Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Ош: Студентке билим керекпи же акчабы?


Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында окуган студенттердин көпчүлүгү окуу менен бирге жашоо шартына керектелчү каражат табууга аракеттенишет

Соңку жылдары студент коомчулугу мыкты билим алууну же жакшы баага окууну негизги максат катары карабай, окуу мезгилинде эле ар кандай жумуштарга орношуп алууну эп көрүшөт. Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста билим алган Назгүл шаардагы кафелердин биринде дээрлик эки жылдан бери официант болуп иштеп келет. Ата-энесинен азын-оолак гана каражат алып, контракт менен күнүмдүк жашоосуна кетчү чыгымды өзү эле иштеп табат.

-Сабак түшкө чейин, түштөн кийин кечки саат он тогузга чейин иштейм. Сабакка иштен чарчап, кечинде кичине даярданам. Окуп иштегендин көп терс жактары бар, кыйналабыз, кардарлар бизде түштөнүүдө көп келишет, ошон үчүн бир сабакты таштап деле ишке келүүгө аргасызбыз. Биздин группанын жарымы иштеп окушат. Түнү иштегендер эртең менен сабака баралбай кыйналышат.

Бирок Назгүл ишине байланыштуу интернетке же китепканага баралбайт. Ал эми кышкы жана жайкы экзамен кезинде сабактарга даярданып убара болбой эле мугалимдерге бир айлык тапкан акчасын берип баа койдуруп алат:

-Мен иштеп жетишпей жатам десем, эжеке айтты анда акча бересиң деп. Макул дедим. Экзамендер акча менен бүтөт, бирок өзүм дагы курстарга барып, тил үйрөнүп билим алууга жетишпей жатканыма өкүнөм.

Ош шаарында Назгүл сыяктуу окуганча эле акча табуу үчүн аргасыз иштеп жаткан студенттер жүздөп саналат. Адистер студенттердин окуу менен ишти бирдей алып кетүүгө умтулганы алардын ден-соолугуна жана сабака жетишүүсүнө бир топ терс таасирин тийгизээрин айтышат. Психолог Акчач Жолдошева буларды айтты:

-Албетте, зыяндуу жактары бар. Себеби адамдын психологиялык, физиологиялык таасирденүүсү бул адамдын жеке ден-соолугунан көз каранды. Маселен темпараменти боюнча сангвиник, холерик студенттер жетишкенге аракет кылышат. Ал эми флегматик менен мелонхолик түрүндөгүлөр бир аз алсыз болот, алар алдыга койгон максаттарына жетпей калышат. Кыйналып, сабактарга жетишпей калышат.

Окуу менен кошо эле шаардагы жарнак агенттиктердин биринде иштеген Самат сабактан да жумушту зарыл деп билген студенттердин бири:

-Алган билимиң менен жумушка орношуу азыр кыйын болуп калды. Турмуш шартыбызга карап иштегенибиз эле жакшы деп ойлойм. Сабактан калып, уйкудан калып иштейбиз, бирок каражат зарыл да.

Саматтын айтымында анын көпчүлүк достору окуудан дагы жумушту зарыл деп билишет. Маселен алардын тайпасында жыйырма студенттин жарымы шаарда иштесе, ар бир тайпада сөзсүз түрдө Орусияда иштеп жүргөн эки-үч студент кездешет. Бирок соңку убакта бардык студенттердин оюнда сабакка келгени да келбегени диплом алууга болот деген ишеним пайда болуп калган дешет серепчилер.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG