Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Акбар Сүйүнбаев: Өлкө тагдыры биздин колдо


“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышынын коногу ырчы Акбар Сүйүнбаев болду. Ал чыгармачыл пландары, алдыга койгон максаттары тууралуу ой бөлүштү.

- Негедир сахнадан көрүнбөй калдың. Чыгармачылыкта кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

Акбар Сүйүнбаев: Туура айтасыз. Азыр убактым жаңы ырларды жаздырууга кетип жатат. Анткени күзүндө чон концерт берейин деп даярданып жатам. Алдыдагы пландарым – күйөрмандарымдын ишеничин актоо. Ошондой эле концертти мыкты деңгээлде берем деп жатам. Ал үчүн көп каражат, күч кетет. Абдан чоң жоопкерчилик. Жарым жыл сайын концерт бергендерди көрүп эле жатпайсыздарбы, бир ырды эле жүзүнө кармап алып ырдай беришет. Чыныгы талант мындай болбошу керек. Алардан өзгөчөлөнүү жөнүндө оюм бар. Анткени төрт жылдан берки эмгегимди тартуулайм деп турам.

1-угарман: Акбар, сени үйлөнөт экен деген сөздөр чынбы?

Акбар Сүйүнбаев: Ооба, буйруса, жакшы тилек кылып турам. Күзүндө үйлөнөм. Сүйлөшкөн кызым чыгармачыл чөйрөдөн. Бирок ырчы же бийчи эмес. (Күлүп) Эркек болгондон кийин бул нерседен качып кутула албайт экенбиз. Анын сабырдуулугун, таарынуу эмне экенин билбеген жаркылдаган сапаттарын баалайм.

- Хит ырды жаратуунун сыры эмнеде?

Акбар Сүйүнбаев: Ар бир ырды жаратууда хит болсо экен деп тилек кылабыз. Бул жерде эл гана тараза болуп берет. Ошондой эле айткым келет, продюсер менен иштеген ырчылардын ырлары бат эле хит болуп жатпайбы. Анткени продюсерлер радиолорго чуркап, сүйлөшүп дегендей, алардын ырлары көп коюлат. Ал эми жеке иштеп жүргөн ырчыларга кыйыныраак.

- Патриот болуш үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуң?

Акбар Сүйүнбаев: Мен оюмча, чыныгы патриот адамды улутуна, өзбек, кыргыз, казак экенине карабай сыйлайт. Алардын кадырын билген адамдарды патриот деп эсептейм. Жүрөктөгү жаштыктын күйүп турган отун туура багытка колдонолу. Мамлекетибиздин тагдыры биздин колубузда деп айткым келет.
XS
SM
MD
LG