Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

К. Дүйшөбаев: Баткенди тооруган террор коркунучу бар


УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев
УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев

Баткенде болгон Улуттук коопсузудук кызматынын төрагасы К. Дүйшөбаев чек аралаш аймакты тооруган террордук коркунуч бар экенин жана коопсуздукту бекемдөө аракеттери көрүлгөнүн билдирди.

-Кеңешбек мырза, Баткенде чек аралаш аймактагы жергиликтүү күч кызматтары менен жолуктуңуз, бул аймакта коопсуздук маселеси кандай экен?

- Бул жердеги күч органдары жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин чогулутуп, губернатор Султанбай Айжигитов менен алардын очтетун угуп, бүгүнкү күндө болуп аткан ал-ахыбалды билип, анан кийин стабилдүү акыбалды сактап калуу үчүн, элдин арасында коопсуздукту сактап калуу үчүн эмне иштерди аткаруу керектиги жөнүндөгү маселелерди сүйлөштүк.

Эми өзүңүздөр билесиздер Оштогу, Жалал-Абадагы окуялардан кийин жалпы мамлекетибизде, элибизде бир топ кооптонуу бар. Тынчсыздануу бар. Ошондуктан күч органдары менен укук коргоо органдары абдан кескин оперативдүү иш чараларды көрүшүбүз керек.

- Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен аймактардагы ашууларда кар кетип, ачылып жатат. Кылмыштуу топтор чек арадан ары бери өтүп жүрөт деген сөздөр да айтылды эле. Бул жөнүндө кандай маалыматтар бар?

- Биз керек болгон күчтөрдүн баарын бул жакка алып келип, аскердик техникалык жабдыктардын баары менен камсыз кылып, керектүү иш чараларды көрүп жатабыз. Баткен областында террордук коркунуч бар. Анткени, билесиздер мындан он жыл мурда бул жерде коогалаңдуу окуялар болуп, эл аралык террористтер келип, элибизге бир топ бүлүк салган.

Бүгүнкү күндө дагы Оштогу, Жалал-Абаддагы болгон окуялардан кийин алар дагы кайра кол салып келиши мүмкүн деген версияны биз иштеп жатабыз. Анткени аны болтурбашыбыз керек. Ошондуктан вертолет менен чек арачылар, Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен бүгүн ашууларды, душмандар өтө турган жолдорду изилдеп чыгып, ал жерге керек болгон аскерлерди коюп, буктурмаларды, блок-постторду коюп, алардын жолун бөгөө үчүн биз керек болгон чаралардын баарын көрөлүк деп жатабыз.

Ошондуктан бүгүнкү күндөгү биздин астыбыздагы турган эң чон тапшырмабыз - бул башкы командачы президентибиздин директиваларын аткарып, элдеги, мамлекетибиздеги стабилдүүлүктү сактап, элге тынч жашоого мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

- Кошуна өлкөлөрдүн коопсуздук күчтөрү менен биргелешкен иш-аракеттер уюштурулуп жатабы? Анткени жакында эле Пакистандан Ооганстан, Тажикстан аркылуу келе жаткан террордук топтун мүчөсү деп шектелген кишилер кармалды эле да.

-Бул боюнча биздин Чек ара кызматыбыз дагы, Улуттук коопсуздук кызматыбыз дагы Өзбекстандын да, Тажикстандын да атайын кызматтары менен абдан тыгыз байланышта болуп жатышат. Жакында эл Тажикстандын укук коргоо органдары бизде издөөдө жүргөн террористтердин тизмесинде жүргөн эки адамды кармап берди. Аларды биз бүгүнкү күндө камап, териштирүү иштерин, оперативдүү иштерди жүргүзүп жатабыз.

Алар менен байланышкан адамдарды табуу үчүн дагы башка иштерди жүргүзүп жатабыз. Азыр дагы ички иштер башкармасынын жетекчиси айтты, биздин тажик кесиптештерибиз дагы ошондой адамдарды кармаптыр. Бүгүн-эртең алар менен кайра байланышып, керектүү иш чаралар пландалып жатат.

Андан тышкары Өзбекстандагы кесиптештер менен да байланышыбыз абдан жакшы болуп жатат. Анткени бая күнү коогаландуу окуяларда бир топ биздин мекендештерибиз чек арадан ары өтүп, кайра келип жүрүшпөдүбү. Ошондуктан биз фильтрация иштерин, оперативдик текшерүү иштерин жүргүзүп жатабыз, анткени ошол качкындардын терисин жамынып алып, душмандар да келиши мүмкүн. Ошондуктан алардын ар-бири менен биз иш жүргүзүшүбүз керек.

-Рахмат.

XS
SM
MD
LG