Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Илимий иштеги уурулук


Айрекс эл аралык уюму студенттер жазган илимий иштердеги плагиатты аныктоочу ыкмаларды Бишкектеги төрт жогорку окуу жайдын окутуучуларына көрсөтүп берди. Көпчүлүк кыргыз университеттеринде реферат, курсттук жана дипломдук даяр ишти Интернеттен көчүрүп алуу кадимки көрүнүшкө айланган.

Айгүмүш Бишкектеги университеттердин биринде 3-курста окуйт. Көпчүлүк студенттердей эле ал, сессия маалында Интернеттен даяр рефераттарды алып турат:

- Ал рефератты коргойбуз. Сураганда айтып беребиз. Кээде Интернеттен алып келген иштерибизди жаратпай койгон учурлар болот. Мисалы кээ бирлер 2000-жылдан кийин чыгарылган китептерди колдонгула дейт. Андан ылдый болуп калса жаратпай коет.

Айрекс эл аралык уюмунун өкүлү Жазгүл Арыкбаева жакында окутуучуларга плагиатты аныктоочу ыкмаларды көрсөтүп берген. Анын айтымында, Интернетте бекер реферат, курсттук жана дипломдук иштерди сунуш кылган сайттар жүз миңдеп саналат:

- Окутуучулар менен Интернеттен политологиядан бир курсттук ишти таап көрдүк. Аны студенттер сыяктуу эле таап, жумушчу столго көчүрүп, редакциялып бүткөнгө чейин беш эле мүнөттүк убакыт кетти. Студенттер материалдарды ушундай жеңил жол менен табышат.

Адатта тажрыйбалуу окутуучулар студенттердин эмгегиндеги плагиатты мындай атайын ыкмасы жок эле аныктап алса болоорун айтышат. Акылбек Чымыров Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин кафедра башчысы:

- Минтип текшерүүнүн деле кереги жок. Тажрыйбалуу окутуучу бир карап, бир-эки сүйлөмүн окуп эле билип коет.

Акылбек Чымыров эгер окутуучулар Интернеттен көчүрүлгөн иштерди аныктай алса, эмне үчүн жарата берет, деген суроого төмөнкүчө жооп берди:

- Эми албаш керек, антиш керек, минтиш керек, деген азыр так саясат жок. Интернетти колдонуунун жакшы дагы деле бар. Студент Интернеттен маалыматты издеп таап окушу керек. Бирок толугу менен көчүрүп алыш туура эмес, бул алтүгүл кылмыш болуп эсептелет.

Айрекс уюмунун өкүлү Жазгүл Арыкбаева студенттер арасында плагиат менен алектенгендердин санын азайтуу үчүн аларга жетишээрлик маалымат берилиши керектигин айтат:

- Көпчүлүк студенттерге маалымат жетпейт. Кээ бир студенттер алтүгүл плагиат эмне экенин билишпейт. Эгер мен сайттан көчүрүп алсам, ошону окуп барсам ал плагиат болуп эсептелбейт деп ойлошот. Ошондуктан университеттерди маалымат берчү иш-чараларды көбүрөөк жүргүзүшүбүз керек. Бул жерде биз студенттерди башка бирөөнүн интеллектуалдык жумушун урматтаганга тарбиялашыбыз керек.

Адисттер минтип илимий иштеги уурулук кылган студенттер санын азайтуу жолдорун ойлоно баштаган чакта, Интернет клубдарда реферат, курсттук жана дипломдук иш жаздырып, таап алып кетип жаткандардын аягы айрыкча сессия маалында суюлбай келет.

XS
SM
MD
LG