Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:30

Кыргызстан эл аралык донорлордун жардамына муктаж


Ош жана Жалал-Абад шаарларын кыска убакытта калыбына келтирүү үчүн бери дегенде 500 млн. доллар талап кылынат. Кыргызстан бул каражаттын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн эл аралык донор уюмдардан күтүүдө. Каражат негизинен июнь айындагы кандуу кагылашта үй-жайсыз калгандардын турак-жай маселесин чечүүгө жумшалмакчы.

Анткен менен донор уюмдардан канча каражат жана качан бөлүнөөрү азырынча белгисиз. Донор уюмдар болсо бул багытта эки тараптуу макулдашуулар жүрүп жатканын белгилешүүдө.

Кыргызстан менен ушул убакытка чейин кызматташып келген Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта кору сыяктуу ондон ашуун эл аралык донор уюмдардын өкүлдөрү менен Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев, Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев жолугушту. Анда Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандагы кырдаал, айрыкча түштүк жергесиндеги абал тууралуу маалымат берип, түштүктү калыбына келтирүү үчүн Кыргызстан эл аралык донор уюмдардын көмөгүнө муктаж болуп тургандыгы айтылды.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча дирекция жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев 8-июлдан тартып чыгымдарды аныктап, баа берүүчү көз карандысыз топ иштей баштагандыгын билдирди. Ал коогалаң орун алган Ош, Жалал-Абад шаарларын жана айрым аймактарды калыбына келтирүүдө керектелүүчү жардамдарга токтолду:

- Бизге курулуш материалдары керек. Цемент, бышык кышты мамлекет камсыз кылса да жыгач, металл, жол битумуна, курулуш үчүн керектелүүчү жабдыктарга муктаж болобуз. Ош шаары боюнча чоң маселе турат. Балким ал жерге убактылуу турак жайларды курабыз. Бирок бул экинчи вариант. Биз негизинен туруктуу үй курууга аракет кылып жатабыз.

Ж.Сатыбалдиевдин айтымында, учурда Ош шаарынын башкы планы иштелүүдө. Ага ылайык, көп кабаттуу үй куруу маселеси, анын ордулары такталмакчы. Ал эми Кара-Суу, Базар-Коргон, Сузак райондоруна курулчу жеке үйлөр мурда талкаланган үйлөрдүн ордуна кайра курулушу мүмкүн.

Темир Сариевдин айтымында, түштүктү калыбына келтирүү үчүн жумшалчу каражат атайын берене менен бөлүнөт. Бирок азырынча каражат менен камсыз кылууга өлкөнүн толук чама-чаркы жетпейт. Ошондуктан Кыргызстандын эл аралык донор уюмдардын көмөгүнө муктаж.

- Бюджеттин жетишпестиги 250 млн. долларга чыгып жатат. Биз мына ушул жардамды күтөбүз. Экинчиден, түштүккө тез арада гуманитардык жардам бериш керек. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад шаарларын кыска мөөнөттө калыбына келтирүү боюнча керектелчү сумма 450-500 млн. доллардын тегерегин түзүп жатат. Анын 100 миллионун өзүбүздөн таап жатабыз, калгандарын донорлордон күтөбүз.

Т.Сариевдин айтымында, Кыргызстанга берилчү жардамдар июль айынын аягында өтө турган донорлорлордун чоң жыйынында каралмакчы. Андан сырткары Казакстан менен Түркия Кыргызстанга көрсөтүлө турган жардамдар боюнча экономикалык форум өткөрүү демилгесин көтөрүүдө.

Анткен менен Ж.Сатыбалдиев донорлордун Кыргызстанга берчү жардамдары жакын арада келбей турганын белгилеп, чукул бюджетти иштеп чыгууну сунуштады. Анын айтымында, мындай кадам аталган аймакты калыбына келтирүү иштерин ыкчамдатат.

- Кайра куруу маселесинде биз донорлорго ишенип жатабыз. Бирок алардын акчасы жакын арада келбейт. Эң тез иштегенде да сентябрь айында келиши ыктымал. Бул убакытка чейин күтсөк биз кеч калабыз. Ошондуктан биз өзүбүздүн мүмкүнчүлүктү пайдаланып, донорлордон келген акчаны бюджетке которуу максаттуу деп олойм.

Ал эми айрым донор уюмдардын өкүлдөрү бул багытта тишелүү ведомстволор менен макулдашуу иштери жүрүп жаткандыгын айтышууда. Алар качан, канча суммада жардам бере ала турганын ачыкташкан жок.

Орто эсеп менен алганда түштүктөгү кандуу кагылыштын кесепетинен үч миңге чукул имарат талкаланып, күйүп кеткен. Алардын айрымдары такыр керектен чыккан. Бул тууралуу коогалаң алып келген чыгымдарды аныктоочу комиссия башында турган, өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөн Чотонов билдирди:

- Күйүп кеткендердин ичинен 1800дөн ашууну турак-жай. Алардын ичинде көптөгөн мүлктөрү бар. Алардын ар биринин артында адамдар менен сүлөшүп, үйлөрүн бышык кыш менен же башкадан курулганын аныкташ керек болуп атат. Ал үчүн эркин баа берчүлөр бар, алар менен сүйлөшүш керек болууда.

Аталган комиссия өз жыйынтыктарын ушул айдын орто ченинде бермекчи. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрү аталган аймактарды калыбына келтирүү менен чектелбей, келечекте анын инфраструктурасын оңдоо, жаңы имараттарды, өнөр жай ишканаларын куруу, ал үчүн чет элдик инвесторлорду тартуу зарылчылыгын белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG