Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Талант тагдыры: Кырчын курагында кыйылган Салмоорбек


Тоо булбулу аттыкан Токтогул «Ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу” деп ырдагандай көрүнүктүү ырчы, республиканын эмгек сиңирген артисти, маркум Салмоорбек Шералиев карыбай, арыбай “Эр ортону элүүгө” чыгып- чыкпай, шыгы ашып-ташып, угуучулардын сүйүктүү ырчысы болуп турган күлгүн курагында о,дүйнөгө сапар алган эле.

Ал өткөн кылымдын 60-жылынын башында азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдындагы музыкалык студиядан окуйт. Бир эле мезгилде Салмоорбек театрда иштейт. Композиторлор В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Айчүрөк” операсындагы Чынкожонун, “Ажал ордунда” музыкалуу драмасындагы Бектурдун ж.б. ролдорду аткарат.

1965-жылдан Шералиев Кыргыз филармониясынын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде ырчы болуп иштейт. Ал өзү менен тең кесиптештеринен тунук коңүр үнү, сахналык тажрыйбага байлыгы, өздүк репертуарынын ар түрдүүлүгү, адамкерчилиги менен өзгөчө айырмаланган. Анын репертуарын негизинен айылдык обончулардын, көрүнүктүү кыргыз, орус композиторлорунун лирикалык, мекенге, тынчтыкка, бейпил эмгекке, элге, жерге арналган ырлары, романстары түзгөн.

“Кайсыл заманда жашасаң ошонун ырын ырда” дегендей Салмоорбек да кесиптештеридей өзү жашаган замандын ырын ырдаган, сөзүн сүйлөгөн эле. 1961-жылы Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп турганымда редакциянын тапшырмасы менен КПССтин 22-съездинин ачылышына баштуу балет театрынын аттуу-башттуу айтылуу артистери менен маектешкен элем. Алардын арасында жаш ырчы Шералиев да бар эле. Андан бери арадан 48 жыл зымырап өттү. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Салмоорбектин КПССтин 22-съездине карата айткан сөзүн, ырдаган ырын жеке казынамда сары майдай сактап келем.

"КПССтин XXII cъезди мени да толкундатты.бул тарыхый съездде адамзаттын кылымдар бою эңсеп келе жаткан эң бир улуу доору коммунизмдин улуу программалары белгиленет. Ар бир советтик адамды шыктандырууда. Ар бир карапайым адам өзүнүн колунан келген салымын, өлкөсүнүн өркүндөп гүлдөп өнөгүшү үчүн арноодо. Мен жөнөкөй гана Кыргызстан мамлекеттик Ленин ордендүү опера жана балет театрынын солистимин. Мен да элим үчүн бир тууган мекеним үчүн дагы мыктылап иштөөгө шыктандырып отурат. Азыр болсо композитор Абдылас Малдыбаевдин жаңыдан жазып бүткөн “Фрунзем” аттуу ырын аткарып берейин", - деп, Салмоорбек толкундана сүйлөп, композитор Абдылас Малдыбаевдин Алыкул Осмоновдун сөзүнө жазган “Фрунзем” аттуу ырын ырдап берген эле..

Бир топ жыл филармонияда бирге иштешкен белгилүү шайыр Сүйдүм Төлөкова маркум Салмоорбек Шералиевдин адамкерчилиги, ырчылыгы жөнүндө мындай деп эскерет:

"Салмоорбек Шералиев мурда опера жана балет театрында иштеп жүрдү. Ал Чынкожонун ролу баштаган бир топ ролдордо ойноду. Үнү болсо сонун баритон, кооз, мукамдуу эле. Өзү да көзү бакырайган, тим эле кирпик кашы төгүлгөн сулуу жигит болчу. Кийин филармонияда иштеп калды. Командировкага чыгабыз. Чогуу ырдайбыз. Ошондо "ой, Салмоорбекке Селмашты бергиле" – дейм. Селмаш келатканда Дзержинский бульвары солк-солк деп турчу эле. Өзү да жаркылдап басчу эле. Кыз-келиндер болсо артынан суктанып карашчу эле, - деп айтсам, маркум күлүп калчу. Филармонияда бир топ жыл иштеди. Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап жүрдү. Эл шайырларынын топтору менен концерт да берип жүрдү. Салмоорбектин үнүнүн кооздугу, өзүнүн ырдоо чеберчилиги, өңүнүн татынакайлыгы угуучуларга аябай жакчу. Бирок, Салмоорбектин эмгеги жетекчилер тарабынан бааланган жок. Ошондой болсо да эл оозунда элеси калды деп ойлойм. Мыкты жигит эле.

Таанымал ырчы, обончу Дүйшөнбек Үкүев:

"Салмоорбек байке Опера жана балет театрынан филармонияга которулуп келди. Биздин бригадада 5-6 жыл бирге иштешип калдым. Салмоорбек агайдын талантын, адамкерчилигин жакшы билем. Эми таланты жагынан айта кетсем үнү тунук баритон эле. Үндү болсо Кудай таалам аябай берген. Өзү айтып калаар эле: - Дүйшөн окубай-чокубай эле өзүмдүн талантым менен ырдап жүрөм деп. Мен таң калчумун. Аба сизди бирөө окутту беле десем. – Жок, өзүмдүн талантым, өзүмдүн үнүм менен ырдап жүрөм дечү. Өзү да татынакай киши эле. Сахнага чыкканда угуучулар Салмоорбек агайды 5-6 жолу ырдатышмайынча сахнадан кетиришчү эмес. Мен ал кишиге аккордеон тартып берчүмүн. Коштоосунда ырдоочу. Анан мен чарчап калуучумун. Анан мен: - ой, аба кабагыңызды бүркөп ырдабайсызбы, десем, күлүп-жайнап жакшы ырдоочу. Азыркы күндө Сакемдин үнүндөй үн жок. Экинчиден, адамкерчилик сапаты да мыкты эле. Ал бала кыял болчу. Жашына да, карысына да бирдей мамиле жасоочу. Мен ал киши менен чыгармачылык жактан тыккыз байланышта элем. Экөөбүз отуруп аккордеондун коштоосунда бул ырды ырдай, тигил ырды ырдайм, - деп, кээ бир ырлардын обонун созгондо ар жагынан дагы бир кошумча кереметтүү үн чыккандай угулчу. Ошондо таң калуучумун. Экөөбүз кафелерде, ресторандарда отуруштарда, тойлордо көп жолу бирге болуп жүрдүк. Жашап турса көп ырларды ырдайт эле. Көп жерлерде болот эле. Айла жок экен", - деди ырчы Дүйшөнбек Үкүев.

Ооба, маркум Салмоорбек кесиптештери айткандай мукам үндүү, жаадырап жайнаган, кабагым-кашым дебеген, артыкча адамкерчиликтүү асыл адам эле. Кезек ырда. Мааданбек Алмакунов “Келчи биздин айылга”. Салмоорбек Шералиевдин ырдоосунда.
XS
SM
MD
LG