Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Мигранттардан келген акча азайды


Жумушчу мигранттарды көп күчүн талап кылган Орусияда каржы каатчылыгынан улам акча табуу кыйынга турууда. Быйылкы жылдын биринчи кварталында кыргызстандык эмгек мигранттар 150 миллион доллардан ашык каражат которушкан. Бул өткөн жылдагыдан 80 миллионго кем.

2009-жылдын биринчи үч айлыгында Орусиядагы чет өлкөлүк эмгек мигранттар өз мамлекеттерине бир жарым миллиард доллардан ашык каражат жөнөтүшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 33% төмөндөп кеткен. Мунун себеби эмгек мигранттардын айлык акысынын төмөндөшү, жумушчулардын санынын азайышынан деп белгиленүүдө.

Максат Тотубаев - Орусиядагы кыргыз мигранты. Ал 3 жыл убакыттан бери Москва шаарында иштеп келет. Буга чейин ал бир жумушта эмгектенсе, эми экинчи ишке орношуп көбүрөөк акча табууга умтулууда.

-Москвада “Работа и Зарплата” деген гезит бар. Бир жыл мурун 5-6 сантиметр калыңдыкта чыкчу. Азыр жарнаманын жоктугунан бир сантиметр калыңдыкта чыгып калды. Бул мисал Орусияда жумуштун аз болуп жаткандыгынан кабар берет. Мен буга чейин бир эле жумушта эмгектенчүмүн. Азыр башка ишке дагы орношуп алдым. Эгер биринен бошоп калсам экинчисинде иштеп кала берем.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 450 миң которуу болуп, ар бир которуунун орточо суммасы 337 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 100 долларга аз.

Азыркы тапта экономикасы жаңыдан өнүгүп бараткан мамлекеттер өзүнүн бюджетин мигранттар жиберген каражат менен толуктап, өз экономикасын алдыга жылдырып жатышат. Учурда мигранттардан түшкөн каражаттын көлөмү Молдованын ички дүң продукциясынын 38 пайызына, Тажикстанда болсо 46 пайызга барабар.

Кыргызстанга болсо бейрасмий маалыматтар боюнча 2007-жылы мигранттар 1,5 млрд. доллар каражат жөнөтүшкөн. 2008-жылы расмий билдирүүлөрдө 1 млрд. доллардан ашты деп кабарланган. Ошол эле маалда өлкөнүн бир жылдык бюджети эки миллиард долларга жакын сумманы түзүүдө.

Экономист Айылчы Сарыбаев каражаттын азайышы карапайым калктын жашоосуна таасир этет дейт:

- Эмгек мигранттарынан келген акча менен күн көрүп жаткан элдин акыбалы оордой түшөт. Каржы каатчылыгынын айынан Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө курулуш токтоп, жумушчуларга талап төмөндөп кетти. Мигранттарга эмес алардын өздөрүнүн атуулдарына дагы иш жетпей жатат. Мунун кесепетинен Кыргызстанда жумушсуздук күчөп социалдык абал кыйынчылыка тушугууда.

Мигранттарды кабыл алган ар бир мамлекет өз тургундарынын кызыкчылыгын коргоо максатында, өлкөдө эмгектенген чет элдиктердин санын азайтуу жолдорун издешүүдө. Январь айында Орусия өкмөтү мигранттарга берилүүчү квотанын кыскартылышын жарыя кылган. Ошондуктанбы, айтор Орусияда кыргыз эмгек мигранттарынын саны азайууда.

- Жумуш жоктугунан улам мигранттар үйлөрүндө эле отурушат. Кээ бирлери иштеп айлыктарын алалбай жатышат. Темир жол вокзалына барсаң кетүүгө камынган кыргыздарды көп көрөсүң. Ошол эле маалда бул жака келген эмгек мигранттарынын саны азайып калды, - дейт Москвадагы кыргыз мигрант Максат Тотубаев.

XS
SM
MD
LG