Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Бажы биримдиги: пайдасын ким көрөт, зыяны кимге?


Бажы биримдигинин тарифтери бааларды асманга чыгарат.
Бажы биримдигинин тарифтери бааларды асманга чыгарат.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары А.Муралиев өлкөнүн экономикасы Бажы биримдигинин шарттарына туруштук бере албарын белгиледи.

Буга чейин айрым талдоочулар Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттеринен турган Бажы биримдигине Кыргызстан чукул арада кириши керектигин айтышса, кээ бирлери ага мүчө болуудагы кыйынчылыктарды эскертип келишкен.

Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев 28-октябрда өткөн өкмөттүк жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине башка өлкөлөрдөн келүүчү импортко болгон көз карандылык тоскоол болорун белгиледи.

Бажы биримдигинин тарифтери бааларды асманга чыгарат

Анткени өлкөнүн өндүрүшү калктын ички керектөөлөрүн канааттандыра албагандыктан товарлардын алтымыш пайыздан ашууну сырттан ташылат. Ошондуктан Бажы биримдигинин Кыргызстанга тийгизген таасирлерин иликтөөдө анын өлкөнүн азыркы экономикалык абалына туура келбей тургандыгы аныкталган.

Аскар Бешимов
“Келечектин долбоору” коомдук корунун жетекчиси Аскар Бешимов Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, андагы бирдиктүү бажы төлөмдөрүнүн таасири импорттун кыскарышына жана баалардын кескин жогорулашына алып келет деп чочулайт:

- Бажы биримдигине кирген учурда башка үчүнчү бир мамлекеттерден келүүчү импорттун көлөмү болжол менен элүү пайызга кыскарат. Муну менен байланышкан жыйынтык эл керектөөчү товарларга болгон баа кескин кымбаттайт. Биздин иликтөө боюнча бирдиктүү бажы тарифинин негизинде товарлар он пайыздан жүз пайызга чейин жогорулашы күтүлөт. Дары-дармектер жана тамак аш он пайызга, кийим-кече, бут кийим болсо жыйырма пайызга, электроника отуз пайызга кымбаттайт. Баанын эң эле көп жогорулашы унааларга тиет. Анткени анын бажы төлөмү өзүнүн сырттан сатып келген баасына барабар болуп калат экен.

Бажы биримдигинин шарттары боюнча ага кирген өлкөлөрдүн мейкиндигинде бирдиктүү бажы төлөмдөрү бекитилет. Бажы төлөмдөрүнүн токсон пайызы Орусиянын жогорку өлчөмдөгү бажы тарифинин негизинде алынган. Аталган бирдиктүү бажы кодексин иликтөөдө андагы шарттарга Кыргызстан сыяктуу экономикасы алсыз өлкөлөрдүн туруштук бериши оңой эмес экендиги байкалган.

Өз алдынчалыкты өзөртө чабуунун “картасы”

Аскар Бешимовдун айтымында, Бажы биримдигинин алкагында чечимдерди кабыл алууда Кыргызстан тышкы соода саясатындагы өз алдынчалыгын жоготушу мүмкүн:

- Бажы биримдигинин комиссиясы түзүлгөн. Ал жерде добуштар бөлүштүрүлгөн. Ар кайсы чечимдерди кабыл алууда эң эле көп добуш 57 пайыз менен Орусияга туура келет. Анан 21 пайыздан добушка Казакстан менен Белорус ээ болгон. Биз кире турган болсок биздин экономиканын деңгээлине жараша мындан да төмөн добуш алуу укугу ыйгарылат. Бул деген Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан өзүнүн тышкы соода саясатындагы өз алдынчалыгын толук жоготот дегендикке барабар. Биз Бажы биримдигинин талаптарын аткарабыз. Бирок анын чечимдерине эч кандай таасир эте албай калабыз.

Бажы биримдигинин күңгөйү менен тескейи

Анткен менен айрым талдоочулар Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү Казакстан жана Орусия менен тыгыз байланышта экендигин эске салышат. Андыктан Кыргызстандын аталган бирдиктүү бажы мейкиндигине кирбей калышы өз ара соода жүгүртүүдө кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Анткени быйыл 1-июлдан баштап Казакстан жана Орусия бажы тартибин күчөтүшкөн.

Көз каранды эмес экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Бажы биримдигинин алкагында жаңыдан киргизилген бажы төлөмдөрү кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө терс таасирин тийгизүүдө:
Беларус президенти Александр Лукашенко жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев

- Баары бир биздин экономикабыз аталган эки мамлекет менен байланышкан. Бажы биримдиги түзүлгөндөн бери биздин экономикабыз бир кыйла аксай түшкөнү байкалат. Себеби алар бирдиктүү бажы тарифин койгондуктан, ал жакка өндүргөн продукциябызды киреше бере турган баада алып барып сатуу кыйын болуп калды. Андан тышкары жанагыдай текшерүүлөр күчөдү. Ушундай абалда жүрө бере турган болсок биздин экономика мындан да жаман кургуйга түшүп кетет. Анткени биз товарларыбызды Кытайга же Дүйнөлүк соода уюмунун башка мүчөлөрү болгон мамлекеттерге алып барып сата албайбыз. Биздикилер атаандаштыкка туруштук бере алышпайт. Ошондуктан бирден-бир жалгыз жол - аталган союзга киришибиз керек. Негизи бажы союзунун алкагында бир топ маселе чечилет. Мисалы, Орусия бизге мунайзат сатууда кошумча жыйырма пайыз бажы төлөмүн киргизип койду. Эгерде биз Бажы биримдигине мүчө болгондо андай кошумча төлөмдөр болмок эмес.

Ошол эле учурда иликтөөнүн жүрүшүндө Бажы биримдигинин ишке киришинин Кыргызстанга тийгизген терс таасирлеринин анчейин сезилбегендиги аныкталган. Иликтөөдө апрель жана июнь окуяларынын таасирлерин кошуп эсепке алганда бажы жана салык төлөмдөрүнүн кыскарышы болгону үч пайызды түзгөн. Болгону мындан Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар ташыгандар жабыркаган. Бирок экономисттердин баамында, мындай реэкспорт өлкөнүн экономикасынын түркүгү боло албайт. Андыктан иликтөөдө өздүк өндүрүштү колго алуу сунушу келтирилген.

Буга чейин Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон. Ага дүйнөнүн 160тан ашуун мамлекети кирип, тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү токсон эки пайызды түзөт. Андыктан аймактык бажы союзуна кириш үчүн Кыргызстан өзүнүн ДСУнун алдында алган милдеттемелерин кайрадан карап чыгууга аргасыз болот.

Биз аларга эмес, алар бизге келишеби?

Ошондуктан талдоочу Эсенгул Өмүралиев Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө шашылбаш керек деп эсептейт:

Эсенгул Өмүралиев
- Мына, тогуз айдын жыйынтыгы көрсөттү Казакстанда да, Белоруста да ишкер коомчулуктун байкоосуна караганда Бажы биримдиги өзүнүн терс жактары менен гана эсте калууда. Бул жерде бир гана Орусияга утуш болушу мүмкүн. Ошондуктан мындай союздун келечеги күмөндүү. Негизи эле бул Бажы биримдиги экономикалык ыңгайга эмес, саясий максатта түзүлгөн. Себеби Орусияны Дүйнөлүк соода улбай койгондон кийин ал аталган бажы биримдигин түзүү аркылуу жамааттык негизде уюмга кирүүнү максат кылып жатат. Ошондуктан биз Бажы биримдигине кирүүгө шашпай, алардын өздөрүнүн ДСУга киришин күтүшүбүз керек. Эгерде аймактык бажы биримдиги иштеп кетсе, ДСУнун шарттары менен, бир кыйла бажы тарифтери түшкөн учурда гана ага кошулсак болот. Азыр бизге ал союзга кириштин пайдасынан зыяны көп.

Өткөн жылы 27-ноябрда Минск шаарында Орусиянын, Казакстандын жана Белорустун мамлекет башчылары бирдиктүү Бажы биримдигин түзүү боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, бул союз аталган мамлекеттердин аймагында бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин калыптанышын шарттамак.Ошондой эле ага Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу мамлекеттердин мүчө болуп кирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынган болчу.

XS
SM
MD
LG