Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Апрель окуялары сүрөтчүлөрдүн көзү менен


Г.Айтиев атындагы Улуттук музейде республикалык күзгү сүрөт көргөзмөсүндө живопись, графика, скульптура боюнча эки жүзгө чукул эмгектер коюлду.

Көргөзмөгө катышкан кыл калемдин чеберлери алардын сүрөттөрүн жыйырма жылдан бери музей сатып албай калганын, таланттуу жаш сүрөтчүлөр чет мамлекеттерге кетип жатышканын белгилешти.

Көргөзмөгө коюлган эмгектердин башталышында сүрөтчү Орозган Мамбеталиеванын “Жайлоо”, “Чардактар” сыяктуу чыгармалары орун алган.

Дубалдарга илинген сүрөттөр ар кыл темада, кыргыздын кооз жаратылышы, жер бермети Ысык-Көлдүн көрүнүшү, философиялык ой-толгоолор чагылдырылган.

Сүрөтчү Бактыбек уулу Рысбек менен А.Сыдыковдун 7-апрель окуясы тууралуу эмгектеринде Ак үйдүн жанында кымгуут түшкөн калың элдин, окко учкан балдардын канга боелгон элестери камтылган.

Ал эми сүрөтчү Рахат Итикеевдин “Демократиянын толкундары” аттуу чоң полотносунда багытын таба албай, башаламан удургуган калың элдин, келечектен үмүттүн шооласын издеген образдары тартылган.

Колуна комузун алып, жашап өткөн өмүрүн күүгө салып, ойлуу отурган токсон жаштагы аксакал тууралуу тартылган “Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу” деген чыгарманын автору, сүрөтчү Жусуп Матаев бул көргөзмө мурдагылардан айырмаланып, 7-апрель окуясын камтыган полотнолорго кеңири орун берилгенин белгиледи.

- Көргөзмөгө коюлган 7-апрель окуясын чагылдырган эмгектерди көрүп турбайбызбы. Бул - биздин тарых. Биздин жашообузда болуп өткөн кайгылуу окуянын бир үзүмү. Муну биздеги таланттуу жаш сүрөтчүлөр чагылдырып, өздөрүнүн көз карашын картина аркылуу айткысы келген.

Жаш сүрөтчүлөр Гүлнара Мусабай кызынын “Түштөн кийин”, Адыл Байтерековдун “Көч”, Забидин уулу Таалайбектин “Маңкурт – мен да куш элем”, Нурлан Кудабаевдин “Көк бөрү” сыяктуу ондогон мыкты чыгармалары көргөзмөнүн көркүн ачып турат.

Бирок мыкты сүрөттөрдү сатып алууга музейге акча бөлүнбөгөнүнөн улам, жакшы чыгармалар чет мамлекеттерге сатылып кеткенин айтып кейиди Жусуп Матаев.

- Жыйырма жылдан бери Маданият министрлиги музейге сүрөттөрдү сатып алууга ачка каражатын бөлүштүрбөгөндөн кийин жакшы сүрөттөр чет мамлекеттерге сатылып кетүүдө. Бизде таланттуу сүрөтчүлөр көп. Алар чыгармаларын чет жакка сатып оокат-тирлигин өткөрүп жатышат. Жок дегенде көргөзмөдөгү мыкты сүрөттөрдү музей сатып алса, коллекциясы жаңыртылып, жаңы ысымдагы сүрөтчүлөрдүн чыгармалары менен толукталат эле.

Көргөзмөгө графика боюнча 6 чыгармасын койгон сүрөтчү Ибрагим Маданов өлкөдөгү саясий-экономикалык абалдын оордугунан кыргыздын таланттуу жаш сүрөтчүлөрү чет өлкөлөргө кетип жатышканын айтып кейиди.

- Караңызчы бул көргөзмөгө жаштар көп катышты. Мен бир топ мыкты балдарды билем. Алар экономикалык абалыбыздын начардыгынан үй-бүлөсүн багам деп чет өлкөлөргө кетип калып жатышат. Ошолордун чыгармалары көргөзмөгө коюлса көрүүчүлөрдү таң калдырар эле. Эгерде таланттуу жаштарыбыз азыркыдай темп менен өлкөдөн чыгып кетип жатса, эртеңки келечегибиз кандай болот? Бул азыр жаңы бийликке келгендерди ойлонто турган маселе.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Түркиянын Стамбул шаарынан тартып келген эмгектеринин жана Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Сарман Асанбековдун чыгармаларынын көргөзмөсү да өтүүдө.
XS
SM
MD
LG