Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

А. Арым Кубат: Кино тармагында жаш муун пайда болду


"Свет аке" тасмасында Актан Арым Кубат өзү башкы ролду ойногон.
"Свет аке" тасмасында Актан Арым Кубат өзү башкы ролду ойногон.

Бүгүн - Кыргыз киносунун күнү. “Азаттык” кино тармагындагы азыркы абал тууралуу белгилүү режиссер Актан Арым Кубатты маекке тартты.

“Азаттык”: Кыргыз киносунун азыркы абалына кандай баа бересиз? Дүйнөлүк кино индустрияда ээлеген салмагы канчалык?

А. Арым Кубат: Мен кесиптештеримди бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Кыргыздын киносу совет доорунда деле, азыр деле дүйнөлүк кино процессте кичинекей болсо дагы өзүнүн орду бар. Анткени эгемендик алгандан бери Кыргызстанды чет өлкөгө таанытып, накта киносун көрсөткөн негизи биздин тармак го деп ойлойм.

“Азаттык”: Совет доору деп айттыңыз, ошол кезде кино тарткан оңой болчу дешет. Анткени анда советтик адамдын идеалдуу образын жаратыш керек деген тапшырма болгон. Азыр өзгөргөн заманда кыргыздын образын жарата алган жаш кадрлар барбы? Артыңарда келаткан жаштар барбы?

А. Арым Кубат: Совет доорунда пландык чарба деп коюшчу эмеспи. Ошол маалда, эми биздин режиссерлорубуз таарынбай эле койсун, дүкөнгө кезекке тургандай кезекке туручу да, “бул жылы бул тартат, аркы жылы тиги тартат” деп. Эгемендик болгондон бери бир топ режиссерлор, анын ичинде Эрнст Абдыжапаров, Марат Саруулу, Темир Бирназаров сыяктуу өздөрү менеджер, өздөрү режиссер болуп чыккан бир топ киночулар кыргыздын киносунун желегин көтөрүп кетти.

Бүгүнкү күндө бизди жаш деп коет, бирок бизден да жаш муундар пайда болду. Бул жерде өзгөчө салымды “Манас” университети, "10+" кино фонду деген коомдук уюм бар, ошолор чоң салым кошуп жатышат. Акыркы убакта Садык Шер-Нияз өзүнүн “Айтыш” студиясында “Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” деген демилге менен чыгып жатат. Азырынча саны көбүрөк болсо да, бир убакта сапатка айланат го деп ойлойм. Бүгүнкү күндө өзүңөр деле угуп аткансыңар, биздин балдар чет өлкөлөргө чыгып, чоң-чоң сыйлыктарды алып келип атышат. Кыргыздын киносу өркүндөй берет деген үмүтүм бар.

“Азаттык”: Азыркы технологиянын өнүгүнө жараша кино тармагында пираттык продукциялар көбөйүп жатат. Мындай продукциялар устат киночулардын нанын тартып алып жаткан жокпу? Аларды кантип токтотсо болот?

А. Арым Кубат: Бул ушундай убакытка көнүмүш эле нерсе болуш керек. Анткени бизде мыйзамдардын баары иштебей жатпайбы. Ошон үчүн биздин чыккан тасмаларды пират дисктер аркылуу көрсөтүшүп, бир аз залакасы тийип жатат. Мунун баары, менимче, убактылуу нерсе. Анткени өкмөт көтөрүлсө, мыйзамдардын баары иштей берсе бул нерселер тез эле жоюлуп кетет. Мындай көрүнүштөр убагында Орусияда да болгон, Казакстанда да болгон. Казакстанда азыр деле бар болуш керек. Мунун баары убакыттын өтүшү менен чечилет окшойт.

“Азаттык”: Азыр өзүңүз эмне менен алектенип жатасыз?

А. Арым Кубат: Жазга маал бир чоң тасмамды экранга чыгаргам. Анын дүйнөлүк бет ачары Канн фестивалында болду. Биздин көрөрмандар болсо 18-ноябрдан баштап “Октябрь” кинотеатрынын көрө алышат.

“Азаттык”: “Свет акени” айтып жатасызбы?

А. Арым Кубат: Ооба, ошол. Бул жанагы кыргыздын киносу бар, өркүндөп жатат дегендин бир белгиси да. Бул азыр дүйнө жүзүн кыдырып атат, анан көпчүлүк эле угуп атса керек, бир топ сыйлыктарды алып, кыргыздын маданиятын дүйнөгө таанытып жатат.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG