Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:36

Кыргызстанда 7-8 баллдык жер титирөө болушу мүмкүн


2008-жылы октябрда Алай районундагы Нура айылы жер титирөөдөн бүтүндөй кыйрап калган
2008-жылы октябрда Алай районундагы Нура айылы жер титирөөдөн бүтүндөй кыйрап калган

11-октябрда Кыргызстандын түндүгүндө жер титиреп, силкинүү түшкү саат 12:25те Чүй тарапта 4 балл, Бишкек шаарында 2-3 балл болду.

Сейсмология институту жакынкы жылдарда Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Алай тарапта күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөө болушу ыктымалдыгын кулак кагыш кылып жатат.

Бир эле Кыргызстанда эмес, ошол эле өнүккөн Жапония, АКШ, Кытайда деле эч ким жер титирөөнүн кайсы күнү, кайсы саатта болорун так билген эмес. Ушул убакка чейин эле сейсмологдор алдын ала божомолдорун гана айтып келишет.

Кыргызстандын сейсмология институту өткөн жылы 5-октябрда Алайдын Нура айлында күчү 7 баллга жеткен жер силкинүүнү да алдын ала айтышкан (анда 75 киши набыт болуп, айыл тыптыйпыл кулап калган). Эми да Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институтунун директору Канат Абдырахматов 2010-жылдан 2016-жылга чейин жер титирөө болушу ыктымалдыгын айтып жатат:

- Биз кайсы күнү, кайсы саатта болоорун так айта албайбыз. Биздин маалыматтар боюнча, 2010-жылдан 2016-жылга чейин Чүй өрөөнүнүн күн чыгыш жагында, Ысык-Көлдө, Алайда 7-8-баллдык жердин силкинүүсу катталышы мүмкүн.

К.Абдырахматовдун айтымында, жер титирөөдө үйдүн жайгашкан жери чоң ролду ойнойт. Бирок Бишкектин айланасындагы жаңы конуштардагы курулуштардын баары эле талапка жооп бере бербейт.

- Бишкекте 46 жаңы конуш бар. Чындыгында, алардын 80 пайызга чейини күчү 7-8 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук бере албайт. Үйдүн кайсыл жерде жайгашканына да байланыштуу болот. Шаар ичинде болсо жаңы салынган үйлөрдүн да баары 8 баллга чыдап берет деп айта албайм, бирок көпчүлүгү чыдайт.

Жер титирөөгө жана башка кырсыктарга туруштук бере алган, сапаттуу үй куруу үчүн, биринчиден, курулуштун эрежелерин сактоосу зарыл. Мындай оюн Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жалпы көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Гришаев “Азаттыкка” билдирди.

- Сапаттуу үй куруу үчүн, биринчиден, курулуштун эрежелерин, кандай материалдар колдонулат, алардын технологиясы жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышуу зарыл. Мындай эрежелер 5 миңдеп саналат. Андан сырткары курулуш башталардан мурда сөзсүз түрдө үйдүн долбоору болушу керек. Мындай долбоорлорду Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин лицензиясын алган тиешелүү уюмдар аткарат.

Бүгүнкү күнү өздөрү курган курулуштардын 65-70 пайызы сейсмикалык жактан туруксуз. Муну айрыкча практика көрсөтүүдө. Айыл жергесиндеги тургундар өздөрүнүн продукциясы менен үй салышат. Ошондо деле ылайды иштетүүнүн эрежелерин эске алуу керек. Ылайды сууга аралаштырып, саман кошуп эле кура берген туура эмес. Ошондуктан ар бир райондо жайгашкан архитектуралык кызматтарга кайрылып, бул багытта сабаттуу маалымат алып алган жакшы.

Курулуш тармагында 30 жылдан ашуун эмгектенип келаткан, тажрыйбалуу курулушчу Марат Абдыкадыров үй курууда ата-бабалардын методун колдонуп, аны өркүндөтүүнү туура көрөт.

- Бул абдан актуалдуу маселе. Үйдү эң биринчиден, долбоордун негизинде курган туура. Ансыз жер титирөө, сел ташкындары болгондо кырсыкка учурашы мүмкүн. Курулушта эски, ата-бабаларыбыз салган методду колдонушубуз керек. Мурда жыгачтын ортосуна сынчтарды колдонуп, табигый кырсыктарга каршы үйлөрдү салган. Биз ошону өркүндөтүбүүз зарыл.

Ал эми сейсмология боюнча адис Үмөталы Шүкүров жер титирөөдө көрүлчү алгачкы чаралар, көңүл бурулчу жагдайлар боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

- Зилзаланын белгилерин билип калган учурда кичинекей сумкага документ, баалуу кагаз, акчаларын салып, дагы бир сумкада эки-үч күнгө жете турган тамак-аш даярдап коюуусу керек. Сейсмикалык институту зилзаланын кесепетинен коргонуу чаралары тууралуу китепче да чыгарган болчу, бирок ал тарабай жатат окшойт. Элдин жер титирөөдө кандай чараларды көрүү зарылдыгын айтып, ушул багытта сабатсыздыкты жоюу керек. Бул маселе көңүл борборунда турат, бирок жакшы чечилбей жатат. Эми көңүл бурат го деп ойлойм.

Мындан сырткары адистер жердин силкинүүсү катуулап баратса сыртка чыгып кетүүгө аракет кылыш керектигин айтышат. Үйдүн ичинде болсо бурчка, босогого туруп, бышык үстөлдүн, кроваттын алдына кирип алуу керек.

XS
SM
MD
LG