Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Аптанын маданий окуялары


Кыргызстанда салтка айланган “Китеп көркөм өнөрү” аттуу көргөзмө жарманке өттү. Анын алкагында 6 номинация боюнча мыкты басылмалар тандалды.

Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын артисти Марина Солдатова Орусиядагы эл аралык жайкы театр мектебинен билимин өркүндөтөт. Бул туурасында театрдын маалымат катчысы Владимир Трофимов кабарлады. Анын айтуусунда, аталган мектеп Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 4 жыл мурда түзүлгөн.

Токтоболот Абыдмомунов атындагы кыргыз драма театрынын артисттери 26-майдан 31-майга чейин Казакстанда өтүүчү Борбор Азия өлкөлөрүнүн 3-эл аралык театр фестивалына катышат. Бул туурасында Маданият министрлигинин маалымат катчысы Мамасалы Апышев кабарлады. Анын айтымында, кыргыз артисттери Ч. Айтматовдун чыгармасына сахналаштырган “Чыңгыз хандын ак булуту” спектаклин көрсөтүшөт.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестине коюлган балетти кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисттери Түркияда тартуулашат.

Бул жылы Италияда орус маданиятынын фестивалы өтөөрү күтүлүүдө. Иш-чаранын уюштуруучусу, продюсер Алексей Гарнизов билдиргендей, бул фестиваль келечекте салтка айланган окуя болоору күтүлүүдө.

Екатеринбургдагы куурчак тетары Жорж Санддын чыгармасынын негизинде спектакль сахналаштырат. Мындай чечимге аталган театр француз театры менен болгон эки жылдык сүйлөшүүдөн кийин келген.

Москвада китеп фестивалы өтөөрү күтүлүүдө. Анда 30 басылма катышып, чыгарган китептерин, белек-бечкек буюмдарын көрсөтүшөт.
XS
SM
MD
LG