Жаңы Салык кодекси ишке киришерде өзгөчө чоң талаш-тартышты кыймылсыз мүлк салыгы жараткан. Аны чогултуунун эреже-шарттарындагы биртоп алешемдиктерден улам өкмөт кыймылсыз мүлк салыгын киргизүүнү бир жылга токтотуп, кийинки жылга чейин дагы бир ирет тактоо милдетин койгон болчу.
Өкмөт алдындагы салык кызматынын жетекчи орунбасары Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, жыл ичинде жаңы киргизилчү салыкты өзгөртүү боюнча биртоп иштер жасалды.
- Бишкекте 80 чарчы метрге чейинки квартираларга кыймылсыз мүлк салыгы салынбайт. Бул 104, 105, 106-сериядагы 4 бөлмөгө чейинки квартиралар. 5 бөлмөгө салык салынат. 80 чарчы метрден 150 чарчы метрге чейинки квартиралардан алынчу салыктын базалык өлчөмү катары жылына 4000 сом белгиленди.
Бишкек менен Оштогу үйлөрдүн 150 чарчы метрге чейинкилеринен кыймылсыз мүлк салыгы алынбайт. А. Касымалиев жаңыланган кыймылсыз мүлк салыгы Салык кодексинде белгиленген шарттардан кыйла айырмалуу экенин белгиледи.
- Иштеп жаткан Салык кодекси боюнча биз үйдүн жанындагы курулуштун баары, кичинекей үйү, гараж, кампа, сарайы болсо баарын кошуп эсептесек, жаңы долбоор боюнча биз бир гана үйдүн аянтын алабыз. Калгандары, атүгүл жанындагы кичинекей үйү эсепке кирбейт.
Өкмөттүн кыймылсыз мүлк салыгы боюнча өзгөртүүлөрү киргизилип калса 150 чарчы метрден 250 чарчы метрге чейинки үйлөрдөн 6 миң сом, 450 чарчы метрден ашуун үйлөрдөн 20 миң сом салык алынат. Бишкек менен Оштон башка жерлерде кыймылсыз мүлк салыгы көп кабат үйлөрдө 150 чарчы метрден, өзүнчө үйлөрдөн 250 чарчы метрден ашкандарынан алынат.
Белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев кыймылсыз мүлк салыгын мындан 10 жыл илгери эле киргизиш керек болчу, деп эсептейт.
- 5 – 6 гектир жерди алып, заводдорду алып, темир-тезегин сатып оокат кылып жүргөндөр да бар. Анан башка кыргыздын жаштары өсүп, акылы жетип, акча топтоп, өндүрүш ачайын деген жаштар толтура. Ошолор сатып алайын десе жери жок. Тигилер бербейт. Бая чөп кайтарган иттей жаткандар да бар. Сөздүн ачыгы жакшы. Сатышсын.
Анткен менен ишкерлердин текши баары эле кыймылсыз мүлк салыгынын киргизилишин кубаттап жатышкан жери жок. Парламент депутаты Дамира Ниязалиеванын пикиринде, жаңы салык ишкерлерден дагы акча өндүрүп алуунун гана кезектеги амалы.
- Силер эми кыймылсыз мүлк салыгын киргизип жатасыңар. Бул ишкерлердин чөнтөгүнө дагы бир оорчулукту алып келет. Себеп дегенде бизде көптөгөн ишкерлер алып сатарлык кылышат. Биз эч нерсе өндүрбөйбүз, туурабы? Буюмдарды ташып жеткирүүдө өргүп өтчү жер болуп калдык. Аябай көп буюм-тайым ташылып келип, бул жерден башка чөлкөмгө, башка өлкөлөргө азыноолок баасын кошуп жөнөтөбүз. Ишкерлер оголе көп акчаны сатуудан түшчү салык катары төлөп жатышат.
Антип иштей электе эле көпчүлүктү чочулатып жаткан жаңы салыкка буга чейин салынган республикадагы үйлөрдүн 0,93% гана туш келет. Өкмөт алдындагы салык кызматынын эсеби боюнча жаңы салыктын баасы азырынча 500 миллион сомго бааланууда. Анын кыйласы Бишкек менен Ош шаарындагы жаңычыкма байлардан түшмөкчү. Өкмөт ишкерлердин ээлигиндеги өндүрүш жайларынан кыймылсыз мүлк салыгын баалоо наркын 25% кыскартып, салык өлчөмүн мурунку 1% ордуна 0,8% түшүргөнүн айтууда.