинациялар боюнча татыктууларды тандашат. Ал эми жеңүүчүгө чет өлкөдө өтчү сынакка жолдомо берилээрин кабарлады "Жеңил өнөр жайчылар" ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов.

Ольга Мануйлованын үй музейинде литография жанрында тартылган эмгектердин көргөзмөсү ачылды. Анда сүрөтчүлүк окуу жайында билим алган жаш кыл калем чеберлеринин эмгектери коюлган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук музейде казак сүрөтчүсү Бахыт Бапишевдин жеке көргөзмөсү коюлган. Анда кыл калем чеберинин 100дөн ашуун живопистери коюлган.
XS
SM
MD
LG